Шашылыш кабар:

КСДП күчүнөн тайдыбы?

Апрель 16th, 2018 | by Бакыт Төрөгелди уулу
КСДП күчүнөн тайдыбы?
Саясат
0

Алмазбек Атамбаев менен болгон жолугушууга КСДП фракциясынын 37 депутатынын ичинен 19у барган. Ал арада аталган фракциянын ичинен жик кеткени, бөлүнүп жарылуу бар экени айтылууда. Муну фракция мүчөлөрү дагы жашырган жок.

Фарид Ниязов КСДП партиясынын төрага орун басарлыгынан кетти

КСДП партиясынын төрагасы, экс-президент Алмазбек Атамбаев менен Социал-демократтар фракциясынын депутаттары 16-апрелде «Ала-Арча» резиденциясында жолугушту. Интернет булактарында «экс-президент КСДПнын депутаттарына өкмөттүн Жогорку Кеңеште каралчу отчету тууралуу тапшырма берет» деген сөздөр тараган. Эл өкүлү Бакытбек Жетигенов жыйында бул маселе көтөрүлбөгөнүн айтып, ишендирди.

— Алмазбек Атамбаев президент кезинде фракция менен жолуккан эмес да. Эгер ошол кезде жолукканда КСДП өзүнүн партиясы болгондуктан туура эмес болуп калмак. Азыр эми президенттиктен кетти жолуга берсе болот. Бул жерде саясат жок. Өкмөт боюнча тигиге мындай кыл, минтип добуш бергиле, тигинткиле-минткиле деген нерсе жок. Жөнөкөй эле жумушчу жыйын. Эмне болуп жатат, эмне кемчилик, кандай артыкчылыктар бар.

Жыйында Алмазбек Атамбаев буга чейин президент Сооронбай Жээнбековдун дарегине айткан сындары боюнча түшүндүрмө берип, анын кадрдык жүрүштөрүнө нааразычылыгы бар экенин жашырган эмес.  Ошондой эле Фарид Ниязов КСДПнын төрага орун басарлыгынан кеткен экен. Бул тууралуу «Марал» радиосуна депутат Рыскелди Момбеков кабарлады.

— Өзүнүн орун басары болуп иштеп келген Фарид Ниязов мындан ары «Апрель» кайрымдуулук коомдук фондун жетектей турган болгондуктан төраганын орун басарлыгынан кетип жатат. Алмазбек Шаршенович «кийинки саясий кеңештин мүчөлөрү менен болгон жолугушууда бул орунга талапкер боюнча өзүңүздөрдүн сунушуңуздарды бергиле» деди. Кытайга барып келген иш сапары тууралуу да маалымат берди. Биз Алмазбек Шаршеновичке сиздердин кадамыңыздар кандай болот? Сооронбай Шарипович менен саясий мамилеңер салкындап кеткендиктен фракцияга, партияга деги эле бүтүндөй Кыргызстанга таасир этип жатканын айттык.

Аудио: Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков менен болгон маек

Алмазбек Атамбаев менен жолугушууга келген КСДП депутаттары

«КСДП бөлүнөбү убакыт көрсөтөт»

Социал-демократтар партиясынын лидери Алмазбек Атамбаев менен болгон жолугушууга КСДП фракциясынын 37 депутатынын 19у, башкача айтканда жарымы гана келген. Жыйынга фракция лидери Иса Өмүркулов жана депутаттар Абтандил Кулбараков, Данияр Аттокуров, Азамат Арапбаев, Анвар Артыков, Чыныбай Турсунбеков, Марат Аманкулов, Айнуру Алтыбаева, Бакыт Жетигенов, Мурадыл Мадеминов, Асель Кодуранова, Рыскелди Момбеков, Эльвира Сурабалдиева, Евгения Строкова, Альфия Самигуллина, Мухтарбек Айнакулов, Карамат Орозова, Сайдолимжон Жураев, Дастан Бекешевдор катышты.

Биздин Атамбаев менен болгон жыйынга катышпаган айрым эл өкүлдөрүнөн комментарий алуу аракетибизден майнап чыккан жок. Ушундан улам КСДП фракциясынан, деги эле партиянын ичинде ырк кеткени тууралуу сөздөр тарады. Муну фракция мүчөсү Чыныбай Турсунбеков дагы четке каккан жок.

— Бөлүнгөн-бөлүнбөгөнүн (партиянын, фракциянын) убакыт көргөзөт да. Азыр ушундай сөздөрдү айтканга анча-мынча негиздер болуп жатат окшойт. Бөлүнөбү-бөлүнбөйбү убакыт көргөзөт. Мисалы кайсы гана үй-бүлөдө талаш-тартыш жок. Телегейи тегиз экен. Болот эми ар кандай талаштар.

КСДП депутаттары менен Атамбаевдин жолугушуусу экс-президент менен учурдагы өлкө башчы Сооронбай Жээнбековдун ортосундагы нааразычык күчөп турган убакта болду.

Атамбаев 31-мартта КСДП партиясынын курултайынан кийинки жыйында Жээнбековдун дарегине ачуу сындарды айткан. Кийин Сооронбай Жээнбеков Атамбаевдин ишенимдүү кадрлары делген УКМКнын жетекчиси Абдил Сегизбаевди, Башкы прокурор Индира Жолдубаеваны кызматтан алган.

Жогорку Кеңештин депутаты Чыныбай Турсунбеков

Талдоочулардын тыянагы…

Саясат талдоочу Марс Сариев Жээнбеков Атамбаев тирешинен улам КСДП фракиясы экиге бөлүнүп калганын, бирок бул кыргыз саясаты үчүн пайдалуу экенин айтты.

— КСДП фракциясынын потенциалы азайып, рейтинги дагы түшүп жатат. Фракция ичинен бөлүнүп, бөлүнгөндө дагы регионалдык негизде бөлүнүп жатышпайбы. Ушул кырдаал жүрүп отуруп Кыргызстан үчүн ылайыктуу бир жагдай пайда болушу мүмкүн. Анда КСДП оппозициялык азчылыктагы фракция болуп, партия дагы оппозицияга кетип калса анда бизде конструктивдүү парламент болмок.  

Депутат Рыскелди Момбековдун айтымында «Ала-Арчадагы» жыйында Алмазбек Атамбаев президент Жээнбеков туура эмес иштерге барып жатканы боюнча маалыматтары бар экенин, ушундан улам кескин сындарды айтканын кошумчалаган. Ал муну Жээнбековду президенттикке өзү көрсөткөнүн жана анын иши үчүн жоопкерчилиги дагы бар экени менен түшүндүргөн. Ошондой эле депутаттар Атамбаевдин дагы өзүнө сын-пикирлерин айтышканын Момбеков кабарлады. Дагы бир саясат талдоочу Алмаз Акматалиев КСДП партиясынын ичиндеги ыйкы-тыйкы тууралуу буларга токтолду.

— Эгер бүгүнкү айтылган сөздөрдөн кийин КСДП тазаланып, стратегиялык жолун оңдоп, азыркы президенттин жакшы жагын жакшы деп конструктивдүү сын-пикир айтпаса КСДП партиясы өзүнүн саясаттагы таасирин жоготот. Бул турган нерсе.

КСДП фракциясынын парламентте 38 мандаты бар. Бирок фракция катарынан Жанар Акаевди чыгарып салгандан бери ал эркин депутат катары иштеп келет. Ал эми экс-президент Алмазбек Атамбаев 31-мартта Социал-деократтар партиясынын курултайында партиянын төрагасы болуп шайланган. 16-апрелдеги жыйында КСДП партиясын 2020-жылы боло турчу парламенттик шайлоого даярдоо маселеси дагы каралганы кабарланды. Ошондой эле мындай жыйындарды тез-тез өткөрүп туруу чечими кабыл алынган.

Comments are closed.