Шашылыш кабар:

Данияр Сыдыков: «Сапат» лицейлери жабылбайт

Апрель 16th, 2018 | by Орозгүл Арстанова
Данияр Сыдыков: «Сапат» лицейлери жабылбайт
Кыска кабар
0

 

Кыргызстандагы эл аралык «Сапат» билим берүү мектептери жабылбайт. Бул тууралуу Президенттин аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн жетекчиси Данияр Сыдыков билдирди.

«Сапат лицейлери жабылбайт. Түркия тарапка да белгилүү болгондой, учурда аталган мектептердин башкаруучулары кыргыз жарандары. Ошондой эле Билим берүү министрлиги да башкаруу кеңешинин курамына кирген»-деп билдирген Сыдыков.

Ошондой эле Сыдыков «Сапат» лицейлеринде учурда 11 миң окуучу билим алып жатканын жана ишмердүүлүгү мамлекеттин мыйзамдарына шайкеш экендигин кошумчалаган.

Эске салсак, буга чейин президент Жээнбековдун Түркияга болгон сапарында түрк президенти Эрдоган «Сапат» мектептери боюнча теманы козгогон. Анда ал аталган лицейлерди жабууну сунуштаган эле.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache