Шашылыш кабар:

Кутуев: Кызматкерди сабаган камалыш керек

Апрель 16th, 2018 | by Бурулай Шергазиева
Кутуев: Кызматкерди сабаган камалыш керек
Коом
0

Түп районунда жол кыймылын көзөмөлдөөчү кызматкерлерден качкан авто унаа кырсыкка учурап, кесепетинен бир киши көз жумду. Ал эми кызмат үстүндө болгон инспекторлор жергиликтүү тургундар тарабынан сабалып, ооруканага жаткырылды. Учурда бул ишке байланыштуу документтер Түп райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөө кызматына өткөрүлүп берилди. Негизи жол кыймылын көзөмөлдөөчү кызматкерлер кайсы учурда аңдууга жана кубалоого укуктуу? Кызмат учурунда кол салууга кабылса, кандай жоопкеричликке тартылышы керек? Төмөнкү материалда ушул суроолорго жооп издеп көрдүк.


Түп районунда жол кыймылын көзөмөлдөөчү кызматкерлерден качкан авто унаа кырсыкка учурап, бир киши көз жумду. Окуя 14-апрелде катталды. Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын берген маалыматына ылайык, Toyota Avensis унаасы атайы рейд учурунда кызматкерлер тарабынан токтотулганына карабай, баш бербей качып кеткендиктен, артынан аңдышкан. Бирок айдоочу рулду башкара албай кырсыкка учураган. Кесепетинен 1 киши каза болуп, айдоочу менен бир жүргүнчү ооруканага жаткырылган. Башкармалыктын басма сөз кызматынан Тилек Оторов маалымдагандай, жабырлануучулардын жакындары кырсыкка кызматкерлерди күнөөлөп сабап салган.

-Нөөмөт өтөп жаткан кызматкерлер эрежени бузган унаанын артынан аңдууга аракет кылган. Бирок көп өтпөй айдоочу рулду башкара албай, кырсыкка учураган. Анын кесепетинен 24 жаштагы жүргүнчү каза болгон.

Учурда бул иш Түп райондук Ички иштер бөлүмүнүн тергөө кызматына өткөрүлүп берилди. Тилек Оторов белгилегендей, бул жылдын эсебинен кызматкерге кол көтөргөн көрүнүш алгачкы жолу катталып жатат. Мурдагы ИИМ Өмүрбек Кутуев: «Мындай учурлар жазаланыш керек»,- дейт. «Анткени кызматкердин качкан айдоочунун артынан кууп баруусу мыйзам ченемдүү көрүнүш. Ал эми ал кылган кызматы үчүн элдин сабап кеткенин башаламандык»,- деп сыпаттайт.

Кол көтөргөндөрдү камоо керек. Антпесе биздин коом үйрөнүп калат. Инспекторлор ойногон жеринен токтоткон жок да.  Токтотконунун себеби бар. Эгерде ошол сабаган кишилер учурунда жазасын албаса, кийин чогула калышып, милиция кызматкерин сабап салууну адат кылып алышат. Башаламандык жасагандар жазасын алыш керек.

«Кызматкерлерге карата орой мамиленин болуп жаткандыгына кандайдыр бир деңгээлде алардын пайы бар»,- дейт МАИ кызматынын мурдагы башчысы Талант Исаев. Анткени кызмат учурунда орой мамиле жасагандыгы айрым учурда айдоочунун кыжырына тиерин белгилейт.

-Албетте, бейбаш жаштар дагы бар. Документ көрсөт десе кыжырын келтирет. Бирок адилеттүүлүк үчүн айтып коюш керек. Айрым учурда кызматкерлер өздөрү күнөөлүү. Орой мамиле жасап, өздөрү душман кылып алышат.

Исаевдин айтымында, кызматкерди уруп-сабоо туура эмес көрүнүш. Кызматкер автоунааны кууса же токтотсо, анын негизи бар. Себеби катуу ылдамдыкта айдаган айдоочулар талашсыз жол эрежесин бузат жана кырсыкка себепчи болот. Аны жогорудагы окуя да тастыктап турат.

-Эгерде токтоткон учурда баш ийбесе, алар артынан кууп барууга укуктуу. Токтобосо, демек ал айдоочу туура нерсе жасаган жок. Балким ал автоунаанын ичинде бир кылмышкер же, нарко бизнесмен бар. Балким курал алып кетип жаткандыр. Ылдамдык менен барып кырсыкка учурашы мүмкүн. Бирок мында дагы бир жагдайды эске алса болмок, артынан куубай, балким кийинки постко кабар берип кармаса да болот эле. Ал эми жакындарынын уруп кеткени туура эмес.

Маалыматка ылайык, кызматкерлерге кол салуу боюнча кылмыш иши козголду.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache