Шашылыш кабар:

Президент алган кызматкерди Исаков кайра кызматка дайындады

Апрель 16th, 2018 | by Анара Бакытбекова
Президент алган кызматкерди Исаков кайра кызматка дайындады
Саясат
0

Болот Сүйүмбаев Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча кызматынын төрагасы болуп дайындалды. Маалыматка ылайык, тиешелүү жарлыкка премьер-министр Сапар Исаков кол койду. Жакында эле президент Сүйүмбаевди берген арызынын негизинде УКМКнын төрагасынын орун басарлыгынан бошоткон эле. Анын кайра кызматка дайындалышы коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууга алынууда.


Өткөн жылдан бери Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча кызматын Замирбек Осмонов жетектеп келди. Аны Өкмөт башчы Сапар Исаков 16-апрелде кызматтан алып, ордуна Болот Сүйүмбаевди дайындады.

Буга чейин Болот Сүйүмбаев УКМКнын төрагасынын орун басары болуп иштеп келген. Ал өткөн аптада президенттин жарлыгы менен кызматтан бошотулган. Жаңы жетекчи мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин эң жакын адамдарынын бири катары белгилүү.

Коомчулукта Сүйүмбаевдин өкмөт башчы тарабынан кызматка дайындалышы ар кандай терс мүнөздө сындалууда. Саясат талдоочу Табылды Акеров Исаков жаңы жетекчини Атамбаевдин тапшырмасы менен дайындаганын белгилеп, экс-президент азыркы мамлекет башчыга эрегишип жатат дейт.

-Азыр Сапар Исаков коомчулуктун алдында өзүн премьер-министр катары таасирин жоготууда. Жакында өкмөт отставкага кетүүсү күтүлүүдө. Ал эми жаңы жетекчини дайындоо менен алар Сооронбай Жээнбековго таасир бере албайт. Президент Сүйүмбаевди жөн жерден эле кызматынан алган жок да.

Сүйүмбаев 2000-жылдардын башынан тартып экс-президенттин жансакчысы болгон. Ага  Алмазбек Атамбаев президенттиктен кетээр алдында генерал-майор наамын тапшырган. 48 жаштагы жаңы жетекчи Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясын аяктаган.

Анын эмгек жолу 1988-жылы «Кыргызфильм» студиясында актер жана каскадер болуп иштөө менен башталган. 2001-2007-жылдары Ички иштер министрлигинде иштегени айтылат. Бирок кайсы кызматта экени белгисиз.

Мындан улам Жогорку Кеңештин депутаты Табалды Тиллаев Сүйүмбаевдин Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча кызматын жетектөөсүн туура көрбөдү. Анын айтымында, аталган кызматка экономикалык билими бар жетекчи келүүсү керек. Ошол эле учурда өкмөт башчы отчет берген соң кадрдык өзгөрүүгө барса болмок.

Бул киши экономикалык жактан эч бир тажрыйбасы жок экен. Аталган кызматка келген жетекчи биринчиден ишкерлерибизге жардам көрсөтүш керек. Анан өкмөт башчы отчетту берген соң кадрдык өзгөрүүлөргө барса болмок.

Сүйүмбаевдин эмгек жолуна дагы кайрылып кетсек, анын мамлекеттик кызматкер катары карьерасы 2010-жылы башталган. Ал убактылуу өкмөттүн төрагасынын биринчи орун басары  Алмазбек Атамбаевдин кеңешчиси болгон. Андан соң 2012-жылы президенттин кеңешчиси болуп, ошол эле жылы УКМКнын тогузунчу кызматын жетектеген.

Саясат талдоочу Бакыт Бакетаев дүйнөлүк саясатта мындай көрүнүштөр кадыресе баалана турганын  белгилеп, өлкө жетекчилердин атаандашуусу менен өнүгүү болот дейт.

Азыр президент менен экс-президенттин ортосунда эки башка саясат жүрүп жатат. Мунун таасири элге тийбесе эле болду. Бирок ич ара башка көз караштар болуп келген, боло берет да. 

Эске салсак, Замирбек Осмонов 2017-жылдын 10-январынан тарта бүгүнкү күнгө чейин Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын төрагасы болуп иштеген. Учурда айрым маалымат каражаттары Осмоновду кошумча нарк салыгы боюнча козголгон кылмыш ишине байланыштуу жумуштан алынганын жазышууда.

Comments are closed.