Шашылыш кабар:

Борбор шаарда «Бишкек токой паркы» курулат

Апрель 16th, 2018 | by Талгат Мураталиев
Борбор шаарда «Бишкек токой паркы» курулат
Кыска кабар
0

«Бишкек токой паркы» курулса, борбордун экологиясы жакшырышына түрткү берет. Бул тууралуу калаа мэри Албек Ибраимов билдирди.

«Биз бул долбоорду 1980-жылдары түзгөн адистерге кайрылдык. Тилекке каршы ошол учурда Совет бийлиги урагандыктан долбоор толук каржыланбай калган. Учурда бул долбоорду кайра жаңылап жатабыз. Ал жерге кандай өсүмдүктөр отургузулат, аймактан өткөн суу каналдары баары каралды. Бул парк ишке кирсе борбордун экологиясынын жакшырышына түрткү берээри тууралуу эл аралык эксперттердин да бүтүмү бар»,- деди Ибраимов.

«Бишкек токой паркын» түптөө шаардын түштүгүндөгү Таш-Дөбө айыл аймагына (Туунун үстүнө) пландалып жатат. Парктын жалпы аянты 2 660 гектарга жетет.

 

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache