Шашылыш кабар:

Президент жакында Орусия менен Кытайга барат

Апрель 16th, 2018 | by Бахар Хакимова
Президент жакында Орусия менен Кытайга барат
Кыска кабар
0

Президент Сооронбай Жээнбеков май айынын ортосунда Орусияга Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин жыйынына катышуу үчүн барат. Бул тууралуу президенттин аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтуусунда, ЕАЭБке мүчө мамлекет башчыларынын жолугушуусу Сочи шаарында өтөт. Учурда ага даярдык иштери жүрүп жатат.

Мындан тышкары, июнда Кытайга расмий сапар пландалып жатканы, ал ШКУ саммитинин алдында болору да кабарланды.

Эске салсак, президент 9-11-апрель күндөрү расмий сапары менен Түркияда болгон. 11-12-апрель күндөрү Бельгиянын борбору Брюссель шаарына Европа союзунун институттарына жумушчу визит жасаган.

Comments are closed.