Шашылыш кабар:

Момбеков: Ниязов КСДПнын төрага орун басарлыгынан кетти

Апрель 16th, 2018 | by Бакыт Төрөгелди уулу
Момбеков: Ниязов КСДПнын төрага орун басарлыгынан кетти
Кыска кабар
0

Фарид Ниязов КСДП партиясынын биринчи төрага орун басары кызматынан кетти. Бул тууралуу экс-президент Алмазбек Атамбаев Социал-демократтар фракциясынын депутаттары менен жолугушууда айтканын депутат Рыскелди Момбеков «Марал» радиосуна кабарлады.

-Өзүнүн орун басары болуп иштеп келген Фарид Ниязов мындан ары «Апрель» кайрымдуулук коомдук фондун жетектей турган болгондуктан төраганын орун басарлыгынан кетип жатат. Алмазбек Шаршенович «кийинки саясий кеңештин мүчөлөрү менен болгон жолугушууда бул орунга талапкер боюнча өзүңүздөрдүн сунушуңуздарды бергиле» деди.

Момбеков кошумчалагандай Алмазбек Атамбаев партиянын саясий кеңешинин мүчөлөрү менен кийинки аптада жолугушуп, саясий кеңештин курамы боюнча талкуу өткөрөт.

Бүгүн КСДП партиясынын төрагасы Алмазбек Атамбаев Ала-Арча» резиденциясында парламенттеги Социал-демократтар фракциясынын депутаттары менен жолугушту. Анда өлкөдөгү учурдагы коомдук саясий-абал, партиянын ишмердиги талкууланган.

Comments are closed.