Шашылыш кабар:

Атамбаев менен КСДП депутаттарынын жыйыны аяктады

Апрель 16th, 2018 | by Бакыт Төрөгелди уулу
Атамбаев менен КСДП депутаттарынын жыйыны аяктады
Кыска кабар
0

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин Жогорку Кеңештеги Социал-демократтар фракциясынын депутаттары менен болгон жолугушуусу жыйынтыкталды. Бул тууралуу «Марал» радиосуна аталган фракциянын мүчөсү Бакытбек Жетигенов билдирди.

Анын айтымында жыйында КСДП партиясынын ишмердиги жана өлкөдөгү кырдаал талкууланган. Экс-президенттин депутаттар менен жолугушуусу эки саатка уланган. Ага фракциянын айрым мүчөлөрү катышкан эмес.

Жетигеновдун ишендиришинче жыйында өкмөттүн тагдыры тууралуу маселе козголгон жок:

— Өкмөт боюнча тигиге мындай кыл, минтип добуш бергиле, тигинткиле-минткиле деген нерсе жок. Жөнөкөй эле жумушчу жыйын. Эмне болуп жатат, эмне кемчилик, кандай артыкчылыктар бар.

Алмазбек Атамбаев менен КСДП фракциясынын депутаттары бүгүн «Ала-Арча» резиденциясында жолугушту. Атамбаев 31-мартта Социал-демократтар партиясынын төрагасы болуп шайланган.

Comments are closed.