Шашылыш кабар:

Финполдун төрагалыгына Болот Сүйүмбаев дайындалды

Апрель 16th, 2018 | by Бахар Хакимова
Финполдун төрагалыгына Болот Сүйүмбаев дайындалды
Кыска кабар
0

Болот Сүйүмбаев Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын төрагалыгына дайындалды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Тийиштүү буйрукка өкмөт башчы Сапар Исаков кол койгон.

Бүгүн, Жогорку Кеңештин бюджет жана финансы комитетинде депутат Таабалды Тиллаев аталган кызматка жаңы төрага дайындаларын айткан.

Болот Сүйүмбаев буга чейин УКМКнын төрага орун басары болуп иштеген. Ал 7-апрель күнү президенттин жарлыгы менен кызматтан бошотулган.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache