Шашылыш кабар:

Исаков: Аңчылык коррупцияланышып кеткен

Апрель 16th, 2018 | by Бакыт Төрөгелди уулу
Исаков: Аңчылык коррупцияланышып кеткен
Күн Чабыт
0

Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги айрым жаныбарларга болгон аңчылыктын баасын көтөрүүнү сунуштап жатат. Аталган агенттик бул сейрек кездешкен жаныбарларды сактап калууга жана бюджетке кошумча каражат алып келүүгө түрткү болот деп ишендирүүдө. Биз ушул теманын айланасында Жогорку Кеңештин экс-депутаты Эсенгул Исаков менен «Күн чабытта» маектештик.

Марал: Аталган агенттик Марко Полого, памир аркарларына болгон аңчылыктын баасын 450 миң сомдон, 700 миң сомго, тоо эчкисине болгон аңчылыкты 70 миң сомдон 100 миң сомго көтөрүүнү сунуштап жатат. Башка жаныбарларга болгон аңчылык баасы көтөрүлгөн эмес. Алар айтып жаткан бюджетке болгон кошумча каражат жана жаныбарларды сактап калуу убадасы канчалык чындыкка жакын?

Эсенгул Исаков: Бул боюнча мен Жогорку Кеңеште депутат болуп турганда Агрардык комитетте мыйзам долбоору иштелип чыгып, кабыл алынган. Анда курал-жарак жана жаныбарлар бардыгын кошуп комплекстүү мыйзам иштеп чыкканбыз. Ошондо Марко Поло боюнча иликтөө кылганыбызда аркарларга аңчылык кылуунун баасы Тажикстанда 2 эсе кымбат, бизде 2 эсе арзан болчу.

Бул жерде чоң коррупция бар жана кызыл китепке кирген жаныбарлардын жоголушуна алып келет деген чечимге келгенбиз. Анткени Кыргызстандан жаныбарларды атып алып эле Тажикстанга саткан учурлар бар. Кыргызстанда аңчылыкка уруксат берилген үчүн өз өлкөсүнөн аңчылык кылбай, бизге келип аткандар дагы көп экен. Алардан калганын браконьерлер атат экен. Ушунун баарын эске алганда кызыл китепке кирген жаныбарларга аңчылык кылууга тыюу салуу керек деген сунуш актуалдуу болуп келет.

Марал: Марко Полого, памир аркарларына болгон аңчылыктын баасын 450 миң сомдон, 700 миң сомго, тоо эчкисине болгон аңчылыкты 70 миң сомдон 100 миң сомго көтөрүүнү сунуштап жатат. Бирок бул каражат океандын ары жагынан аңчылык кылууга келген ышкыбоздор үчүн акча деле эмес да.

Эсенгул Исаков: Албетте бул аларга акча деле эмес. Эгер көтөрө турган болсок сумманы эбегейсиз, көбүрөөк кылып көтөрүш керек. Болбосо 10 жыл болобу, 15 жыл болобу аңчылыкка тыюу салыш керек. Курчап турган чөйрөнү коргоо агенттиги болсо «бизде карыган жаныбарлар бар. Аларды атып турушубуз керек» деп жатат. Бизде алардан башка кырышкыр, илбирс деген жырткыч жаныбырлар бар да. Алар өзүлөрү эле табияттын мыйзамы менен карыгандарын, оорулууларын жеп коёт.

Азыр мергенчилик менен алектенген ишканаларды кыскартабыз деп жатышат. Бул жакта дагы коррупция бар экен. Мергенчиликке ыктуу жерлерди, аймактарды коррупциялык жолдор менен сатышканын айтып, даттангандар көп. Жер бөлүштүргөн органдарга өзүлөрүнүн кишилерин коюп койгон учурлар арбын.

Аңчылык кылууда жергиликтүү бийлик менен иштешүү жөнүндө мыйзам да чыгарганбыз. Анда айыл өкмөт, жергиликтүү кеңештин депутаттары аңчылыкка уруксат алган компания менен сүйлөшүп, бир пикирге келмейинче жаныбарларды атууга эч убакта уруксат берилбейт. Бирок азыр ал мыйзамды кыйгап өтүп эле жатышса керек. Ошондуктан коомдук көзөмөлдү күчөтүшүбүз керек.

Марал: Жогорку Кеңеш аңчылыкка убактылуу мораторий киргизүү жөнүндө мыйзамды кабыл албай койду эле. Жылдан-жылга саны азайып бара жаткан аркар, кулжа жана башка жаныбарларды сактап калуунун дагы кандай жолдору бар?

Эсенгул Исаков: Бул жерде жергиликтүү бийликтин ролун аябай жогорулатыш керек. Антпесе лицензия берилди деп эле барып жаныбарларды атып жатышса жергиликтүү бийлик эч нерсени деле билбей калышат. Мыйзам бар бирок ал канчалык иштеп жатат ким билет. Ошондуктан аларга барып силердин ушундай укугуңар бар деп маалымат жагынан жардам бериш керек. Сейрек жаныбарлар кездешкен аймактарда дайым окуу жүргүзүп туруу зарыл.

Фото: Жогорку Кеңештин экс-депутаты Эсенгул Исаков

Comments are closed.