Шашылыш кабар:

Исаков: Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүүдө жаштардын орду чоң

Апрель 15th, 2018 | by Түмөнбай Абдинаби уулу
Исаков: Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүүдө жаштардын орду чоң
Билим жана Маданият
0

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын өтүүсүнө жаш ыктыярчылардын салымы чоң. Чет элден келген туристтер өлкө тууралуу кандай пикирде калары алардын аракетинен көз каранды. Мындай пикирин премьер-министр Сапар Исаков Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүү үчүн кабыл алынган ыктыярчылар менен болгон жолугушууда айтты. Өкмөт башчы өз сөзүндө тандалган жаштардын жоопкерчилиги бийик экендигин да белгилеп, төмөнкүлөргө токтолду.

-Дүйнөдө биздин Оюндардын аналогу жок, Кыргызстан Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын демилгечиси болуп калды. Биздин оюндар келечекте Олимпиадалык оюндар катары ийгилике ээ болооруна менин ишенимим чоң. Өзгөчө, волонтерлордун ишин белгилеп кетким келет, алардын катышуусусуз Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын элестетүү мүмкүн эмес. Силер менен биз – бир командабыз.

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын башкы максаты спорттук оюндарды эмес кыргыздын маданиятын таанытуу болуп саналат. Ошол себептүү сырттан келген коноктор элдин тамак-ашын, салт-санаасын билгенге кызыгат. Маданият, маалымат жана туризм министри Султан Жумагулов мындай ири масштабдуу иш-чарага жаштардын да кызыгуусу артып, кол кабыш кылып жатканы кубандырарын айтты. Алар Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүүдө бир катышуучу катары кызмат кылып, өзүнүн ичинде: «Мекенге кызмат кылдым дегендей ой пайда болот»,— дейт.

-Жаштарыбыз бул иш-чарага катышуу менен өзүнүн мекенине болгон сүйүүсүн, мекенчилдигин тарбиялап жатат. Ата салтты өз көздөрү менен көрүп, кошо аралашып, Кыргызстандагы чоң саамалыкка кичинекей үлүшүн кошуп жатышат. Алардын жүрөгүндө “мен мамлекеттик иш-чарага өз салымымды коштум” деген ой пайда болот.

Бул иш-чара каалоочулардын арасынан тандалып алынган ыктыярчылар менен укуктук келишим түзүү максатында өткөрүлдү. Анда 3500 талапкердин ичинен 550 ыктыярчы тандалып алынган. Алар эми III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын өтүүсүнө өз салымдарын кошушмакчы. Жаш өкүлдөрдү тандоо үчүн атайын жобо иштелип чыгып, ага ылайык, ыктыярчылардын жашы 18ден жогору болуп, кыргыз тилинен башка кошумча бир тил билүүсү талап кылынган. Ошондой эле анын лидердик сапаты да эске алынган. Мындай маалыматты III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын уюштуруу жана өткөрүү боюнча катчылыгынын ыктыярчылар менен иштөө бөлүмүнүн координатору Таалайбек Бердиев айтты.

-Тандалып алынган 550 ыктыярчынын ичинен 40ка жакынын эл аралык жаштар түзөт. Быйылкы жылды президентибиз “аймактарды өнүктүрүү жылы” деп жарыялаганына байланыштуу айыл жерлерин кыдырып келгенбиз. Жолугушуулардын негизинде 60ка жакын ыктыярчылар аймактардан келүүсү күтүлүп жатат.

Алия Эргешова 2016-жылы өткөн II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында да жаш ыктыярчы катары өз салымын кошкон. Бул жолкусунда да талапкер болуп, тандалып алынды. Аны кызыктырганы — Кыргызстандан мындай чоң демилгелүү иш-чаранын өтүп жатканы. Алия АКШда окуп келгени үчүн мекендин кадырын жакшы билерин айтып, жаштарга өз кеңешин да берип өттү.

-2016-жылдагы Көчмөндөр оюндары башталып жатканда мен АКШда жүргөм. Сыртта жүргөндө өз өлкөңдү абдан сагынат экенсиң. “Ушундай оюндар өткөнү жатат” дешкенде, абдан кызыккам. Мени улуттук негизде өтүп жатканы өзүнө тарткан. Кийин өтө турчу оюндарга да калган жаштарды салым кошуп, “өз өлкөңөрдү колдогула” деп айтым келем.

Кошумчалай кетсек, III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2018-жылдын 2 – 8-сентябрында Ысык-Көлдүн жээгинде өтөт.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache