Шашылыш кабар:

Асад: Сирияны калыбына келтирүүгө 400 миллиард доллар керектелет

Апрель 15th, 2018 | by Талгат Мураталиев
Асад: Сирияны калыбына келтирүүгө 400 миллиард доллар керектелет
Дүйнө кабарлары
0

Сирия президенти Башар Асад Орусиялык депутаттар менен болгон жолугушууда Сирияны калыптандырууга 10-15 жыл убакыт кетээрин жана 400 миллиард доллар керектеле турганын билдирди.

«Инфраструктураны калыбына келтирүү үчүн кеминде 400 миллиард доллар керектелет. Бул 10-15 жыл убакытты алат»,- деди Асад.

Эске салсак, Сирияда коогалаң башталгандан бери 470 миң адам курман болгон. Мындан тышкары, 117 миң адам дайынсыз жоголгон. Мамлекет 84,6 млрд. доллар материалдык чыгымга учурап, 27 438 мекеме талкаланган.

Калктын саны 2010-жылы 21 миллион болсо, 2016-жылдын аягында 18 жарым миллионду түзүп калды. Ички миграция 7 жарым миллионго жетсе, өлкөнүн сыртына көчүп кеткендер 5 миллиондон ашкан. Качкындардын көпчүлүгү Түркия, Ливан, Иорданияга жайгашышкан.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache