Шашылыш кабар:

Кыргызстанда  үч абакты жоюу сунушталды

Апрель 15th, 2018 | by Талгат Мураталиев
Кыргызстанда  үч абакты жоюу сунушталды
Кыска кабар
0

Мамлекеттик жаза аткаруу кызматы №35, 37 жана 48 жаза өтөө абактарын жоюуну сунуштады. Бул долбоор коомдук талкууга коюлду.

Аталган кызматтын кабарлашынча, бул абактардын аймагы тар жана инфраструктурасы өнүкпөгөндүктөн, кылмышкерлерди ал жерде кармоо көйгөй жаратып келет. Мындан тышкары, абактын 50%ы гана колдонулууда.

Эгер бул долбоор ишке ашса, №35 жана 37 абактар №32 абактын карамагына өтөт. Ал эми №48 абак №26 абакка өткөрүлөт.

Жоюлган мекемелер “пробация жөнүндө” мыйзамга ылайык күч органдарынын ишмердүүлүгүнө шарт түзүү үчүн колдонулат. Аталган мыйзам 2019-жылдан тарта  ишке кирет.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache