Шашылыш кабар:

Динде: «Араб тилин билбесең, бейишке кире албайсың», — деген түшүнүк жок

Апрель 15th, 2018 | by Айжамал Худайбердиева
Динде: «Араб тилин билбесең, бейишке кире албайсың», — деген түшүнүк жок
Босого
0

«Марал» радиосунун “Босого” программасынын бул жолку коноктору И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин теология колледжинин мугалими Майрамбек Жумалиев жана Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын кызматкери Эсенгелди Жумакунов менен жарандуулук жана кайдыгерлик тууралуу ой бөлүштүк. Берүүнү саясат талдоочу Орозбек Молдалиев алып барды.

Долбоор «Демократия жана дин»: Тең жана байистүү добуш аркылуу баарлашуу» долбоорунун алкагында даярдалды. Анын башкы максаты — Кыргызстанда бирдиктүү демократиялык коомду тарбиялоо жана буга кызыктар болгон тараптарды тартуу. Айрыкча жаштардын радикалдашуусуна жана экстремизмге кошулушуна бөгөт коюу болуп саналат.

Жумалиев:

Адамдар кандай динде, түшүнүктө болбосун биргеликте ынтымакта жашай алат…

Жарандуулукту диний көз караштар менен кароодо Ислам тарыхына көз жүгүртсөк болот. Пайгамбарыбыз (с.а.в.) Меккеден Мадина шаарына көчүп келген учурда түрдүү диндеги адамдар менен макулдашып, келишим түзгөн. Ал келишим сырттан келе турган күчтөргө каршы жана өз ара биримдик кандай болоору тууралуу эле. Демек адамдар кандай динде, түшүнүктө болбосун биргеликте ынтымакта жашай алат. Аны мусулманчылык колдойт. Тарыхта кызыктуу окуялар бар. Мусулмандар бир шаарды басып алган соң, кол астында иштегендерден салык ирээтинде акча алчу.  Аны элди башка душмандардан коргоо кепилдиги менен алышкан. Византия империясы кол салган учурда «силерди коргой албай жатабыз» деп мусулман болбогондордун акчасын кайтарып беришкен. Адилеттүү бийлик элдин бакубат жашоосуна өбөлгө болот. Элде өлкөнүн атуулубуз деген сыймыктануу сезими, биримдик пайда болот. Мусулмандар мусулман болбогондордун бийлигин жүрөгүнө көп жакын көрбөйт. Германиянын мисалында айтсам, түрктөр өзү курган мечитке, арабдар өзүнүн, кыскасы ар бир улут өзү курган ибадатканаларга барышат. Алар момун мусулман катары аралашып кетпегенин көрөсүз. Ага тил, маданият, менталитет себеп болушу мүмкүн. Пайгамбарыбыз (С.А.В) өз хадисинде: «Силер ыйман келтирмейинче бейишке кире албайсыңар. Бири-бириңерди сүймөйүнчө (толук) ыйман келтире албайсыңар»,- деп айтат. Мусулмандардын бири-бири менен түшүнө албоосуна турмуштук түрдүү маселелер, жагдайлар себеп болушу мүмкүн. Улуттар аралык ынтымактын алсыздыгы мусулмандардын бири-бирине болгон мамилеси салкын экенинен кабар берет.

Кыргыздар уруулардан куралат деп жашаганыбыз оң…

Өлкөдө болгон ар бир маселе жарандарды түйшөлтүшү керек. Бирок биз уруучулукка чейин бөлүнүп кеткенбиз. Болбосо кыргыздар урууларга бөлүнөт эмес, уруулардын куралат деп жашашыбыз керек болчу. “Түштүктөн келиптир”, “түндүктүк экен” деген жагымсыз көрүнүштөрдү көп байкайбыз. Өлкөдөгү башка улуттарга үлгү боло албай жатабыз. Алар кыргыздар менен байланышы жакшы болсо, анда биз таңуулабасак да  кыргыз тилин суктануу менен өздөрү үйрөнмөк. Башка улуттун өкүлдөрү менен жакшы тил табышып, керек болсо куда болуп, бир улут сыяктуу ынтымакта жашай алабыз. “Кандай болсоңор ошондой башкарыласыңар” деген хадис бар. Сүт кандай болсо, каймагы ошондой болот дегендей эле сөз. Бул жагдайды билим берүү жолу менен ойлонсок болот. Алсак, өлкө аймактарынан чогулуп бир мектепте окуган балдар бат интеграция болуп кетишет. Практика көрсөткөндөй, мындай балдар бири-бирин бөлбөй, дос сыяктуу жашап, башка улуттун тилин дагы үйрөнөт экен. Эл өзүн оңдошу зарыл, оюу бирдиктүү болсо, аралашуу жеңилдейт.

Кыргыз тилин башка улуттун өкүлдөрү жок кылбайт…

Биздин тилди башка улуттун өкүлдөрү жок кылбайт. Маселе тилдин канчалык колдонулуп, өркүндөшүндө. Нарын сыяктуу аймактарда адабий тил колонулуп жатат. Бирок ири шаарларда айласыздан, балким интернет же сырттагы билим берүү таасир этиши мүмкүн. Динди араб тилинен үйрөнгөн жакшы. Бирок араб тилин билбесең Бейишке кире албайсың деген түшүнүк жок. Куранды үйрөнүп, элге анын маанисин кыргызча эле түшүндүрөбүз. Динибиз буга тыюу салбайт. Кыргыз тили бай, андыктан бүгүн колдонуп жаткан арабча терминдерди эне тилдин сөздөрүнө алмаштырсак болот. Ал эми “намаз”, “орозо”, “зекет” “садака” деген сөздөр кыргыз тилине сиңген, болбосо алар дагы арабча. Диний сөздөрдү колдонуу менен тилди байытсак болот. Ибадат кылып жатканда сүрөлөр түп нускасында окулушу шарт. Курандын маанисин ар өз тилине которуп алса болот. Дин аалымы Фетхуллах Гүлен: “Толеранттуулук – бапшкалар кандай болсо аларды ошондой кабыл алуу” деп түшүндүрөт. Анын пикиринде, адам ар кандай тилде сүйлөп, башка динди тутунса да аларды сый мамиледе кабыл алышыбыз керек. Башка коом менен ынтымакта жашай ала турганыбызды билгилейт. Толерантуулукту көпчүлүк башкача түшүнүп, башка коомго окшошуп жашоо катары кабыл алат. Бирок чындыгында андай эмес.

Жумакунов:

Жарандуулук мекенди сүйүү, мамлекеттин мыйзамдарын сыйлоо менен башталат.

Жарандуулук — мамлекетке байланыштуу түшүнүк. Ал улуттук мамлекеттердин түзүлүшү менен Батыш Европада пайда боло баштаган. Падышалык башкаруудан кутулуп, жарандардын бийликке аралашуусу, мамлекетти түзүүгө катышуусу менен калыптанып бүгүнкү күнгө чейин келип жетти. Жарандуулук мекенди сүйүү, мамлекеттин мыйзамдарын сыйлоо менен башталат. Ошондой эле атуул катары жашап жаткан өлкөсүнө салым кошуусу, укуктарын билүүсү, милдеттерин аткаруусу жана саясий-маданий деңгээлинин өсүшү менен жарандуулук түшүнүгү пайда боло баштайт. Мындай түшүнүккө ээ болгон адамдар жарандуулукка салым кошот. Мыйзамдан сыркары, маданият, билим тармагындагы жетишкендиги менен өлкөнүн өсүп-өнүгүүсүнө, жарандуулуктун калыптануусуна жардам берет. Алсак, Европада жарандар активдүү болуп көйгөйлөрдү чечишкен. Эл адилеттүүлүктү талап кылганда гана маселелер чечилген. Жарандуулукту түшүнбөгөндөр өзүн барган өлкөнүн жараны катары эсептебейт.

Интеграциянын жоктугунан террористтер чыгып жатат…

Батышта көп жылдан бери демократиянын нугунда калыптанып келе жатканы менен ал жакта да этникалык жана башка маселелер бар. Алсак, Испаниянын Каталония аймагы өзүнчө бөлүнүүгө аракет кылды. Улуу Британиянын карамагындагы аймактар өзүнчө бөлүнүп жашоону каалашат. Франция улуттук мамлекет түзүүнүн улуу үлгүсү болгону менен мындай бөлүнүүлөр, адилетсиздиктер бул өлкөдө болгонуна күбө болгонбуз. Батышта унутта калып бараткан тилдерди жандандыруу, маданиятты калыптандырууда мурда кеткен кемчиликтерди кайра оңдоого аракет кылып жатышат. Жалпылап айтканда, мусулмандарда, демократия дегенде Исламга каршы деген түшүнүк бар. Батыштагы мусулмандардан да муну көрсөк болот. Алар мигрант болуп барган өлкөсүн көпчүлүк учурда жаман көрүшөт. Мурдагы колониялык режимдин дагы таасири бар. Бирок ошол эле мезгилде коомго аралашып, интеграция маселеси келип чыккан. Дал ушул интеграциянын жоктугунан террористтер чыгып жатат. Айрым илимпоздор еврейлер менен мусулмандардын ортосунда түзүлгөн келишимди Конституция катары баалашат. Себеби еврейлер — арабдардан башка өзүнчө этникалык топ. Ошол эле мезгилде араб тилин үйрөнүп, мусулман болгула деген кысым жок. Болгону мамлекетти чогуу коргоо кызыкчылыгы бар. Бул — демократиянын принциптерине дал келген түшүнүк. Террористтер Батышты Исламга каршы душман катары таанып алгандыктан чыгып жатат.

Этникалык маселелердин алдын алуу үчүн башка улуттун өкүлдөрүнө кыргыз тилин үйрөтүү зарыл…

Этникалык маселелердин алдын алуу үчүн өлкөдөгү башка улуттардын өкүлдөрүнө кыргыз тилин үйрөтүү керек. Ошондо гана интеграцияга шарт болот. Этникалык топтун өкүлү кыргызча сүйлөсө кыргыздар дагы ага эч нерсе кылбай, жек көрүү сезими жоголот. Ошондуктан кыргыз тилин үйрөтүүнү этникалык азчылыкка кысым көрсөтүү катары түшүнбөшүбүз керек. Тескерисинче, тил үйрөтүүнү аларды коомго аралыштырып, өзүбүзгө тартуу деп ойлошубуз зарыл. Кыргызстандагы башка улуттун өкүлдөрү тил үйрөнүүгө шарт түзүп берүү боюнча пикирлерин айтышууда. Ошондуктан башка улуттун өкүлдөрүнө жумуш берип, социалдык жактан көтөрүлүүсүнө тоскоолдук жараптасак, алар өзүн өлкөнүн жараны катары сезе баштаса, сепаратисттик маанайынын күчөшүнө жол берилбейт. Бул мамлекеттин өнүгүүсүнө алып келет. Алсак, Америка этникалык топтордон түзүлгөн мамлекет болгонуна карабай, эң алдыңкы өлкөлөрдөн. Себеби Американын жарандары англис тилин өздөштүрүп алган.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache