Шашылыш кабар:

Президенттин эл менен чогуу учушу чоңдорго белги болду

Апрель 15th, 2018 | by Бакыт Төрөгелди уулу
Президенттин эл менен чогуу учушу чоңдорго белги болду
Саясат
0

Президент Сооронбай Жээнбеков 14-апрель күнү Бишкектен Ош шаарына катардагы авиакаттам менен учкан. Бул тууралуу теле алып баруучу Нурсултан Майназаров өзүнүн социалдык баракчасына видео жүктөдү. Анда Майназаров «биздин президентибиз биз менен бирге учуп баратат» деп айткан. Бул 14 секунддук видео учурда интернет колдонуучуларынын эң көп талкуулаган темасына айланды. Ушул эле күнү президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү Жээнбеков катардагы каттам менен Ошко барганын тастыктады. Маалымат боюнча президент 2017-жылы каза болгон бир тууган агасынын жылдыгына кеткен.

Өлкө башчы учакта үч гана киши менен бара жатканы айтылууда. Сооронбай Жээнбековдун ашыкча жан-жөөкөрсүз, жөнөкөй гана учак менен карапайым калкка аралашып Ошко барганын ар ким ар кандай баалап жатат. Жогорку Кеңештин депутаты Эльвира Сурабалдиева «президенттин бул кадамы эң ириде бюджеттен кеткен кошумча чыгымдын алдын алып, аткаминерлерге болгон белги болду», — дейт.

— Бул мага окшогон жана башка депутаттар менен мамлекеттик чоң кызматта иштеген адамдар үчүн «элден алыстабагыла» деген чооң бир белги болду. Экинчиси менин билишимче Сооронбай Шарипович саат 8ден эртерээк жумушка келет экен. Демек шеф сегизде жумушка келсе администрациясында иштеген кызматкерлери дагы ошол убакытка келип калганга аракет кылышат да. Бул түшүнгөн киши үчүн «түшкө чейин уктабай, жумушка эрте келгиле» деген чоң белги.  

Маалымат боюнча Сооронбай Жээнбеков кичи мекени Кара-Кулжа районуна Өзгөн аркылуу кеткен. Бирок президенттин келгени боюнча жергиликтүүлөр байкаган эмес. Эске салсак Жээнбеков президент болуп шайлангандан бир ай өтүп-өтпөй анын кортежи өтчү «өкмөттүк трасса» деп аталган Чыңгыз Айтматов проспектисин толук жабууга тыюу салган.

Ал эми буга чейин экс-президент Роза Отунбаева өлкөнү башкарып турган учурда ал Америкага каттардагы авикаттам менен учуп барганы кызуу талкууга алынган. Президенттердин жөнөкөй жарандар менен кадимки эле каттам менен учушу бюджеттен бир топ эле каражатты үнөмдөп калаарын айткандар арбын. Жарандык активист Мирсулжан Намазалиев өлкө башчынын айланасында айтылып жаткан сөздөр боюнча ой бөлүштү.

-Президент Сооронбай Жээнбековдун Ошко катардагы учак менен учуп барышы албетте коомчулук үчүн жагымдуу көрүнүш. Муну жарандар, интернет колдонуучулары жактап жаткандан кийин бул башка чиновниктерге дагы сабак болсо керек. Бирок бул бир гана болгон иш болдубу же президент дайыма эл менен чогуу учууну пландап жатабы бул чоң суроо.

Башка өлкөлөрдүн президенттери бир эмес бир нече жолу же ар дайым кадимки авиакаттам аркылуу учкан мисалдар көп эле. Маселен 2017-жылы Сербиянын президенти Томислав Николичтин Минскке учакта элдер менен чогуу учуп келген сүрөтү тарап, ал азыркыга чейин үлгү алчу президент катары сыпатталып келет. Негизинен Европа өлкөлөрүнүн өлкө башчылары катардагы каттамдар менен жүрүшөт.

Сербиянын президенти Томислав Николич

Бул боюнча Литванын президенти Даля Грибаускайтени, Финлянданиянын президенти Тарью Халонендини, Италиянын башчысы Серджо Маттарелланы, Польшанын президенти Анджей Дуданы мисал кылса болот. Ал эле эмес Молдованын башчысы Игорь Додон бара турчу жерине учагы бар кесиптештери менен жетип алган учурлары болгон. Экс-депутат Өмүрбек Абдрахманов болсо Кыргызстанда аткаминерлер уча турчу учактарды жок кылууну сунуштады.

— Сооронбай Жээнбеков Ошко мамлекеттин иши менен барган жок.  Өзүнүн жеке иши менен барып жатат. Мамлекеттин самолету менен барса уят болмок. Ал киши туура кылыптыр. Киши башына болгон кирешени алганда Европадагы эң бай мамлекет бул Норвегия. Ошол өлкөнүн премьер-министри аял киши экен, ал эконом-класс менен учуп жүрөт. Кечээ эле бай мамлекеттердин катарына кирген Финлянданиянын президенти Европага катардагы рейстеги учак менен барып-келип жатат. Биз эгер демократиялык система курабыз десек мамлекеттик самолет дегенди жок кылышыбыз керек.

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбековду 1993-жылы өндүрүштөн чыккан Ту-154 учагы тейлейт. Дагы бир кызыктуу маалымат
Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон бюджетти үнөмдөө үчүн жеке учак сатып алуудан баш тартып, жеке авиакомпаниянын кызматынан пайдаланат. Орусиянын өлкө башчысы Владимир Путинди ташыган Ил-96 учагын коомчулук «асмандагы Кремль» деп атап коюшкан. Учактын ичинде бир нече иш бөлмө, чакан спорт зал жана жыйындар залы бар.

Comments are closed.