Шашылыш кабар:

Орусия Араб Лигасы менен кызматташат

Апрель 15th, 2018 | by Талгат Мураталиев
Орусия Араб Лигасы менен кызматташат
Дүйнө кабарлары
0

Орусия президенти Владимир Путин Араб Лигасына кирген мамлекеттерге аймактагы коопсуздукту камсыздоо үчүн кызматташууга даяр экенин билдирди. Бул тууралуу президенттин сөзүнө таянып РИА новости жазып чыкты.

«Орусия аймактагы коопсуздукту камсыздоомаксатында Араб Лигасы менен кызматташууга даяр. ИШИМ уюмунун Сирия жана Ирак аймагындагы негизги күчтөрү талкаланды. Эми аймакта саясий туруктуулукту калыптандырууга бирдиктүү салымыбызды кошсок болот»,- деп айтылат президенттин сөзүндө.

Путин Жакынкы Чыгыштагы туруктуулукту Палестина маселесин толук чечмейинче узак убакытка чейин камсыздоо мүмкүн эмес экенин кошумчалады.

Эске салсак, Бүгүн, 15-апрелде Араб Лигасынын саммити Сауд Арабиянын Дахран шаарында өтүп жатат. Жыйында Сириядагы акыркы кырдаал негизги тема катары талкууланат. Мындан тышкары Ливия, Йемен жана Палестинадагы туруксуздуктар да талкууланмакчы.

Comments are closed.