Шашылыш кабар:

Сирия режими Чыгыш Гутаны көзөмөлгө алды

Апрель 15th, 2018 | by Талгат Мураталиев
Сирия режими Чыгыш Гутаны көзөмөлгө алды
Дүйнө кабарлары
0

Сирия бийлиги бир нече жылдан бери көтөрүлүшчүлөрдүн карамагында болуп келген Чыгыш Гута аймагын толук көзөмөлгө алганын жарыялады. Бул тууралуу Сириянын Коргоо министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык,»Жайшуль-Ислам» жихадий тобу жана алардын үй-бүлөлөрү шаардан чыгып кеткени белгилүү болду. Алардын саны 20 миңге жакын болуп, Сириянын түндүгүндөгү түрк армиясы көзөмөлдөгөн аймакка чыгарылды.

Эске салсак, Чыгыш Гутадагы Дума шаарында Асад режиминин химиялык куралдары бар деген шылтоо менен АКШ, Улуу Британия жана Франция өлкөлөрү 14-апрелдин таңында ракета аркылуу сокку урушкан. Ракеталардын саны 100дөн ашаары айтылган. Алардын бир нечесин Орусия ракеталары бутага жеткирбей жокко чыгарды.

Comments are closed.