Шашылыш кабар:

Араб Лигасы Сирия маселеси боюнча саммитке чогулду

Апрель 15th, 2018 | by Талгат Мураталиев
Араб Лигасы Сирия маселеси боюнча саммитке чогулду
Дүйнө кабарлары
0

Бүгүн, 15-апрелде Араб Лигасынын саммити Сауд Арабиянын Дахран шаарында өтөт. Жыйында Сириядагы акыркы кырдаал негизги тема катары талкууланат. Мындан тышкары Ливия, Йемен жана Палестинадагы туруксуздуктар да талкууланмакчы.

Анткен менен кече күнү АКШ, Улуу Британия жана Франциянын Сирияга болгон ракеталык чабуулдары боюнча араб өлкөлөрү бир пикирде эмес. Катар, Саудия жана Булуң мамлекеттери бул чабуулду колдосо, Ливан, Алжир жана Ирак өлкөлөрү ракеталык кол салууну айыпташууда.

Араб Лигасынын курамында 22 өлкө бар. Панарабизм идеясы негизинде түзүлгөн уюмдун штаб-квартирасы Каир шаарында түзүлгөн.

Comments are closed.