Шашылыш кабар:

Карынбаев: Ош базар эмес сатуучулар көчүрүлөт

Апрель 13th, 2018 | by Чолпон Бейшелең кызы
Карынбаев: Ош базар эмес сатуучулар көчүрүлөт
Күн чекит
0

Ош базарында  ушуну менен үчүнчү ирет өрт чыкты. Тилсиз жоодон соодагерлер миллиондогон сом зыян тартып, товарлары күлгө айланды. Бул окуя боюнча Ички иштер министрлиги кылмыш ишин козгоду. Премьер-министр Сапар Исаков чыгымга учураган соодагерлерге колдоо көрсөтүүнү жана күнөөлүүлөрдү таап жазалоону тапшырды. Мына ушул каргашалуу окуянын чоо-жайы тууралуу Бишкек шаарындагы Ленин районунун акиминин орун басары Аскат Карынбаев «Күн чекит» программасында айтып берди.

Мамэкотехинспекция баштаган  мамлекеттик органдар өрттүн чыгуу себептерин болжолдуу айтып жатышат. Ал эми район жетекчилиги тараптан буга чейин өрттү алдын алуу чаралары көрүлдү беле?

Албетте!  жыл  башынан тартып, жаңы буйруктун негизинде Ош базардын айланасына техникалык себептерге байланыштуу  коопсуздук иш чараларын жүргүзүп жатканбыз. Бул боюнча иш азыркы күндө дагы уланып келаткан. Бүгүнкү өрт чыккан «Берекет Гранд» соода борборуна бул боюнча өзүбүздүн катыбызды  жеткиргенбиз. Анткени текшерүү маалында көп мыйзам бузуу чыккан. Бастырмалар, күркөлөр «Ала-Арча» кичи дарыясынын жээгине  туура эмес салынган. Ошондуктан тийиштүү иш чаралар биз тараптан алып барылган.

Ушул жолку өрттөн кийин шаар мэри Албек Ибраимов Ош базарын көчүрүү боюнча пикирин айтты. Мындан улам соодагерлерден баштап социалдык тармактын колдонуучуларына чейин өрт атайын даярдалган деген пикир айтылып жатат. Буга эмне дейсиз?

Эми ал боюнча милиция башкармалыгы, жергиликтүү прокуратура иликтөө иштерин жүргүзүп жатат. Ошондуктан азыр толук кандуу айта албайбыз. Учурда коомчулук тараптан ар кандай пикирлер айтылып жатат. Бирок бул боюнча так маалымат бере албайм.

Ал эми Ош базарын шаардын чекесине көчүрүү жергиликтүү бийликтин оюнда көптөн бери келе жатат. Бирок тилекке каршы ага ылайыктуу жерибизди тактай элекпиз. Экинчиден бул базарда биздин көпчүлүк жарандар иштейт. Алардын ичинде базардын ишин алып барган 88 жеке ишкер бар.  Ошолор менен бүгүнкү күнү иштерди алып барып жатканбыз. Ал боюнча ишибиз толук кандуу бүтө элек.

Жер маселеси чечиле элек болсо, базарды кайсы аймакка көчүрүү пландалып жатат?  Ал кандай тартип менен жүзөгө ашырылат? Соодагерлер менен кандай макулдашылат?

Бул боюнча шаардагы башка  базарлар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөнбүз. Мында жашылча-жемиш саткандарга  шаардын чекесиндеги жашылча базардан орундук берүү каралган. Кийим-кече саткандарды кийим саткан базарларга жылдыруу болсо, калганын универсалдуу базарларга көчүрүү планы болгон. Бирок базарды толук көчүрүүгө жерибиз жоктугуна байланыштуу азырынча так карала элек.   

Маегиңизге рахмат!

 

 

Comments are closed.