Шашылыш кабар:

Орган алмаштырууга мамлекет такыр каражат бөлгөн эмес

Апрель 13th, 2018 | by Бурулай Шергазиева
Орган алмаштырууга мамлекет такыр каражат бөлгөн эмес
Ден соолук
0

Кыргызстандыктар орган алмаштыруу операциясын чет жакка барып жасатууга аргасыз. Ушул убакытка чейин жасалган трансплантациялардын 93%ы чет жактан жасалган. Анткени Кыргызстанда бейтапты даярдоо, анализдерин алуу процесстери оорчулук туудурат. Анан калса, жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илим изилдөө институтуна “бюджеттен операция үчүн” бир да тыйын бөлүнгөн эмес. Өлкөдө орган алмаштырууга эмне тоскоолдук болуп жатат, жүздөгөн бейтаптар шыпаа издеп эмнеге чет жакка чыгып жатат? Төмөнкү материалдан таанышыңыз.


Өлкөдө орган алмаштыруу үчүн шарттар жана орган алмаштыргандан кийинки жагдайлар оор болгондуктан, чет жакка барууга аргасыз болгондор ондоп саналат. Колунда барлар шыпаа издеп чет өлкөгө кеткени менен, колунда жоктор өмүрүн аппаратка байлап жашап келет. Айнура айымдын жолдошу бөйрөк оорусуна чалдыккан. Ал бөйрөгүн алмаштырууга туура келген. Бул жакта шарт аларды канааттандырбагандыктан, Түркияда 23 миң долларга операция жасаткан.

Бул жакта өзүң бардык документ үчүн чуркайсың. Ал эми чет өлкөдө жасата турган болсоң, акчасың төлөйсүң баары бүтөт. Анын үстүнө бизде операциядан кийин карай турган адистер жок дешти.

Статистикалык  маалыматтарга ылайык, орган алмаштыруу жагынан биринчи орунда бөйрөк алмаштыруу турат. Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илим изилдөө институту 2012-жылдан бери 10 гана операция жасай алган. Мекеменин жетекчиси Жамал Ашимовдун айтымында институтка буга чейин бюджеттен бир тыйын каражат бөлүнгөн эмес.

-Буга чейин операция үчүн өзүнчө деп каражат бөлүнгөн эмес. Ал эми дарылар үчүн аз болсо да бөлүп турат.

Учурда 300 киши трансплантациядан кийин көзөмөлдө турат. Алардын 10%ы боор алмаштыргандар. Калганы бөйрөк алмаштырган. Жалпы 300 кишинин 93% сырттан жасатып келген. Алардын 5% жаш балдар. Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун балдар нефрологу Назира Бейшебаеванын айтымында, Кыргызстанда жасатууга генетикалык изилдөөнүн жоктугу жана дарылардын регистрациядан өтө электиги көйгөй жаратат.

Мыйзам боюнча донор катары тирүү киши жана туугандары гана боло алат. Бизде ошонун негизинде иштейт. Балдарды алып карай турган болсок 18, ал эми институт 10 операция жасаган. Эмне тоскоол болуп жатат? Биринчиден операцияга чейин генетикалык иликтөө керек. Ушул жагынан бизде шарт жок. Аны жасоо үчун эң жакын Казакстанда же башка жакта жасатабыз. Андан кийинки көйгөй трансплантацияга керек болгон дарылардын регистрациясы жок.

Назира Бейшебаеванын айтымында жарандардын сыртка чыкпай, өз жеринде сапаттуу операция жасатуусу үчүн бир гана министрликтин эмес, жалпы комплекстүү иштер алып барылууга тийиш. Ал үчүн ар бир жаранда жардам берүү сезими бала кезинен калыптаныш керек. Муну Түркиянын мисалында түшүндүрүп берди.

Мисалы, Түркияда ар бир жарандын донордук карточкасы бар. Алар качан кырсык болуп, өмүрү үзүлгөндө органым башка бирөөгө пайдасын тийгизет деп түшүнөт. Аны алар жаш кезинен билип чоңоёт.

Маалыматка ылайык, Казакстан жүрөк трансплантациялоо боюнча алдыда турат. Ошондой эле, Тажикстан менен Өзбекстанда да бул багытта мамлекет тарабынан колдоо жогору. Дарыгерлердин эсеби боюнча Кыргызстандагы трансплантологияны жолго коюу үчүн мамлекет жок дегенде 200 миллион сом бөлүп бериши керек.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache