Шашылыш кабар:

Баласы үчүн кесип алмаштырган эне…

Апрель 13th, 2018 | by Бурулай Шергазиева
Баласы үчүн кесип алмаштырган эне…
Ден соолук
0

Аутист балдар жөнүндө мындан 5-6 жыл мурда коомчулукта маалымат жокко эсе болгон. Мындан улам балдарга дарыгерлер да так аныктама кое алышкан эмес. Физикалык жактан дени сак, бирок эл арасында өзүн алып жүрүүсү, байланыш куруусунан кыйынчылык жараткан балдардын ата-энелери да айласы кеткен учурлар көп болгонун өздөрү айтып келишет. Ошондуктан, ата-энелерден турган топ “Колдон колго”(“Рука в Руке”) бириккен уюмун түзүшкөн. Баласына кантип жардам берүү маселеси түйшөлткөн ата-энелер өздөрү аракет кылышып, баланы коомго кошуу ыкмаларын үйрөнүшкөн. Юрист, экономист, же такыр эле башка кесипти аркалаган энелер баласы үчүн кесибин алмаштырып, аларды окутуп келишет. Бул ата-энелер аутист балдары менен кандай кыйынчылыкка туш болот жана бул өзгөчө балдардын эмнеси аларды бакытка бөлөйт? Бул тууралуу бизге аутист баланын энеси, логопед Миргүл Данкаева айтып берди.


Баламдын диагнозун 3 жашында билгенбиз

Балам аутизмге чалдыкканын 3 жашында билгенбиз. Тагыраагы ага чейин дарыгерлер так айта алышкан эмес. Бирок, азыр мен иштеп жаткан уюмдун жетекчиси баламда аутизмдин белгилерин байкаганын айтты. Анан психиатрларга айтып, диагноз койдурдук. Балам негизи көзгө карабай, балдар менен ойнобой, дудук бала сыяктуу сүйлөбөйт эле. Автоунааларга чуркап кетчү эле.

«Бул кандай чыр бала» деп жемелегендер көп болду

-Балдар менен көчөдө жүргөндө кыйналчубуз. Анын үстүнө көпчүлүктүн “аутизм” боюнча маалыматы жок болгондуктан, “бул кандай чыр бала” деп сынга алгандар көп болот. Балдарды коомго кошуунун жолу катары аларга үйрөтүү ыкмасы колдонулат. Анткени бул балдар дары ичишпейт. Жөн гана күндөлүк көндүмдөрдү үйрөтүш керек. Мисалы, алар бир кишиге кандай мамиле жасаш керек экендигин, кантип сүйлөө керектигин билишпейт. Аларды коомго кошууда эң жөнөкөй нерселерди үйрөтүүдөн башташ керек.

Уулумдун абалы мени сабырдуулукка үйрөттү

-Балдар өз алдынча жүрө алышпайт. Аларды бирөө коштоп жүрүүсү абзел. Бирок, көндүмдөрдү үйрөнгөндөн кийин акырындык менен өз алдынча коюуга шарт түзүш керек. Бизде аутист балдар менен иштеген адистер аз. Ошондуктан, бул уюмга келген балдардын ата-энелери өздөрү окуп, үйрөнүп адис болуп иштеп жүрүшөт. Маселен, мен экономистмин. Баламдын диагнозун уккан күндөн тартып, жашоом өзгөрдү. Балам сабырдуулукка үйрөттү. Кесибим болсо ушул балдарга ылайыкташтырылып өзгөрдү. Азыр бул балдарга бир нерсе үйрөтүп, коомго кошуу мен үчүн бакыт.

Аларды макташ керек…

-Эң негизги ыкма катары бала бир нерсени сураганда туура суроону үйрөнүш керек. Мисалы, бала дүкөндүн жанынан өтүп бара жатып бир нерсе алам деп чыр салса, аны сооротуш үчүн дароо алып берүү туура эмес. Анын бул кылган адаты туура эмес экендигин кыймылыбыз менен түшүндүрүшүбүз керек. Эгерде дароо анын айтканын аткарсак, “демек, ушундай болот экен” деп адат кылып алат. Эң негизги принцип баланын жетишкендиктерин мактап, аны колдоп жатканыңды сездириш керек. Жаңы нерсе үйрөнсө аны колдоп, макташ керек.

Балам азыр эл катары мектепте окуп жатат

-Балам менен талыкпай иштеп, азыр балам мектепке барып баштады. 5,5 жашында сүйлөп баштады. Балдар менен кошулуп ойноп калды. Албетте, мунун артында чоң эмгек турат.

Comments are closed.