Шашылыш кабар:

Евро биримдик Кыргызстанга жогору баа берди

Апрель 13th, 2018 | by Анара Бакытбекова
Евро биримдик Кыргызстанга жогору баа берди
Саясат
0

Мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков Брюсселге эки күндүк иш сапары менен барып келди. Анын алкагында болгон жолугуушаларда Кыргызстандын соода-экономикалык кызматташуусу, адам укуктары жана демократия боюнча маселе сөз болду. Европа биримдигинин институттарынын жетекчилери болсо, кыйынчылыктарга карабастан Кыргызстандагы өзгөрүүлөрдү баалай турганын белгилешти.


Президент Сооронбай Жээнбеков 11-12 апрель күндөрү Бельгиянын борбору Брюссель шаарында Европа биримдигинин институттарында расмий иш сапар менен болду.  Визиттин  максаты – аталган уюмдун жетекчилиги менен жеке байланыштарды орнотуу болуп эсептелет.

Сапардын жүрүшүндө Жээнбеков Европа кеңешинин тышкы иштер  жана коопсуздук саясаты боюнча Жогорку өкүлү Федерика  Могерини менен жолугушту. Ошондой эле Еврокомиссиянын төрагасы Жан-Клод Юнкер, Европа  кеңешинин төрагасы Дональд Туск жана Европарламенттин төрагасы Антонио Таяни менен сүйлөшүү өткөздү.

Анда Кыргызстан менен Европа союзунун ортосундагы кызматташуу, адам укуктарын жана эркиндигин сактоо маселелери, өлкөгө европалык алдыңкы инвестицияларды тартуу жолдору талкууга алынды.

Европа Биримдигинин тышкы иштер  жана коопсуздук  саясаты боюнча Жогорку өкүлү Федерика Могерини уюм  Кыргызстандын  демилгелерин толук колдой турганын айтты. Бул тууралуу президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков билдирди.

Кыргызстан көтөрүп жаткан демилгелерди мен мурун айтайын деп жаттым эле деди. Ал Кыргызстанга көмөк көрсөтүүгө, кызматташтыкты бекемдегенге салымын кошоорун айтты. 

Ал эми Европа Кеңешинин төрагасы Дональд Туск демократиялык стандарттарды камсыз кылуу тармагында Кыргызстандын ишин жогору баалады.

Сиздер региондогу бардык өлкөлөргө модель, үлгү боло аласыздар. Кыргызстан баштан кечирген бардык кыйынчылыктарга карабастан, сиздер жетишкен натыйжаларды абдан жогору баалайбыз жана ага таасирленип турабыз.

Баарлашуулардын жүрүшүндө Сооронбай Жээнбеков “Таза коом” санариптик трансформациялоону киргизүү, экспорттук мүмкүнчүлүктөрдү көбөйтүү, ички миграцияны кыскартуу сыяктуу иштерге көңүл бурду. Бул тууралуу Кыргызстандын Бельгия Королдугундагы элчиси Асеин Исаев билдирди.

Жолугушууда «Таза коом», таза суу маселелери боюнча да сүйлөшүүлөр болду. Бул долбоорлорду талкуулоо биздин сунуш болчу. Сунушубуз алардын планы менен дал келгенин айтып, айыл чарба, таза суу жана санариптештирүү боюнча кызматташууга даярдыгын билдиришти. Анткени санариптештирүү жемкорлукту жоюу, калктын жашоосун жеңилдетүүгө багытталган.

Визиттин жыйынтыгында президент Сооронбай Жээнбеков менен Еврокомиссиянын төрагасы Жан-Клод Юнкер басма сөз үчүн билдирүү жасашты.

Жан-Клод Юнкер Жээнбековду коррупцияга каршы күрөштү, адам укуктарын, эркиндиктерин, сөз эркиндигин коргоо ишин күчөтүүгө чакырды.

Сооронбай Жээнбековдун чакыруусу менен мен Кыргызстанга барып, бул кереметтүү өлкөнү өз көзүм менен көрөйүн деген ниеттемин. Мен Кыргызстандагы процесстерге көптөн бери көз салып жүрөм, бул өлкөдөн үйрөнчү  нерселер бар экендигине терең ишенем. Кыргызстан эли – улуу улут. Европа ар дайым Кыргызстандын жана анын элинин бардык демилгелерине колдоо көрсөтөт.

Ал эми президент  аталган биримдиктин жетекчиликтери менен олуттуу сүйлөшүүлөр жана пайдалуу жолугушуулар болгонун белгиледи. Өз ара кызыкчылыктарга тиешеси бар маселелердин кеңири спектри боюнча ачык жана конструктивдүү сөз болгонун айтты.

Биз Европа биримдиги менен көп пландуу жана өз ара пайдалуу кызматташтыкты тереңдетүүгө кызыктарбыз. Кыргызстан менен биримдиктин ортосундагы кеңейтилген өнөктөштүк жана кызматташтык жөнүндө жаңы Макулдашуу боюнча сүйлөшүүлөргө жогору маани беребиз. Кызматташтыктын көпчүлүк багыттары боюнча биз алга жылдык жана биздин өз ара аракеттенүүбүздү туруктуу өнүктүрүү зарылчылыгын түшүнүшүүгө жетиштик.

Кыргызстан менен Европа биримдигинин мамилеси өзгөчө экендигин адистер белгилешет. Анткени өлкө көз карандысыздыкка ээ болгон жылдан тартып демократиялык институттарды чыңдоо, адам укуктары жана эркиндиктерин сактоо, мыйзамдын артыкчылыгын, сөз эркиндигин коргоо багытынан тайбай келет.

Эл аралык уюмдардын баасында Европа биримдиги бүгүнкү күндө дүйнөдө кубаттуу биримдик. Калкынын саны 500 миллиондон ашат. Уюмдун экономикасы дүйнөлүк ички дүң өндүрүмдүн 32 пайыздан ашыгын түзүп, дүйнөдөгү экономикалык жактан абдан абройлуу уюм.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache