Шашылыш кабар:

Шерипова: Өрттүн очогу кийин аныкталат

Апрель 13th, 2018 | by Бакыт Төрөгелди уулу
Шерипова: Өрттүн очогу кийин аныкталат
Күн Чабыт
0

Бишкектин Ош базарындагы «Берекет» соода борборунан чыккан өрт боюнча Өзгөчө Кырдаалдар министрлигинин басма сөз катчысы Элмира Шерипова менен маектештик.

Марал: Ош базарында чыккан өрт боюнча акыркы маалыматтарды бере кетсеңиз.

Элмира Шерипова: Саат 7:40дарда өрттүн очогу чектөөгө алынды. Бул демек өрттүн башка жерлерге дагы жайылып кетиши чектелди деген сөз. Бирок өрт толугу менен өчүрүлө элек. Өрт чыккан жерде 11 өрт өчүрүүчү бөлүм иштеп жатат. ИИМ, Тез жардам жана кырдаалды жеринде көзөмөлдөө үчүн полковник Калыс Акматов окуя болгон жерде жүрөт.

Марал: Элмира айым өрт базардын кайсы бөлүгүндө чыгыптыр?

Элмира Шерипова: Эми алдыда өрттүн очогу изилденет. Учурда биринчи кезекте өрт өчүрүү бөлүмдөрү өрттүн өзүн өчүрүп алыш керек. Тилсиз жоо кайдан башталган, кайсы жерден келип чыккан кийин аныкталат.

Марал: ӨКМге өрт тууралуу маалымат качан түштү?

Элмира Шерипова: Маалымат түнкү саат 3:50дөрдө түшкөн. Андан соң дароо эле өрт өчүрүү бөлүмдөрү бара башташкан. Бирок өрттүн масштабы чоң болгондуктан кошумча өрт өчүрүү бөлүмдөрү тартылган.

Comments are closed.