Шашылыш кабар:

Жээнбековдун Бельгияга болгон расмий сапары аяктады

Апрель 12th, 2018 | by Талгат Мураталиев
Жээнбековдун Бельгияга болгон расмий сапары аяктады
Кыска кабар
0

Президент Сооронбай Жээнбеков Бельгияга болгон расмий сапарынын акырында Европа комиссиясынын төрагасы Жан-Клод Юнкер менен жолукту.

Жолугушууда Евро биримдиктин тышкы иштер жана коопсуздук саясаты боюнча Жогорку өкүлү Федерика Могерини, Европа парламентинин төрагасы Антонио Таяни, Европа Кеңешинин төрагасы Дональд Туск менен мурдараак талкууланган бардык маселелер козголду.

Жээнбеков демократия принциптерин бекемдөө, адам укуктарын, сөз эркиндигин коргоо боюнча Кыргызстанды колдогон Евро биримдиктин ачык позициясы үчүн дагы бир жолу ыраазычылык билдирди.

Мамлекет башчысы “Таза коом” долбоорунун алкагындагы бир топ маанилүү маселелерге көңүл бурду. Жолугушуунун аягында Президент Сооронбай Жээнбеков менен Еврокомиссиянын төрагасы Жан-Клод Юнкер басма сөз үчүн билдирүү жасашты.

Жан-Клод Юнкер Сооронбай Жээнбековду президенттик шайлоодо жеңиши жана жалпы регионго жакшы мисал боло алган саясий процесстер менен куттуктады. Кыргызстандын Президентин  коррупцияга каршы күрөштү, адам укуктарын, эркиндиктерин, сөз эркиндигин коргоо ишин күчөтүүгө чакырды.

“Биз Европа союзу менен көп пландуу жана өз ара пайдалуу кызматташтыкты тереңдетүүгө кызыктарбыз. Кыргызстан менен Европа союзунун ортосундагы кеңейтилген өнөктөштүк жана кызматташтык жөнүндө жаңы Макулдашуу боюнча сүйлөшүүлөргө жогору маани беребиз”,- деп билдирди Мамлекет башчысы.

Жээнбеков өз сөзүн, «Жалпысынан биздин диалог абдан ачык маанайда, достук маанайда өттү. Кызматташтыктын көпчүлүк багыттары боюнча биз алга жылдык жана биздин өз ара аракеттенүүбүздү туруктуу өнүктүрүү зарылчылыгын түшүнүшүүгө жетиштик», — деп жыйынтыктады.

Сөзүнүн акырында бийик даражалуу европалык кесиптештерин кайсы убакта болбосун өздөрү үчүн ыңгайлуу учурда Кыргызстанга келүүгө чакырды.

Comments are closed.