Шашылыш кабар:

Талаачылык учурунда күйүүчү майдын баасы кымбаттабайт

Апрель 12th, 2018 | by Бахар Хакимова
Талаачылык учурунда күйүүчү майдын баасы кымбаттабайт
Күн чекит
0

Кыргызстанда күйүүчү май кымбаттап жатат. Бул жагдай азыр ачык байкалбаса да баалар бир-эки сомго көтөрүлгөн. Муну эксперттер Орусияда рублдин куну түшүп жатканына байланыштырып, бааны ортомчу компаниялар жогорулатып жатканын айтышууда. Ал эми айрым дыйкандар өкмөт күйүүчү май менен камсыз кылганын айтып, азырынча тартыштык байкала элек дешет. Жер-жерлерде жазгы талаа иштери кызуу жүрүп жатканда күйүүчү майдын баасынын кымбаттагандыгы дыйкандар үчүн көйгөй жаратышы мүмкүн экендигин четке каккандар да жок эмес. Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары Жаныбек Керималиев жазгы талаа иштери тууралуу “Күн чекит” программасына маек курду.

Марал: Күйүүчү майдын баасынын кымбаттап жатканы талаа иштерине терс таасирин тийгизбейби?

Жаныбек Керималиев: Негизи жазгы талаачылык убагында 40 миң тонна күйүүчү-майлоочу май керектелет. Азыркы учурда анын 61 пайызы дыйкандарга берилген. Бул азыркы жазгы талаа иштерине жетиштүү.

Биз дыйкандарды күйүүчү май менен камсыздоо максатында Нефтетрейдерлер ассоциациясы менен макулдашуу түзгөнбүз. Ошонун негизинде “Газпром нефть Азия” мунай базаларында, күйүүчү май куюучу жайларда 40 тыйындан төмөн жеңилдетилген баада сатылып жатат. Ошондой эле, дизелдик отундун баасын 7 пайызга чейин жеңилдетүү сунушталган.

Күйүүчү майлоочу майлар боюнча атайын Монополияга каршы комитетинде сүйлөшүү болуп, компаниялар жазгы талаачылык иши учурунда жетишсиздик болбой турганына убада беришкен. Кудай буюрса, азыркы учурда бардык жерде талаачылык иштер кызуу жүрүүдө.

Марал: Талаачылык иштерин толук жүргүзүүгө техникалар жетиштүүбү?

Жаныбек Керималиев: Жазгы талаачылык иштерин жүргүзүүдө Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги күйүүчү май, үрөн жана техника маселесине абдан көңүл бурду. 20 жылдын ичинде биз өзүбүздүн машина паркыбызды оңдоп алдык. Өкмөт тарабынан МТСтерди түзүү колго алынып, муниципалдык жана жеке 56 МТС түзүлдү. Бул дыйкандарга чоң жардам болуп жатат.

Марал: Учурда өлкөнүн кайсы аймагында кандай иштер жүрүүдө? Быйыл кайсы эгинге басым жасалат?

Жаныбек Керималиев: Быйыл кылкандуу дан эгиндеринин аянты кыскартылат. Керектүү өлчөмдө гана айдалат. Баткен облусунун Лейлек районунда кылкандуу дан эгиндери себилип бүттү, Оштун Араван районунда буудай себүү дээрлик аягына чыкты. Түштүк жергесинде жалпысынан дан эгиндери айдалды.

Бирок учурда аба ырайынын жамгырлуу болгонуна байланыштуу Чүй аймагында кызылчаны толук кандуу эге албай жатышат. Ал эми калган эгиндерди кийин айдаса болот.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache