Шашылыш кабар:

Баш ооруга айланган Бакиевдердин мүлкү

Апрель 12th, 2018 | by Бакыт Төрөгелди уулу
Баш ооруга айланган Бакиевдердин мүлкү
Саясат
0

Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун мурдагы төрагасы Болсунбек Казаков 11-апрелде Ички иштер министрлиги тарабынан камакка алынды. Ал Бакиевдерге таандык 2010-жылдан кийин улатташтырылган VIP шаарчанын сатылышы боюнча ишке шектүү катары кармалды.

Ага Кылмыш-жаза кодексинин 304 (Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу), 307 (Менчиктештирүү, салыктык, бажылык же лицензиялык-уруксат берилген ишти жүзөгө ашырууда кызмат абалын мыйзамсыз пайдалануу) беренелери менен иш козголду. Ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Бакыт Сеитов Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун мурдагы жетекчиси Казаков кайсы ишке байланыштуу кармалганын айтып берди.

-Ал боюнча өзүңөр билгендей 48 коттеджден турган VIP шаарчанын сатылышы боюнча ММКлар жазып, маселе көтөрүлгөн. Окуя болгон жерге милиция кызматкерлери өз убагында барган. Андан соң алгачкы тергөө иштерин жүргүзүп, материалдарды топтоонун негизинде иш козгоого туура келди. Бүгүнкү күндө козголгон кылмыш ишин ИИМдин Тергөө кызматы жүргүзүп жатат.

Сөз болуп жаткан «Идеал Хаус» VIP-шаарчасы мурдагы президент Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиевге таандык болгон. Ал 2010-жылдан кийин улутташтырылып, 48 коттеджден турган VIP-шаарча 12 гектар жери менен былтыр 142 миллион сомго сатылган. Кийин аталган объект мыйзамсыз, арзан баада сатылганы боюнча журналисттик иликтөөлөр жасалган.

Бирок Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун ошол кездеги жетекчиси Болсунбек Казаков коттедждер аукцион аркылуу мыйзамдуу сатылганын айтып ишендирген. Депутат Алмамбет Шыкмаматов Бакиевдердин мындан башка дагы мамлекетке алынган мүлктөрүн иликтөө боюнча күч органдарына кайрылышканын маалымдады.

— Ал мүлктөр боюнча азыр укук коргоо органдарына кайрылдык. Күч органдарынын мурдагы жетекчилери бул иштерде кызыктар болгон болсо, азыркы жетекчилер таза иштеп, анын баарын элдин көзөмөлүнө алып чыгыш керек. Анан кийин мыйзамда кандай каралса ошол боюнча тергөө жүргүзүп, мыйзамдуу чечимдерди кабыл алыш керек.

Маалыматка ылайык 2010-жылдагы апрель окуяларынан кийин Бакиевдерге жана алардын жакындарына тиешелүү 50гө жакын объект улутташтырылган. Алардын ичинен «Азияуниверсал банк» 193 млн сомго, «Петрол групп» жоопкерчилиги чектелген коомунун 100 пайыз акциясы 170 млн сомго, «Бавария круиз» яхтасы 2 млн сомго сатылган экен. Азыркы тапта дагы кайсы мүлктөр сатылды жана канчасы сатыкта турат Мамлекеттик мүлк фондунан маалымат алууга мүмкүн болгон жок. Аталган фонддун мурдагы жетекчиси, экс-депутат Равшан Жээнбеков Бакиевдердин улутташтырылган мүлктөрүн кайрадан инвентаризация кылып койсо ашыкча болбосун айтып жатат.

— Мурдагы бийлик мамлекеттик мүлктү өзүлөрү каалаган ишенимсиз адамдарга, жакшы эмес компанияларга берип туура эмес саясат жүрдү. Анын жыйынтыгы жакшы болбой калып жатты. «Мегаком», Бакиевдердин мүлктөрү боюнча эми аябагандай көп маселелер чыгат. Анткени алардын көпчүлүгү туура эмес колго берилип, туура эмес сатылган. Андыктан мыйзам бузган учурлар көп эле чыгат болуш керек. Азыр ошол мүлктөр боюнча кайрадан текшерип койсо жаман болбойт. Анткени ал мамлекеттин байлыгы да.

Өкмөт менчиктештирилген дагы бир ири компанияны сата албай келе жатат. Ал «Мегаком» бренди менен таанымал «Альфа Телеком» ишканасы. Аткаруу бийлигинин «Мегакомдун» 100 пайыз акциясын сатуу аракетинин азырынча майнап чыга элек. 2017-жылы анын баасы 13 миллиард 500 миллион сомго бааланып, түз сатуу жөнүндө чечим кабыл алынган. Жакында эле компаниянын баасын баалоо боюнча кайра тендер жарыяланды. Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун коомдук кеңешинин мурдагы жетекчиси Чолпон Алкадырова «мүлктөрдү сатууда ачыктык болбой жатат» деген ойдо.

-Ачык-айкын болбой жатат. Анысына мен кошулам. Ошондуктан ачыктыкты камсыз кылыш үчүн мүмкүн чет өлкөдөн менеджерлерди чакыруу зарыл. Алар менен Мамлекеттик жеке өнөктөштүктүн негизинде келишим түзүп, өкмөт ал объектилерди өзү эле иштетип кетсе болмок. Эгер муну жасай албасак жеке ишкерлерге бериш керек. Бирок мүлктөрдү сатууда кандай иштер болуп жатат аны билбей жатабыз. Мүмкүн ошол учурда коррупция болуп кеткен.

2017-жылы Бакиевдерге таандык делген дагы бир жер боюнча чуу чыккан. Башкы прокуратура Мамлекеттик каттоо кызматынын ошол кездеги жетекчиси Тайырбек Сарпашевге иш козгогон. Ага Бишкек шаарынын Скрябин көчөсү, 45 жана 45 А дарегиндеги Максим Бакиевдин ишенимдүү кишиси Ульян Пакка тиешелүү 1,28 гектар талаш жерди сатуу боюнча айып тагылып, кийин кылмыш иши токтотулган.

Фото: Максим Бакиевдин Бишкектеги өрттөлгөн үйү

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache