Шашылыш кабар:

Жээнбековдун Могерини менен жолугушуусу (фото баян)

Апрель 12th, 2018 | by Талгат Мураталиев
Жээнбековдун Могерини менен жолугушуусу (фото баян)
Кыска кабар
0

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 12-апрелде Европа биримдигинин тышкы иштер  жана коопсуздук саясаты боюнча Жогорку өкүлү Федерика  Могерини менен жолукту.

Жолугушууда тараптар Европа биримдиги менен Кыргызстандын ортосундагы кызматташтыкты жаңы форматта кеңейтүү жана Европанын аймактагы жаңы стратегиясы тууралуу талкуулашты.

Жээнбеков эки тараптуу мамилелердин  актуалдуу маселелери боюнча диалогду улантып жатканына кубанычта экендигин баса белгиледи.

Өлкө башчы Европа биримдигин Кыргызстанды туруктуу өнүктүрүү максатында маанилүү өнөктөш деп эсептей турганын билдирди. Ал Европа биримдиги тарабынан көрсөтүлүп жаткан демократия принциптерин чыңдоого жана өлкөнү социалдык-экономикалык өнүктүрүүгө багытталган жардамды жогору баалай турганын белгилеп өттү.

Жээнбеков кеңейтилген форматтагы келишимди түзүү зарылдыгын белгилеп, Европа биримдиги саясий диалогду чыңдап, соода-экономикалык байланыштарды кеңейтип жатканын кошумчалады.

Могерини Европа биримдиги Кыргызстандагы демократияны бекемдөө, кесипкөйлүктү арттыруу, сот системасынын көз карандысыздыгы, мыйзамдын үстөмдүгү, экономиканы өнүктүрүү тармагында ар дайым колдой турганын билдирди.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache