Шашылыш кабар:

ФИФА Кыргызстандын улуттук курамасын «мыкты команда» деп тапты

Апрель 12th, 2018 | by Түмөнбай Абдинаби уулу
ФИФА Кыргызстандын улуттук курамасын «мыкты команда» деп тапты
Кыска кабар
0

Кыргызстандын улуттук курама командасы ФИФАнын жаңыланган рейтингинде 75-орунга көтөрүлдү. Аталган жыйынтык 12-апрелде жарыяланды.

Март айында Александр Крестинин машыктырган курама команда эки беттеш өткөргөн. Анда Мьянма жана Индия курамаларын жеңип, Азия кубогунун финалдык бөлүгүнө алгачкы жолу жолдомо алган. Буга чейинки эң мыкты көрсөткүч болуп 99-орунга жогорулаганы болчу.

Азия чөлкөмүндөгү мыкты командалардын катарында 7-орунда, ал эми КМШ өлкөлөрүнүн арасында 3-орунду ээледи. Негизгиси, Кыргызстан курамасы бир айдын ичинде 40 орунга жогорулаганы үчүн “айдын мыкты командасы” деп табылды.

Comments are closed.