Шашылыш кабар:

Күйүүчү май кымбаттады

Апрель 12th, 2018 | by Анара Бакытбекова
Күйүүчү май кымбаттады
Экономика
0

Кыргызстанда күйүүчү май кымбаттоодо. Бул тенденция ачык байкалбаса да бир-эки сомго баасы көтөрүлгөн. Муну эксперттер Орусияда рублдин куну түшүп жатканына байланыштырып, ортомчу компаниялар бааны жогорулатууда дейт.


Ушул тапта өлкөдө жазгы талаа жумуштары кызыды. Бул багытта өкмөт дыйкандарды арзан баадагы күйүүчү май жана минералдык жер семирткичтер менен алдын ала камсыздай тургандыгын убада кылган.

Ош облусунун Араван районундагы дыйкан Пайзилла Мирзабаранов акыркы беш күндө аба ырайы жаанчыл болуп, жазгы талаа жумуштары токтоп калганын билдирди.

Анын айтымында, Араванда күйүүчү май бир-эки сомдун тегерегинде өстү. Дыйкандарга техника, жер семирткич жана күйүүчү май жетиштүү.

Буга чейин биз картошка себип алдык. Ортодо жамгыр бир аптага жакын жаап туруп алды. Эми күн ачылып, эртеңден баштап эл пахтаны эгүүгө киришет. Азырынча жазгы талаа жумуштарына байланыштуу маселе жок. Болгону күйүүчү майдын баасы өстү.

Жазгы талаачылык иштери жүрүп жаткан мезгилде күйүүчү майдын баасы кымбоосу парламентте да сөз болду. Бул багытта маселени козгогон депутат Алтынбек Жунус уулу коңшу Казакстандагы күйүүчү майдын арзан экенин айтты.  Ошондуктан эл өкүлү бул маселеге өкмөттү көңүл бурууга чакырды.

Дыйкандар күйүүчү майдын өтө жогору болушуна нааразы болуп жатат. Казакстанда күйүүчү май биздегиге салыштырмалуу 10 сом арзан экен. Ал эми Кыргызстанда эмне себептен кымбат? Акыркы убакта тенге менен рублдин куну түшүп кетти. Сомду долларга алмаштырып барганда ортомчу компаниялар чоң байда көрүп жатат. Муну тиешелүү орган изилдеп чыкса.

Кыргызстанга апрель айына карата 70 миң тонна күйүүчү май алып кирүү пландалган. Ушундай эле көлөм март айында да ташылган. Бул тууралуу Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Нурбек Мурашев билдирди.

Анын айтымында, күйүүчү май менен дыйкандар толук камсыз болду.

-Күйүүчү майдын баасы аймактарга жараша 42-45сомго чейин болуп жатат. Азыр Орусияда рулбдин куну түшүп кетиши биздин нефтерейдерлерге зыянын тийгизбейт. Тескерисинче баа минумум ушул бойдон сакталып турат. Болбосо арзандашы мүмкүн.

Экономисттер өлкөдө күйүүчү майдан башка да товарлар кымбаттай баштаганын белгилешет. Соңку күндөрү АКШнын Орусияга киргизген санкциялары рублдин кунун кетирди. Рублдин артынан казак теңгесинин да курсу төмөндөп жатат.

Бул жагдайды эске алганда күйүүчү майды ташыган компаниялар бааны көтөрүп жиберерин академик Жамин Акималиев айтты.

Анын билдиришинче, өкмөт жана Улуттук банк дароо чара көрүүсү керек. Ошондуктан күйүүчү майды өлкөгө алып келүүдө Орусиянын гана көзүн карабастан башка дагы альтернатива болуу зарыл.

-Ушул эле учурда Өзбекстандан да күйүүчү майды сатып алсак болот. Бир убакта Азербайджан да күйүүчү май беребиз дешкен, аларда нефти көп. Бул боюнча президент барып сүйлөшкөн. Бирок ошонун баары кур сөз болуп калды. Эгерде күйүүчү майды биз үч жактан алсак, баа кымбаттабай атаандаштык пайда болот. Мындай кылбаса Газпром монополия болуп атат.

Экономист Эрлан Камалов мындай учурда Монополияга каршы күрөшүү агенттиги жакшы иш алып баруусун билдирди. Антпесе күйүүчү майдан баардык продукциялардын баасы көз каранды экенин эскертти.

-Азырынча күйүүчү майды дыйкандарга жеткирүү туруктуу эле. Бирок баанын өсүп кетүү мүмкүнчүлүгү бар.  

Белгилей кетсек, Кыргызстан күйүүчү майды Орусиядан сатып алат. Ал темир жол менен Казакстандын аймагы аркылуу ташылып келет.

Comments are closed.