Шашылыш кабар:

Гүлен «Сапаттын» ишмердүүлүгүнө аралашпайт

Апрель 12th, 2018 | by Айжамал Худайбердиева
Гүлен «Сапаттын» ишмердүүлүгүнө аралашпайт
Кыска кабар
0

Түрк ойчул-даанышманы Фетхуллах Гүлен «Сапат» билим берүү мекемесинин ишмердүүлүгүнө аралашпайт. Бул тууралуу аталган мекеменин директору Нурлан Кудайбердиев «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, «Сапат» окуу жайларын ачуу идеясы Ф.Гүленге таандык болгон менен ал мекеменин ишмердүүлүгүнө кийлигишпейт. Мектептерде сабак берген түрк мугалимдери күчтүү адистер. Алар билим берүү жана тарбия иштеринен сырткары эч кандай ишмердүүлүк жүргүзбөйт.

«Биз Билим берүү министрлигинин талаптарын аткарабыз. Ф.Гүлен тууралуу көп талкуу жүрүүдө. Бул Түркиянын ички саясаты. Бул боюнча компетенттүү мекемелер өз оюн айтты. Менчик мектептердин ачылганы жакшы. Түркия мамлекети ачууну пландап жаткан “Маариф” мектеби тууралуу пикир бере албайм. Дүйнөлүк чөлкөмдө мындай фонддун аты угулган эмес, балким жаңы ачылган компания», — дейт Кудайбердиев.

Ал, учурда мекеменин куруучулар курамында Билим берүү министрлиги бар экенин, мыйдай көрүнүш ишмердүүлүк үчүн жакшы кадам болгонун белгиледи.

Мындан сырткары, «Сапаттын» логосу эл аралык брендге айлангандыктан өзгөртүүсүз калганын кошумчалады.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache