Шашылыш кабар:

Бүгүн «Акылдуу шаар» долбоору ишке киргизилет

Апрель 12th, 2018 | by Бахар Хакимова
Бүгүн «Акылдуу шаар» долбоору ишке киргизилет
Кыска кабар
0

Кыргыз өкмөтү бүгүн, 12-апрелден тарта Бишкекте “Акылдуу шаар” долбоорун ишке киргизет. Бул тууралуу өкмөт башчы Сапар Исаков КСДП фракциясынын жыйында өкмөттүн 2017-жылда аткарган иштери боюнча отчет берип жатып билдирди.

Анын айтуусунда, бүгүнтөн тарта калаада жол эрежесин бузгандарды каттап кала турган үч видео көзөмөл иштей баштайт.

Камералар Байтик Баатыр-Горький, Байтик Баатыр-Ахунбаев жана Байтик Баатыр-Токомбаев проспектилеринин кесилишине орнотулду.

Өкмөт башчы билдиргендей, бул жабдыктар үч ай бою сыноодон өтөт. Андан соң бузуучуларга айып тууралуу дүмүрчөк жөнөтүлөт.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache