Шашылыш кабар:

ЕАЭБ базарына чыккан айыл чарба продукциянын көлөмү 26 пайызга жогорулады

Апрель 12th, 2018 | by Чолпон Бейшелең кызы
ЕАЭБ базарына чыккан айыл чарба продукциянын көлөмү 26 пайызга жогорулады
Экономика
0

Жаздын келиши менен Кыргызстанда жазгы талаа иштери кызуу жүрүп жатат. Республиканын дээрлик баардык аймактарында экспортко багытталган мөмө-жемиштер отургузулууда. Өзгөчө дыйкан фермерлер Евразия экономикалык биримдиктин базарына багыт алып  жатышат. Анткени биримдикке кирген беш мамлекет эркин соода жүгүртүү боюнча макулдашкан. Демек Кыргызстандык дыйкан фермерлер өз продукцияларын 180 млн калкты камтыган базарга алып чыга алат.

Андагы жеңилдиктерди Таалайбек Камчиев көп эле жолу уккан. Өзү буга чейин текстиль продукциясын сатып келген . Мындан эки жыл мурун гана биримдикке чыгарган товардан киреше көп болорун билип,Орусия жана Беларустун бир канча шаарларына экологиялык жаткан таза деп бааланган Кыргызстандын кургатылган жемиштерин жеткире баштады. Эми алдыда алма менен өрүктүн аянтын  көбөйтүүнү пландап жатат.

Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдикке кириши менен көп жеңилдиктер болду. Мурун товарды көп текшерчү, азыр талап кылынган документтерди алсаң эч кандай маселе жок. Өзүм акыркы эки жылда айыл чарба продукциясына басым кыла баштадым. Алдыда мөмө-жемиштердин аянтын дагы кеңейтүүнү пландап жатам. Азыр жер маселесин чечип алсам  Баткен, Ош жана Жалал-Абад аймактарына алча баштаган бир канча жемиштердин көчөтүн отургузайын деген ниетим бар. Анткени ЕАЭБ рыногуна сатуу өтө жеңил болуп калды.

Артта калган үч жылда ЕАЭБ берген мүмкүнчүлүктөрдүн натыйжасында Кыргызстан экспорттогон айыл чарба продукциясын көлөмү өткөн жылы 26 пайыздан жогору болду. Айыл чарби министрлигинин маалыматында бүгүнкү күнү экспортко чыгам деген ишкер жана дыйкандарга тоскоолдуктар жок.

Негизгиси азык-түлүк коопсуздугу боюнча бөлүмдүн башчысы Жумабек Асылбеков  биримдик талап кылган төмөнкү документер гана толук болуусу керек деди.

Биздин дыйкан-фермерлер эркин товар жүгүртүүгө мүмкүнчүлүк алышты. Мурун продукцияны Казакстан аркылуу алып өткөндө ар кандай тоскоолдуктар болгон.Сертификатты берүүдө бизде лаборатория  жок болчу. Бүгүнкү күнү биздеги лабораториялар аккредациядан өтүп, сертификат жазып берүүгө толук мүмкүнчүлүк алды. Биздин продукциялар эч тоскоолдуксуз экспорттолуп жатат. Ошол себептен  былтыркы жылдын жыйынтыгы боюнча, айыл чарба продукциясынын экспорту 26 пайыздан өйдө болду. Эми продукциясын экспорттойм деген ишкер же фермер төмөнкү жагдайларга көңүл бурушу керек:

-Айыл чарба министрлигинин алдындагы Өсүмдүктөрдүн карантини департаментине арыз калтырат;

-Атайын адистер чарбага барып эскпортко кете турган продукцияны лабораториядан өткөрөт. Эгер продукцияда оорунун белгиси жок болсо, сертификат берилет;

-Кыргызстандын соода-өнөр жай палатасынан продукцияны өлкөнүн сыртына чыгаруу боюнча сертификат алынуусу керек;

-Андан соң гана транспорттук компаниялардан коштомо жазылып алынат.

Бул кайра иштетилген эмес продукцияларга тийиштүү болот. Көбүнчө мөмө-жемиштерге туура келет. Ал эми сүт же эт продукциясына талап башкача. Негизги делген документтердин тизмесин Айыл чарба министриги кабарлайт.

Мал чарба продукцияларын, сүт, эт азыктарына фитосанитардык сертификаттан башка өзүнчө ветеринардык сертификат алынуусу керек. Андан башка  өкмөттүн алдындагы ветеринардык жана фитосанитардык инспекцияга өзүнчө арыз жазылат. Кийин беш өлкөнүн ветеринардык инспекциялары келип, ошол ишкананын  ЕАЭБдин  техникалык регламенттерине шайкеш келгенин карайт. Эгер туура келсе, биримдиктин бирдиктүү реестирине киргизилет. Ишкана реестирге кирбеген болсо, экспорт кылууга уруксат берилет.

Мындай талап бир гана ЕАЭБге экспорт кылган учурда гана эмес, ички рынокто дагы сакталышы керек. Бул багытта Өкмөткө караштуу ветеринардык жана фитосантирдык инспекция Кыргызстандагы малдын башын каттоого алып жатат. Бүгүнкү күнү уй толук  идентификациядан өтүп бүттү. Республика боюнча 1млн 500миңден ашык  уй катталып, анын  95 пайызы маалыматтык базага киргизилди. Эми ага көзөмөл жүргүзүү милдети  жергиликтүү ветеринарларга берилерин инспекциясын жетекчиси Калысбек Жумаканов Марал радиосуна айтып берди.

ЕАЭБдин техникалык регламенттерин сакташыбыз керек. Экспортко чыккан учурда гана эмес, ички рынокто дагы сакталуусу тийиш. Биздин инспекция  мал турган жерден баштап, столдун үстүнө чейинки абалга жоопту . Демек мал туургандан баштап карайбыз. Алгач эле мал каттоодон өтүшү керек. Андан соң  эсепке алынган малга көзөмөл жүргүзүлөт. Азыркы тапта жеке ветеринарларга уйларды карап, чечим чыгарууга ыйгарым укук берилдик. Ар бир ветеринардын өзүнө тийиштүү аймактар бар.  Ошол жердеги малдын саны, даарылоо, коопсуздугу алардын мойнуна жүктөлгөн.Буга кошумча сүттү ала турган унаалар дагы көзөмөлдө турат. Бул боюнча жеке ветеринар менен келишим түзүлгөн.  

Бирок соңку кездери Орусия менен Казакстанга экспорттолгон сүт азыктары артка кайтарылып жаткан фактылар чыгып жатат. Жыл башынан бери 200 тоннаны көрсөттү. Мындай абал Кыргызстандын чыккан товардын сапатынан улам эмес, товардын таңгагынан улам чыгып жатканын ветинспекциянын жетекчиси Калысбек Жумаканов белгиледи.

Артка кайтып жаткан товарлардын сапатында маселе жок. Бир гана маркировкасы туура эмес чапталган. Бүгүнкү күнү Орусияга көп мамлекеттер санкция киргизип жатышат. Демек бул жерде санкциялык товарлар дагы бар. Алар Беларусия аркылуу Кыргызстанга келип маркировкасы алмыштырылып жатат деген күмөн саноолор Орусия тараптан болду. Бул маселени тез арада аныктап чыгуу үчүн Орусиянын ветеринардык жана фитосаниардык кызматтан өкүлдөрдүн чакырттык. Текшере келгенде “Ак сүт” ишканасынын 200 тонна сүтү артка кайтарылган. Карай келсек, маркировкасы туура эмес чапталган.

Бул өңдүү кырдаал биринчи  дыйкан фермерлерде ЕАЭБдин талаптары, техникалык регламент жөнүндө маалыматтын толук жетпей жаткандыгында экенин экономист Нурадил Раимбеков айтат. Мүмкүнчүлүгү туруп, маалыматтын аздыгынан укпай калган экспортчулардын катары калың. Ошондуктан эң алгач мамлекеттик органдар маалыматты элге толук жана түшүнүктүү жеткирүү керектигин белгиледи.

2018-жылдын 1-январынан баштап дагы бир канча  техникалык регламент күчүнө кирди. Бул биздин экспортчуларга чоң таасир этти. Бирок биримдикке товар чыгарган ишкерлер бүгүнкү күнү так жана терең маалымат ала албай жатышат. Кайсы продукцияга кайсы документтер керек айырмалай албай келишет. Ошондуктан тийиштүү мамлекеттик органдар ушул жактан дагы терең иш алып барса….

Эскерте кетсек, Кыргызстан Евразия экономикалык биримдикке 2015-жылдын 9- майында кирген. Артта калган үч жылда ЕАЭБ базарына экспорттолгон айыл чарба продукциясын  көлөмү жылдан жылга жогорудап келе жатат. Былтыркы жылы 26 пайызды көрсөттү.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache