Шашылыш кабар:

Парламент: сурак алган экс-жетекчилер суралсын

Апрель 11th, 2018 | by Түмөнбай Абдинаби уулу
Парламент: сурак алган экс-жетекчилер суралсын
Саясат
0

Парламент Башкы прокурорду кызматтан алуу чечимин чыгарып, айрым депутаттар укук коргоо органдарынын мурунку жетекчилерине укуктук баа берүүнү сунушташты. Анткени Кыргызстанда кайсы бир жетекчи өз кызматын аткара албаса, отставкага кетип, кылган иши үчүн жооп бербей калат. Эл өкүлү Жанар Акаевдин белгилешинче, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаев менен Башкы прокурор Индира Жолдубаева  мыйзамсыз козгогон иштери жана саясатчылардын тагдыры менен “ойногону” үчүн жоопко тартылышы керек. Мындай аракет жаңы келе турган жетекчилерге да сабак болот.

-Эмне үчүн биз аларды эң чоң жазасы катары отставкага эле кетирип коюшубуз керек? Алар буга чейин жасап келген иштерин, жасаган саясий буйруктарды кандай аткарып келген болсо, ошонун баарына жооп беришсин. Жакында кызматтан алынгандарды келечекте башка жетекчилерге сабак болуусу жана алар да саясий буйруктарды аткарбашы үчүн жоопкечилигин карап, башкаларга сабак боло турган кылышыбыз керек.

Депутат Каныбек Иманалиев кызматтан кеткен эки жетекчинин ишин кароо үчүн атайын депкомиссия түзүүнү сунушады. Анын алкагында: «Азыр камакта отурган саясатчылар менен да жолугуп, кылдат иликтөөгө алуу керек»,-деди. Эл өкүлүнүн айтымында, мындай кырдаалга депутаттардын да кайсы бир деңгээлде тиешеси бар. Азыркы учурда кеткен жетекчинин туура эмес кылганын айтуунун ордуна комиссияны ыкчам түзүп, ишке киришүүгө чакырды.

-Биз дагы жооп беришибиз керек. Анткени бул Башкы прокурорду биз дайындаганбыз. Өмүрбек Текебаевди, Канат Исаевди чыркыратып алып кетип жатканда, биз унчукпай отурбадык беле? Саясий буйруктарды ким бергендиги эле жана аны ким аткаргандыгы жөнүндө сөздөр шашпай айтылат. Азыр комиссия түзүп, ага ар бир фракциядан экиден депутатты кошолу. Анда терең иликтеп, түрмөдөгү Өмүрбек Текебаевге, Садыр Жапаровго жана башкаларына барып келип, анан айталы. Бул прокурордун иши бүттү, аны жамандабайлы.

Такталбаган маалыматтарга ылайык, УКМКнын мурунку төрагасы Абдил Сегизбаев менен Башкы прокурор Индира Жолдубаева мындан бир канча күн мурун Кыргызстандан чыгып кеткендиги айтылган. Бирок чек ара кызматы мындай кабарды тастыктаган да, төгүндөгөн да жок. Аталган ведомствонун маалымат кызматынын жетекчиси Гүлмира Бөрүбаева төмөнкүлөрдү гана айта алды.

-Биз мындай маалыматты айта албайбыз. Ал мыйзамдык жактан купуялуулукту талап кылат. Укук коргоо органдары жана соттук иштер үчүн кайрылганда гана бере алабыз.

Өлкөдө укук коргоо органынын жетекчиси үчүн эң жоң жаза аны кызматтан кетирүү дегендей түшүнүк калыптанып калган. Бирок бул жолкусунда укуктук баа да сөзсүз берилип, тиешелүү жазага тартылуусу керек. Мындай оюн Башкы прокурордун мурдагы орун басары Байтемир Ибраев «Маралга» берген маегинде билдирди. Анткени саясатчылардын телефондо сүйлөшүүлөрү интернетке байма-бай жарыяланып жатса, аны тыңшагандарды издебестен, сүйлөшкөндөргө кылмыш иштери козголуп жатты. Ошондой эле: “Белизгейт” боюнча да массалык маалымат каражаттарынан айтылганы менен тергөөдө эч нерсеге жарабаган кагаз экени көрүнүп калды»,-дейт.

-Тараган видео жана аудио материалдарды ким жарыялап жатканын текшерүү УКМК төрагасынын жана башкы прокурордун милдети эле. Бирок алар муну аткарбай, сүйлөшкөн фактылар боюнча иш козгоп, көп саясатчылар камалды. Мунун баарына бирөө жооп бериши керек. “Белизгейт” деп жарабаган кагаздарды Абдил Сегизбаев президентке көрсөтүп алып, массалык маалымат каражаттары аркылуу тиешелүү адамдарды жаманатты кылды. Тергөөгө келгенде кагаздар эч нерсеге жарабай тургандыгы көрүнүп калды.

Саясат таануу илимдеринин доктору, профессор Жолборс Жоробеков президент укук коргоо органдарын тыкыр текшерүүгө алып баштаган соң аларды кызматтан гана алып койбостон, жоопко тартуусу керектигин белгилейт. Мурдагы президенттер Акаев жана Бакиевдердин учурунда да кызматтан алуу менен гана чектелген учурлар көп кездешкен. Бул жолкусунда алардын туура эмес кылган иштерин аныктап, жоопко тарта турган болсо,  мамлекет башчы Сооронбай Жээнбековго да бир топ аброй алып келет.

-Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев эгер “Белизгейт” аягына чыкпаса, Абдил Сегизбаев кызматтан алынып, жоопко да тартыларын айткан. Ал боюнча эч нерсе болгон жок жана 6 айдан бери дайыны жок. Эми муну Сооронбай Жээнбеков аягына чыгарса, эл арасында дагы аброю жогорулайт. Жалган маалыматтар менен көп адамдын тагдырына балта чапкандыгы үчүн жоопко тартылышы керек.

Кошумчалай кетсек, өткөн жуманын аягында УКМКнын төрагасы Абдил Сегизбаев кызматтан кетүү боюнча өз арызын жазган. Баш прокурор Индира Жолдубаеванын отчётуна эки фракция канааттанбай, андан соң президент аны кызматтан алуу сунушу менен парламентке кайрылган. Кыргызстандын тарыхында президент мындай ыйгарым укугун биринчи жолу колдонгондугу маалым болду.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache