Шашылыш кабар:

Депутаттар соттолгондордун жакындарынын арыз-муңун укту

Апрель 11th, 2018 | by Анара Бакытбекова
Депутаттар соттолгондордун жакындарынын арыз-муңун укту
Саясат
0

11-апрелде Жогорку Кеңештин депутаттары өлкөдөгү камактагы оппозициячыл саясатчылардын өкүлдөрү менен жолугушту. Жыйынга келген өкүлдөр камакта жаткан оппозициячыл саясатчылардын камалышына тиешеси бар кызмат башчыларын жоопко тартууну талап кылышты. Өз кезегинде депутат Каныбек Иманалиев айтылган сунуштар менен сын-пикирлердин баары жаңы Башкы прокурорго берилерин белгиледи.


Абакта жаткан саясатчылардын жакындары аларга карата чыгарылган соттук чечимдерди кайра карап чыгууну талап кылышууда. Ал үчүн атайын комиссия түзүп, анын курамына сот түзүмүндө тажрыйбасы бар юристтерди киргизип, саясатчыларга карата чыгарылган соттук чечимдерди дыкат иликтеп чыгуу сунушун киргизишти.

Мурдагы депутат Өмүрбек Текебаевдин жактоочусу Искендер Афиджанов депутаттык комиссия түзүү зарылдыгын айтып, анын сунушун башкалар колдоого алды.

Акыркы жылдары 30дан ашык адамга соттун чечимдери саясий болуп, туура эмес чыкты. Буга күнөөсү барларды жазалашыбыз керек. Ушуга депутаттар кеч болсо да көңүл бурганы кубандырат. Эгерде депутаттык комиссия түзүлсө, бизге окшогон жарандарды да кошсоңор жакшы болот.

Жыйында камалган жарандардын туугандары менен адвокаттары болуп өткөн сот процесстери, азыркы тапта камактагы шарттар тууралуу маалымат беришти.

Эл өкүлдөрү мындай депутаттык комиссия түзүү тууралуу Жогорку Кеңештин токтом долбоору парламенттин кароосуна киргизиле тургандыгын билдиришти.

Ошону менен катар алар депутаттардан башкы прокурор Индира Жолдубаева менен УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаев республика аймагынан сыртка чыгып кетпөөсүн көзөмөлдөп берүүнү өтүнүштү.

Ал эми абакта жаткан депутат Канат Исаевдин бир тууган агасы Талант Исаевдин айтымында, укук коргоо органдарынын саясий буйрук аткарган жооптуу жетекчилери жасаган иши үчүн жооп берүүсү керек.

Жогорку Кеңеш саясатчыларды тыңшоону токтотуу боюнча укук коргоо органдарынан талап кылсаңыздар. Анткени алар кылмышкерлер менен күрөшпөй, саясатчылардын артынан аңдып калышты.

Абакта жаткан саясатчылардын көпчүлүгү саясий мүнөздө соттолгонун депутат Жанар Акаев белгилеп,  алардын буйруктун негизинде камалуусуна тиешеси бар адамдарды жөн гана жумуштан алып коюу туура эмес экенин айтты.

Саясий буйрук аткарсак, камалат экенбиз» деп корко турган кылышыбыз керек. Азыр камалган саясатчылардын баары эле саясий мүнөздө соттолушту. Сиздер саясий бандиттик режим менен күрөшүп жатасыздар. Эми азыр жаңы президентке үмүт оту жанды, ыраазы болуп жатабыз. Керек болсо, ал киши адилетсиз камалгандарды мунапыс берип абактан чыгарып жиберсе дагы ыраазы болобуз. Ошондуктан биз жакынкы күндөрү жооптуу кызмат ордуна келчү адамдардын талапкерлигин карайбыз.

Депутат Каныбек Иманалиев иш-чаранын катышуучулары тарабынан айтылган сунуштар менен сын-пикирлердин баары жаңы Башкы прокурорго берилерин белгиледи.

Амнистия боюнча мыйзам долбоору даярдалууда. Ал май айында парламентте биринчи окууга чыгарылат. Жакында Башкы прокурорлукка талапкерди карайбыз. Жаңы жетекчинин биринчи иши ушул соттук чечимдерди карап чыгуу болот.

Буга чейин депутаттар Кыргызстанда Башкы прокуратуранын демилгеси менен абакка кесилген, миллиондогон сумма айыппулга жыгылган журналист жана активисттердин маселесин талдаган депутаттык комиссия түзүүнү сунуштаган.

Эске салсак, парламент баш прокурор Индира Жолдубаеваны мөөнөтүнөн мурда кызматтан алуу боюнча президент Сооронбай Жээнбековдун сунушун колдоду. Ал эми Абдил Сегизбаев Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматынан өз арызы менен 7-апрелде бошотулган.

Comments are closed.