Шашылыш кабар:

Тогуз-Торо: Инвесторлор менен элдин тиреши

Апрель 11th, 2018 | by Бакыт Төрөгелди уулу
Тогуз-Торо: Инвесторлор менен элдин тиреши
Күн чекит
0

Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунда «Жи Эл Макмал Девелопинг» компаниясынын ишмердигине каршы митингге чыккан эл 11-апрелде аталган ишкананын имаратын жана техникаларын өрттөп жиберди.

Жүз берген окуяга байланыштуу премьер-министр Сапар Исаков Тогуз-Торо районунун акими Тилек Идирисовду кызматтан алды. Ошондой эле Ички иштер министрлигине «Жи Эл Макмал Девелопинг» алтын өндүрүүчү фабриканы өрттөө фактысы боюнча тыкыр иликтөө жүргүзүүнү тапшырды.

«Марал» радиосу окуянын чоо-жайы тууралуу аталган ишкананын башкы директору Максат Жээналиев менен маектешти.

Марал: Максат мырза «Жи Эл Макмал Девелопинг» компаниясы менен жергиликтүү элдин ортосундагы келишпестик жана бүгүн болгон окуя боюнча айтып берсеңиз.

Максат Жээналиев: Казарманда курулуп жаткан алтын ылгоочу фабрикага кезектеги дагы бир чабуул болду десек болот. Бул туура эмес маалыматтарга азгырылган адамдардын тобу аркылуу ишке ашты. Бүгүн мамлекеттик ведомстволор аралык комиссия экинчи ирет келген. Алар жергиликтүү элдин суроолоруна жооп берип, курулуп жаткан Макмал алтын комбинатынын зыяндуулугу, «Жи Эл Макмал Девелопинг» компаниясынын экологияга канчалык зыян алып келээри боюнча иликтөөнүн жыйынтыгын тааныштыруу үчүн барышкан.

Эртең менен саат 10до акимиятта жолугушуу өткөрүшмөк. Бирок эмнегедир аким Тилек Идирисов элдерге барып «силер катуу турсаңар бул компаниянын курулушун токтотуп койсо болот экен» деген сөздү айтканын Токой жана айлана чөйрөнү коргоо агенттигинен уктум.

Марал: Ишкана салып жаткан комбинаттын эмнелери талкаланды, кандай чыгымдар келди?

Максат Жээналиев: Элдер комбинаттын кайтарылып турган имаратына кирип барышкан. 250-300дөй киши дейт. Алар кароолчуларды сабап, таш ыргытып, эки Камаз, бир вышканы өрттөп жиберишиптир. Эскирген дөңгөлөктөрдү алып барып, үйлөрдүн ичине коюп өрттөп, башаламандык болуптур. Милицияларды кубалап, анча-мынча адамдарга колдору тийиптир. Аларга аким өзү баш болуп эле аралашып жүрдү дейт.

Биз Тогуз-Торо районундагы «Жи Эл Макмал Девелопинг» компаниясынын мүлктөрүнүн бүлгүнгө учурашы жана элдин талабы боюнча экинчи тараптын дагы оюн угуп көрдүк. Ал үчүн Каргалык айыл өкмөтүнүн аксакалдар кеңешинин төрагасы Жапараалы Казыбаевди кепке тарттык.

Марал: Жапараалы мырза сиз дагы окуя болгон жерде жүрдүңүз да. «Жи Эл Макмал Девелопинг» компаниясынын ишмердигине каршы митингге канча киши чыкты жана окуя кандайча болду?

Жапараалы Казыбаев: Жалпы 2000ге чукул киши барды. Эл кирип, эч нерсесин калтырбай өрттөп жиберди. Мамлекеттик органдардан түзүлгөн комиссия дагы келиптир. Эл аларды дагы таш менен койгулады. Аялдар жөн эле айласын кетиришти. Дубал-субалдарын түртүп, өрттөөчүсүн өрттөп таштады.

Марал: Комбинаттын курулушу убактылуу токтотулбады беле. Бирок бүгүн кайра чуу чыгып компаниянын мүлкү талкаланды. Эл эмне жоопко тартылып калуусун сезген жокпу? Мыйзам алдындагы жоопкерчилик деген бар да.

Жапараалы Казыбаев: Негизи аким компания ишин токтотсун деп токтом чыгарган. Ага карабай эле компания түндөсү товарларын ташып, бүтпөй калган курулуштарын бүтүрүп жатыптыр. Анан эл деген көрөт экен да. «Комбинаттын курулушу токтоду дебеди беле. Эмнеге токтобой жатат?» деп чуулдап чыгышты. Бирок элге түзүгүрөөк жооп беришпей «ушинтип чырылдап эле калат» деп коюшту. Ушинтип элдин кыжырына тийип коюшпадыбы.

Анан келген комиссия «эми дагы 15 күндөн кийин жыйынтык чыгарабыз» дегенде эл «15 күндү күтүп отурабызбы» деп нааразы болушту. Күч органдары, прокурорлор, акимдин орун басары, айыл өкмөт жүрдү. Алар «Бүлүндүрбөгүлө. Сындырбагыла. Эртең жооп бересиңер» дешти. Бирок эл деген эл экен да. Ага карай турган эмес.

Марал: «Жи Эл Макмал Девелопинг» компаниясынын директору Максат Жээналиев Тогуз-Торо районунун мурдагы акими Тилек Идирисов элди ишканага каршы көкүткөнүн укканын айтып жатат. Чын эле аким жергиликтүү элди компанияга каршы тукурдубу?

Жапараалы Казыбаев: Ушунун баарын ошол Максат шүмшүк өзү кылып жатат. Биз анын өзүн чакырып алып «Бир элбиз. Бир журтпуз. Токтот» деп айтканбыз. «Сен ар кайсы жерден таштанды алып келет экенсиң. Фабрикадан түтүн чыгат. Бир депутат зыян, бирөө башкача айтып жатат. Сен эмне кыласың?» дегенбиз. Ал болсо «мага десе талкалап салгыла. Көчүрүп салгыла. Менин ишим жок. Инвестор таап бер деди, таап бердим» деп кеңкейип койгон. Анын буларды айтканы боюнча телефондон сүйлөгөн жазуусу дагы бар.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache