Шашылыш кабар:

Кожоналиев: Буйрук аткарган прокурор жазаланыш керек

Апрель 11th, 2018 | by Бакыт Төрөгелди уулу
Кожоналиев: Буйрук аткарган прокурор жазаланыш керек
Күн чекит
0

Президент Сооронбай Жээнбековдун Башкы прокурор Индира Жолдубаеваны мөөнөтүнөн мурун кызматтан алуу сунушуна 105 депутат «макул», 2 депутат «каршы» добуш берди. Ала арада Жогорку Кеңеште айрым депутаттар Индира Жолдубаева менен УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевдин жоопкерчилигин кароо демилгесин көтөрдү.

Биз ушул теманын айланасында мурдагы Аскер прокурору, генерал-майор Кубатбек Кожоналиев менен «Күн чекитте» маектештик.

Марал: УКМКнын мурдагы башчысы Абдил Сегизбаев менен Индира Жолдубаеванын буга чейин жасаган иштери боюнча жоопкерчилигин кароо маселеси сунушталды. Бул демилге канчалык жөндүү?

Кубатбек Кожоналиев: Президенттин жолдомосунда Башкы прокурордун ишмердүүлүгүнө бир топ сын пикирлер айтылган экен. Жогорку Кеңештин токтомунда 10 чактыдай тапшырма берилиптир. Ошону менен бирге 235 адамга мыйзамсыз иш козголуп, сот аркылуу акталып чыгыптыр. Анын ичинен 23-24 адам убактылуу кармалуучу жайларда жатыптыр. Демек 200дөн ашык адам мыйзамсыз түрдө жоопкерчиликке тартылган.

Ошол эле убакта кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган кылмыштар 40 кишиге көбөйүп кетиптир. Бирок бул иштер боюнча бир дагы чара көрүлбөй, бир дагы адам жоопкерчиликке тартылбаптыр. Демек президент жөнөкөй адамдардын укугу бузулган, алардын тагдыры эмне болду деген суроону туура коюптур.

Марал: Айрым депутаттар прокуратура тарабынан саясатчыларга козголгон иштер боюнча Башкы көзөмөл органы менен УКМКнын мурдагы жетекчиси жооп берүүсүн талап кылууда. Бул иштер боюнча алардын жоопкерчилиги канчалык?

Кубатбек Кожоналиев: Кээ бир интернет булактарында соттор Ак үй аркылуу башкарылып турган деген сөздөр айтылып жатпайбы. Мисалы Оморова «президенттин аппаратындагы Манас, Алмаз деген жигиттер сотторду кол менен иштетип калган» деп жазбадыбы. Эгерде ошондой буйрутмалар такталып, саясий негизде сот чечимдери чыккан болсо албетте Баш прокурор менен ага тиешеси бар кызмат адамдары жоопкерчиликке тартылыш керек.

Марал: Күч органдарынын жетекчилерин буга чейин жасаган иштерине жооп бериши үчүн кандай чаралар колдонулушу керек?

Кубатбек Кожоналиев: Парламентте Мыктыбек Юсупович Абдылдаев «Бекназаровду жоопкерчиликке тартып жаткан убак эсиңердеби? Кыргызстандын соңку жаңы тарыхында үч прокурор кылмыш жоопкерчилигине тартылган. Бирок ошондон жыйынтык чыккан жок» деп айтпадыбы. Мындай фактылар болгон. Алар буйрутма иштер менен иштеп, кийин жоопкерчиликке тартылган. Демек биз ушундай окуяларды болтурбоо жана ага барган учурда аны жоопкерчиликке тартуу механизмин иштеп чыгышыбыз керек.

Comments are closed.