Шашылыш кабар:

Муратбеков: Тогуз-Тородогу фабриканын ачылышына уруксат берилген эмес

Апрель 11th, 2018 | by Талгат Мураталиев
Муратбеков: Тогуз-Тородогу фабриканын ачылышына уруксат берилген эмес
Кыска кабар
0

Тогуз-Тородогу алтын чайкоочу фабриканын ачылышына эч ким уруксат берген эмес. Бул тууралуу Мамэкотехинспекциянын директору Канатбек Муратбеков билдирди.

Анын айтымында, буга чейин алтын чайкоочу «Джи Эл Макмал Девелопинг» ишканасына Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбачылыгы боюнча мамлекеттик агенттик экологиялык талаптарга жооп бербегени үчүн фабриканы ачууга уруксат берген эмес.

Ал фабриканын курулушуна байланыштуу маселе жок, экологиялык гана маселе бар экенин кошумчалады.

Эске салсак, бүгүн эртең менен «Джи Эл Макмал Девелопинг» ишканасынын ишине нааразы болгон эл фабриканы өрттөп жиберишкен. Окуяга болгон жерге өрт өчүрүү кызматы чакырылып, бирок жол тосулгандыктан өрт чыккан жерге өтө алышкан эмес.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache