Шашылыш кабар:

Прокуратура статистика органына айландыбы?

Апрель 11th, 2018 | by Бакыт Төрөгелди уулу
Прокуратура статистика органына айландыбы?
Саясат
0

Парламенттин 11-апрелдеги жалпы жыйынында Башкы прокурорду кызматтан алуу боюнча президенттин сунушуна 105 депутат «макул», 2 депутат «каршы» добуш берди. Добуш берүү эл өкүлдөрүнүн сунушу менен ачык өттү. Сооронбай Жээнбековдун Баш прокурорду кызматтан алуу боюнча сунушунун мазмунун депутаттарга президенттин аппарат жетекчиси Мухаммедкалый Абылгазиев тааныштырды:

— КРнын президентинин дарегине прокуратура органдарынын аракеттерине же аракетсиздигине көптөгөн даттануулар келип түшүүдө. Тергөөнүн жана иштерди соттордо кароонун жүрүшүндө жарандардын укуктарын бузуулар көп санда болуп жатса да бир дагы укук коргоо органынын кызмат адамы жаранды мыйзамсыз жоопкерчиликке тартканы үчүн жооп бере элек.

Бүгүнкү прокуратура органы көзөмөлдөө органынан адамдардын укук бузууларын аныктаган статистика органына айланып, укуктарды жана эркиндиктерди одоно бузууларга жол берилип жатканын баарыбыз билебиз.  Жогорудагы айтылгандарды эске алып КРнын Башкы прокурору Жолдубаева Индира Ырысбаевна прокуратура органдарынын аракеттүү жана натыйжалуу көзөмөлдү ишке ашыруу, коррупцияга каршы күрөшүүнү координациялоо боюнча коюлган милдеттерди аткара албай жатат деп эсептөө орундуу.

Индира Жолдубаеваны кызматтан алуу сунушуна депутат Аалы Карашев менен Асель Кодуранова «каршы» добуш берди. Бирок Баш прокурор Жогорку Кеңешке өзү келген жок. Ал анын катышуусу жок эле бул маселени карай берүү өтүнүчү менен парламентке кат жолдогонун төрага Дастанбек Жумабеков айтты. Жыйында мурдагы Башкы прокурор, «Бир Бол» фракциясынан депутат Мыктыбек Абдылдаев прокуратуранын ишин аксаткан жайгдайлар боюнча маселесин көтөрдү:

— Прокуратуранын функциясынын баарын кесип салдык да. Анан жумушу жок болуп калганда Ички иштер министрлигинин кээ бир статистикаларын прокуратурага берип койдук. Буга прокуратурадан башка дагы органдар күнөөлү да. Ушундан улам алар азыр отуруп статистиканы гана санап калды. Эгер иш ушундай боло турган болсо прокуратурага функцияларын кайра берели. Тиги саясатчыга, бул саясатчыга кылмыш ишин козго деп (Башкы прокурорго) эч ким басым кылбаш керек. Ал өзүнүн милдетин өзү аткарып, аткара албай калганда өзү кетип калгандай шарт түзүп беришибиз керек.

Башкы прокурор Индира Жолдубаеваны кызматтан алуу маселеси боюнча бир катар депутаттар өз пикирлерин айтышты. Айрымдар Сооронбай Жээнбеков Башкы прокурорду кызматтан алуу боюнча ыйгарым укугун колдонуп, Жогорку Кеңешке сунуш киргизип жаткан биринчи президент экенин эске салышты. Эл өкүлү Акылбек Жапаров депутаттарды кадрларды кызматка дайындоого олуттуу кароого чакырды.

— Урматтуу президентибиз Сооронбай Шарипович өзүнүн укугун туура колдонду деп эсептейм. Ошону менен мындан ары парламент дагы өзүнүн укуктарын туура пайдаланыш керек. Биз кесипкөй гана кадрларды парламенттин элегинен өткөрүшүбүз керек. Шайлап жатканда бир ооз суроо бербей, жалтаңдап, алып келген кишини шайлап коюп, кетиргенде дагы бир суроо бербей кетиргенибиз туура эмес.

Президент Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин 8-февралдагы жыйынында 2016-жылы прокуратура 8877 текшерүү жүргүзгөнүн, анын 8 пайызы боюнча гана кылмыш иши козголголгонун сындаган. Ал козголгон иштердин 50 пайызы гана сотко жөнөтүлсө, анын ичинен 8 эле иш боюнча айыпталуучу эркинен ажыратылганын айткан. Депутат Исхак Масалиев «эми прокуратура козгогон иштерди кайрадан карап чыгышы керек», — дейт.

— Биринчи кезекте прокуратура баш кесерлик функциядан качыш керек. Ал көзөмөлдөө милдетин унутпашы керек. Мурдагы Башкы прокурор акыркы жылдары козгогон иштерди кайрадан текшерүү зарыл. Туура эмес козголгон иштерди кыскартып, туура эмес кыскартылган иштерди кайра козгоп, аягына чейин жеткириш керек. Анан сөзсүз эле бир кишинин, бир топтун буйругун аткарууну токтотуу зарыл.

Сооронбай Жээнбеков парламентке Башкы прокурор Индира Жолдубаеваны кызматтан алуу сунушун 10-апрелде киргизген. Жээнбековдун сунушу  шейшембиде Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш жана сот-укуктук маселелер боюнча комитетинде каралып, колдоо тапкан. Индира Жолдубаева Башкы прокурор болуп 2015-жылы дайындалган.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache