Шашылыш кабар:

Камактагылардын ден соолугун абактын дарыгерлери текшерсин (Элдик пикир)

Апрель 11th, 2018 | by Айжамал Худайбердиева
Камактагылардын ден соолугун абактын дарыгерлери текшерсин (Элдик пикир)
Талаш талкуу
0

10-апрелде Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы №47 абакта жаткан Өмүрбек Текебавдин саламаттыгын текшериш үчүн аны Улуттук кардиология борборуна алып келген. Текебаевдин жактоочусу Чынара Жакупбекова маалымдагандай, 10-апрелде Текебаев Улуттук кардиология борборунда текшерүүдөн өткөрүлүп, анализ тапшырган. Ал эми 2014-жылы абакта отурган  Акматбек Келдибеков ден соолугуна байланыштуу Германияда жарым жылдай убакыт дарыланып келген.

“Марал” радиосунун “Талаш талкуу” программасында “Эркинен ажыратылган белгилүү адамдар медициналык борборлордон саламаттыгын текшертип, чет өлкөдөн дарылануу укугуна ээ болушу керекпи?”  деген суроонун алкагында угармандардын пикирин угуп көрдүк. Берүүнү Рита Мукалаева алып барды.

Байланышкан угармандардын 89% эркинен ажыратылган таанымал адамдарга жеңилдик, кошумча мүмкүнчүлүктөрдү берүүгө каршы экенин билдиришкен. Алардын пикиринде, мыйзам баарына бирдей иштеши керек.

Ал эми 3 угарман эркинен ажыратылган саясий ишмерлердин дарылануусуна уруксат берилүүсүн колдойт.

Кант, Тынчтык:

— Мыйзам баарына бирдей иштеши зарыл. Эгер камактагы жаран ооруп калса, анын дарылануусуна уруксат бериш керек. Саламаттыгын чыңдап алып, кайра милдетин өтөй берет. Медициналык жардам көрсөтүлүүсүнө каршы эмесмин. Мындай шарттар бир гана белгилүү адамдар үчүн гана эмес, бардык жарандар үчүн түзүлсүн. Анткени мыйзам алдында бары бирдей.

Жеңишбек:

— Белгилүү адамдарга эч кандай кошумча укук, шарт берилбеши зарыл. Баарына бирдей карашсын. Ар бир мекемеде кызматкерлерди, жумушчуларды тейлеген медициналык пункт болот. Камактагылардын да саламаттыгын абактагы дарыгерлер текшерсин. Таанымал адамды атайын бөлүп алып, Улуттук кардиология борборунан ден соолугун текшертүүнүн кажети жок. Түрмө эркинен ажыратылгандан үчүн. Анда жарандардын кыймылына чектөө коюлат. Мекеменин эрежелери бар. Кылмыш жасап, эркинен ажыратылгандардын барына бирдей мамиле жасалышы шарт.

Кубанычбек:

— Мен каршымын. Чет өлкөлөрдө коррупциялык иштер менен кармалган мамлекеттик кызматкерлерге жеңилдик берүү бул жакта турсун, аларды атып салышат. Эмне үчүн мыйзамды бузган кылмышкерлерге кошумча шарт түзүшүбүз зарыл? №47 абакта ден соолугун текшертүүгө бардык шарттар бар. Бул саясатчылардын эртерээк эркиндикке чыгууну көздөгөн саясий оюуну.

Билал:

— Жөнөкөй адамдар деле абакта отурат. Белгилүүлөрдү бөлүп кереги эмне? Аларга өзүнчө көңүл барсак, калгандар капаланат. Мыйзам алданда баары бирдей болуп, отурган абагынан дарылансын. Эгер өлүмгө себеп болгон оору менен жабаркап жатканы көз карандысыз эксперттер тарабынан тастакталса, анда дарыланууга уруксат берилиш керек.

Ички иштер министрлигинин коомдук кеңешинин төрагасы Толкунбек Исаков:

— Жарандар Кылмыш-жаза, Жазык-аткаруу кодекстеринин негизинде эркинен ажыратылып, жазаланат. Жаза кылмышкер катасын сезип, аны кайра оңдоо мүмкүнчүлүк түзүү үчүн берилет. Жөнөкөй тил менен айтканда, кылмышкер катасын сезе ала турган деңгээлде жазаланышы керек. Камалгандардын барына бирдей жаза колдонуунун кажети жок. Кылмышкердин саламаттыгы коркунучта болсо, мейли ал белгилүү болсун, мейли жөнөкөй жаран, экөөнө тең мыйзам бирдей иштеши зарыл. №47 абакта жүрөктүн эхокардиографиясын аныктоочу жабдуу бар же жок экенине, ал кандай шартта иштээрин саламаттыкты көзөмөлдөгөн адистер жооп бергени оң. Оорунун кооптуулугуна жараша дарттын анализдерин атайын борбордон аныктоого туура келиши мүмкүн.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache