Шашылыш кабар:

Сузакта жеке тарап 10 гектардай жайытты эки жылдан бери колдонуп келет

Апрель 11th, 2018 | by Айжамал Худайбердиева
Сузакта жеке тарап 10 гектардай жайытты эки жылдан бери колдонуп келет
Айылдан сүйлөйбүз
0

«Марал» радиосунун «Айылдан сүйлөйбүз» программасынын бул жолку чыгарылышында Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Кызыл-Көл айыл өкмөтүнүн Бел-Каша айылынын жайыт көйгөйү талкууланды. Маалыматка ылайык, аталган айылдын тургундары жайыт тартыштыгынан улам көп кыйналышат. Анткени Болот Жалмырзаев аттуу жаран төрт жылдан бери 10 гектарга жакын жерди жергиликтүү элге бербей, жеке менчик катарында колдонуп келет. Аймактын ушул жана башка маселелерин аймак жашоочуларынан билип көрдүк. Уктурууну Түмөнбай Абдинаби уулу алып барды.

Жергиликтүү депутат Белек Кадыралиев:

— 9 гектар 80 сотых жерди Сары-Булак, Кара-Булак айылдары ички жайыт кылып пайдаланып келишкен. 2016-жылы ноябрь айында Болот Жалмырзаев Орток токой чарбасынын директору менен жең ичинен сүйлөшүп, жасалма документ жасатып, жерди 5 жылга ижарага алып алган. Жалмырзаев жайыт комитетин тоготпой, өзүм билемдик кылып, жайыт жерди айдап, үрөн сепкен. Айыл тургундарынын айтымында, быйыл дагы 1 гектарга жакын жерди бузуп, айдоого айлантып жатат. Айылда сугат жер жоктугунан , эл мал чарбачылыгына өтүп кеткен. Ата-энелер окуу аяткаганда балдары менен аймактын 15-20 км алыстыктагы жайлоолорго көчүп кетишет. Мыйзам эл тарапта болууда. Болгону жайыт комитетинин гана эрки жетпей жатат. Маселе боюнча айыл өкмөтү, аким кабардар.

Айыл тургуну Авазбек Алымкулов:

— Мал багам. Болоттун аракети элге көп кыйынчылык туудурууда. Жашым жетимиште. Ушул куракка чейин жайыттын айдалганын көргөн эмесмин. Мурда эки колхоздун малын ушул жерге багып, жайында жайлоого көчүп кетчүбүз. Эми Болот эки жылдан бери эгин айдап, элди коркутуп жүрөт. Эми малдар кайда кетээри белгисиз. Мал көп, жайыт жок. Айыл өкмөткө айттык, акимден такыр кабар болгон жок.

Кызыл-Көл айыл өкмөтүнүн башчысы Автандил Кушбаков:

— Бел-Каша биздин ички жайытыбыз. Ал эки айылдын ортосунда жайгашкан. Мурда Болот Жамырзаевге келишим түзүлгөн. Бирок бүгүнкү күндө келишимдин мөөнөтү бүтүп, жокко чыгарылган. 2016-жылдан бери келишим түзүлбөй иш алып барып жүргөнбүз. Бел-каша жайыт боюнча пайдаланылышы керек деген чечим чыккан. Бул боюнча мамлекеттик каттоо кызматынын да корутундулары бар. 7 гектар 30 сотых жер жайыт. «Орток» токой чарбасы менен ич ара чектешип турабыз. Токойлуу жерлер аларга, жайыт жерлер бизге караштуу. Аталган токой жетекчиси келишим түзүп, жайыт жерди токойлуу аянт катары берип салууда. Бирок биз облустук деңгээлде бул ишти карап, Жамырзаевдин келишимин жокко чыгарттык. Бирок ал, келишимди сот жокко чыгарат деген маселени коюп жатат. Мурунку жылдары Кара-Булак айылы менен соттошуп жогорку инстанцияга чейин барганбыз. Жаңы ачылган жагдайдан улам, маселе кайра өрчүп жатат. Эми келишимди жокко чыгаруу зарыл. Мыйзамга ылайык, жайыт жеке адамга берилбейт, коомчулук пайдаланат. Айыл өкмөттө 12 миң гектарлык ички жайыт бар. Бул жерде Сары-Булак, Кара-Булак айылдарынын маселесин кароо зарыл.

Сузак районунун акиминин орун басары Төрөгелди Түркбаев:

— Маселе боюнча тийиштүү кызмат органдарын чакырып, райондук деңгээлде жыйын өткөргөнбүз. Жамырзаевге «Орток» токой чарбасы жерди картадан туура эмес белгилеп койгон. Бирок комиссияда карагандай, Бел-Каша жайыты айыл өкмөтүнүн балансында, аны жайыт комитети башкарат. Жайыт мыйзамына ылайык, жайытты эки айылдын эли пайдалансын деген чечим чыгарып бергенбиз. Сузак районунда 1290 миң гектарга жакын жайыт бар. Жайыт жетиштүү. Бирок малдын саны өсүп жаткандыктан алмаштырып пайдаланууда жайыт жетпейт. Жайыттын өзүнө эмес, жайытка жакын жерге тигилген көчөттөрдү кароого токойчулар милдеттендирилди. Бел-Кашадагы жер жайыт комитетине өткөрүлүп берилген. Бул маселе чечилген. Экотехинспекцияга да жайыт маселесин койдук. Жайыт жалпы пайдаланчу жер болуп эсептелет, Жамырзаевге таандык эмес. Ал 10 гектардан ашык жерди айдоо аянтына айлантууну көздөп жатканы боюнча маалымат түштү. Бугүн Кызыл-Көл айыл өкмөтүнүн башчысы Автандил Кушбаков менен жайыт комитети атайын комиссия түзүп, окуяны аныктоого кетишти. Эгер жайытты айдачу болсо, дароо мыйзам чегинде чара көрүлөт.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache