Шашылыш кабар:

Башкы прокурорду кызматтан алуу (Тексттик трансляция)

Апрель 11th, 2018 | by Орозгүл Арстанова
Башкы прокурорду кызматтан алуу (Тексттик трансляция)
Кыска кабар
0

10:20-

Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында Индира Жолдубаеваны Башкы Прокурор кызматынан бошотуу боюнча президенттин сунушун депутаттар колдоду.

Жыйында добуш берүүгө 110 депутат катталып, анын жүз беши колдосо, экөө каршы болду

Каршы добуш берген депутаттар: Аалы Карашев менен Асел Кодуранова.

Ал эми эл өкүлдөрү Ирина Карамушкина, Марат Аманкулов жана Айнура Осмонова добуш берүүгө катышкан жок.

Мындан тышкары, отурумга Канат Исаев, Автандил Кулабараков, Асылбек уулу Дамирбек, Данияр Аттокуров, Дастан Бекешев, Чыныбай Турсунбеков, Аскарбек Шадиевжана Бакыт Жетигенов келген жок,

 

10:12-Башкы прокурорду кызматтан алуу боюнча президенттин сунушун Жогорку Кеңеш колдоду.  Өлкө башчынын сунушуна 105 депутат «макул», 2 депутат «каршы» добуш берди.

10:00-Бүгүн кызматтан алуу маселеси каралып жаткан, Башкы Прокурор Индира Жолдубаеванын туулган күнү. Ал 1979-жылы 11-апрелде Бишкек шаарында туулган.

Жолдубаева 2015-жылы январь айында Башкы Прокурор кызматына дайындалган. Ага чейин Президенттин Аппаратында, Кадр кызматында жана эл аралык уюмдарда иштеген.

09:46-Башкы прокурор Индира Жолдубаева Жогорку Кеңеште аны кызматтан алуу маселесин кароого өзү келген жок. Жолдубаева бул ишти парламент анын катышуусусуз эле карай берүүсү тууралуу кат жибергенин төрага Дастанбек Жумабеков айтты.

Учурда Жогорку Кеңеште Башкы прокурор Индира Жолдубаеваны мөөнөтүнөн мурун кызматтан алуу боюнча президенттин сунушу каралууда.

09:30- Жогорку Кеңеш Башкы прокурор Индира Жолдубаеваны кызматтан алуу сунушун карап жатат. Парламентке бул маселени кароо өтүнүчүн президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлү Курманбек Дыйканбаев киргизип, ал Жогорку Кеңеште биринчи маселе болуп каралды.

Өлкө башчы Сооронбай Жээнбековдун Башкы прокурор боюнча сунушу менен президенттин аппарат жетекчиси Мухаммедкалый Абылгазиев тааныштырды.

Парламент Индира Жолдубаеваны кызматтан алуу маселесин анын катышуусу жок элек карай турганы дагы белгилүү болду. Бул тууралуу Башкы прокурор өзү кат жолдогонун төрага Дастанбек Жумабеков айтты.

Эске салсак 10-апрелде Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш жана сот-укуктук маселелер боюнча комитети президенттин Индира Жолдубаеваны кызматтан алуу сунушун колдогон.

Сооронбай Жээнбеков Баш прокурорду кызматтан алуу демилгесин Индира Жолдубаеванын коррупция менен күрөштө, адам укуктарын коргоодо жетишсиз иш алып барганы менен байлыштырган.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache