Шашылыш кабар:

Эдил Байсалов: Коопсуздугумду тобокелге салып коюп, жыргап атыптырмынбы?

Апрель 10th, 2018 | by Айжамал Худайбердиева
Эдил Байсалов: Коопсуздугумду тобокелге салып коюп, жыргап атыптырмынбы?
кечээ. бүгүн. эртең
0

«Марал» радиосунун“Кечээ. Бүгүн. Эртең.” программасынын кезектеги коногу саясатчы Эдил Байсалов болду. Уктурууну Майраш Базлакунова алып барды.

— Бир топ жыл чет өлкөдө жашап жүрдүңүз. Эми Кыргызстанга  биротоло  келдиңизби?  Соңку   жылдары  активдүү  жарандык  позицияңызды  билдире  баштадыңыз. Чоң  саясатка аралашайын деген ойдосузбу?

— Мен Кыргызстандамын. Чет өлкөгө кетчү киши болсом 1992-жылдарда калып калмакмын. Ошол жылы Тургут  Озалдын чакыруусу боюнча Түркияга барып, Анадолу лицейинде окуп келдим. Нарын шаарындагы №7 мектепти алтын медаль менен аяктап, Америкада да бир жыл билим алып келдим. Мен үчүн эгемендүүлүк алгандан кийин эң кызыктуу окуялар, процесстер, өзгөрүүлөрдүн баары  Кыргызстанда болуп жатакандай туюлуп, аны көрүшүм керек деп университетке да барбай койгом. Өкүнбөйм, бирок туура кылдымбы деп көп ойлонгом. Орто Азиядагы  Америка университетинде окуп жүргөндө канчалаган программаларга катышпай, окуумду Кыргызстанда бүтөм деп жүрдүм. 28 жашымда коалицияда, ага чейин чет өлкөлүк инвесторлор менен иштеп, далай нерсени жасадым десем болот. Мага асылгандар, “бул бейөкмөт уюмдар менен иштешип, чет өлкөгө качып кетет экен” дегендер да болду. Чет өлкө менден калган. Группалаштардан Бишкекте 3 эле киши калыптыр. Алардын арасында Германияда, Пекинде «Мерседести» жетектеген кыргыз кыздар, дүйнөлүк банктарда иштеген балдар бар.

— Досторуңузду көрүп өкүнгөн учурларыңыз болобу?

— Досторумду көрүп туруп, өкүнүч сезим пайда болбойт. Билимим жетишпей калгандыктан Кыргызстанда калып калган жерим жок. 2009-жылы Гарвардга окууга өткөндө барбай койгом. Ошого кээде өкүнөм. Жантөрө Сатыбалдиев менен Бакудан учуп келип, Роза Отунбаева менен учурашканда ал мени жаман көзү менен караганы эсимде. «Кетип атасыңбы окууңа” деп койду. Мен мекенге кайтып келип, ата-энем менен көрүшкөнүмө сүйүндүм. Окууга барбай калганыма бир аз өкүнүп калам.

— 2010-жылдан кийин КР социалдык өнүгүү министринин орун басары болуп да иштедиңиз. Мамлекеттик кызматта тажрыйбаңыз аздык кылды көрүнөт, карьераңызды мындан ары улантайын деген ой келеби?

— Мен өз тажрыйбамды аз деп эсептебейм. Кыргыз Республикасы менден 13 жашка кичүү. Мамлекеттик процесстин баарына аралашып, өз салымымды коштум. Жүрөгүмдөн да, колумдан да өттү. Туура, мен уурдаганды билбейм. Мамлекеттик кызматта турганда уурулук кылып, башкалар менен бөлүшкөндү билбегеним үчүн көп кишилер тажрыйбасыз, байкуштай көрөт. Кызматка барып дароо иштей албайсың, үйрөнүп, кандай жумуштар аткарылып жатканын көрүш керек. Мен кандай талаптарды койгонумду кызматкерлер, райондук бөлүмдөрдүн жетекчилери айтып берсин. Эдил Байсаловду кемсинткен менен ал мага эч качан жукпайт.

— Бул кемсинтүү эмес, тактоо үчүн берилген суроо. Айтыңызчы, сизди чоң саясатка ким алып келди? Башында КСДПнын курамынан көрсөк, кийинчерээк «Айкөл эл» деген партияны түптөп кеттиңиз. Саясатка аралашууңузга КСДПнын орду канчалык болду?

— КСДПга, 2005-жылга чейин бейөкмөт уюмдардын, демократия жана жарандык коом үчүн коалицияда чоң иштерди аткардык. Бир да партия, депутат сүйлөбөй, өчүп калган учурда,  демократиянын шамын өчүрбөй сактап калдык. Өз киндигибизди өзүбүз кестик. Саясатка тааныштар ээрчитип келген эмес. Курманбек Бакиевге уюшкан кылмыштуулук, конституциялык реформаларга барбоо боюнча, биринчи сынды мен айтып чыктым. Апрель айында митингдерди уюштуруп, Куловдорго макул болбой, А.Атамбаев, Р.Отунбаева, А.Бекназаров, Д.Садырбаев, Ө.Бабанов оппозициялык топтон өзүнчө болуп калдык. Биз аларга каршы болдук. Элибиздин ынтымагына өтө чоң коркунуч келген болчу. Ошондо биз Бакиевдарди кетиребиз деп жатып, “убакыт керек, эл да бышып, баарын көрүшү керек. Шишик эл түшүнгөндө гана жарылат, эрте кылып койсок, көпчүлүк бизди колдобой коюшу мүмкүн дедик.” Мени КСДПга Атамбаев өзү чакырган. Жоопкерчилик тапшырып, өзүнүн бөлмөсүн бошотуп берген. 2007-жылы 30 жашта элем. Атамбаев КСДПны жетектеп бер деген,  бул партия мүчөлөрүнүн көпчүлүгүн  жакшы тааныйм.

— Атамбаевдин санаалаштарынын катарында жүрүп эле  анан  экөөңүздөрдүн ортоңуздардагы тирешүү эмнеден улам башталды? Сизден кеттиби же ал киши сизге ишеним көрсөтпөй калдыбы?

— Биринчиден муну тирешүү деп айтууга болбойт. Атамбаевдин жашы да, жолу да улуу. Канча сындасам да  мени менен тиреше турганчалык эмес. Кеп башка жерде. Бул кишинин мүнөзү катаал, ал жанында акылдуулардын болушун жактырбайт экен. Мен ошону түшүндүм. Ал жанында айдоочуларды, жан сакчыларын гана алып жүрөт. Өзү айтканы гана чын болуп,  калгандардын оюн жактырчу эмес. 2009-жылы президенттик шайлоого аз калганда Атамбаевдин талапкерлигин колдогон эмесмин. Мен талапкерликке Өмүрбек Текебаев, Исмаил Исаков же Бакыт Бешимовдун бирөөсүн тандап чыгаралы дегем. 2010-жылда дагы Роза Отунбаева менен иштеп жүрдүм. Ал дагы төрайымдыкты толук кандуу алып барбай койду. Атамбаевдин сөзүн эки кылбай, ага иштеп жүрдү. Роза Исаковна өтө акылдуу, кыраакы киши. Ал мунөзүн, табиятын, баарын билчү. Бир, эки жолу Отунбаева менен сүйлөшүү болуп, ага  Атамбаевке бийликти берүү менен чоң кылмышка бараарын, бийликти өткөрүп берсе кыргыз эли кечирбей турганынын айткам.  Азыр эми таң калган театрга түшүнбөйм.

— Сиз коомчулукта резонанс жараткан “Ашанын 11 досу” видеосун жарыяладыңыз. Бул маалыматты сиз кайдан топтодуңуз? Мындай маалыматтар кайдан келет сизге? Эмне үчүн буларды мурда, тактап айтканда, А.Атамбаев  кызматан кете электе көтөргөн жоксуз?

— Субихи Пархати деген жаш жигит боюнча, ал кызматтан кийин, 27-октябрда өзүнүн “Форум” фирмасын каттоодон өткөрүп жатат. Бул жакында болгон маселе. Мага эч качан бир нерсе дей албайсыңар. Мен Акаевге такта отурганда  да  сын  айтчумун. Бакиевге да кыйын чыккандар көп. Аларга, Атамбаевге бийликте отурганда бетине айткам. “Elektromed Elektronik ишканасы «Алмазбек Атамбаевге 35 миллион доллар төлөп берген деп чыкпады беле. Мен аны 27 млн доллар деп тастыктап бердим. Атайын Түркияга барып бүт документтерин алып келдим.

— Жеке каражат коротуп, иликтөө жүргүздүңүзбү?

— Өзүмдүн жеке каражатым. Азыр Кудайга шүгүр. 1990-жылдары чоң көйгөй болчу. Эми кырыздар айылдан чыгып эле Камчаткага жетип жатат. Ушунча досторум, жогорку билимим менен эмне үчүн Стамбулга жете албашым керек? Булар жеке учагы менен ары бери чапкылайт экен, биз болсо Стамбулга жете албайт экенбиз. Билет болгону 100 доллар.

— Сиз үчүн мындай иликтөө жасоонун зарылчылыгы эмнеде эле?

— Чындык. Иликтөө жасоонун зарылчылыгы акыйкаттыкты көрсөтүү болчу. Атамбаевдин   “мен дайыма бай жашаган, мульти миллионер болчумун. Силер таң калбагыла” дегени туура эмес.

— Азыр эксперттердин баамында коопсуздук кызматы бийликтин көзүн карап жүрөт. Бирок  сиз  ушундай  иликтөө  материалдарыңызды   УКМКга расмий  сунуп көрдүңүзбү?

— Мен ошол учурда жалпы коомчулукка кайрылдым. Атамбаевдин эки чоң жетишкендиги бар. Ал 2 нерсени туура кылды. Сөзүнө туруп президенттиктен кетти. Мурунку коррупционерлерди жазалоо боюнча мыйзамга жакшы өзгөртүүлөрдү киризди. Канча сын айтылса да, калыс болуш керек. Бир жактуу каралоо да болбойт. Атамбаев абдан уникалдуу адам. Ал көп жашаса, аны менен дагы көп эрмектешебиз. Жалпы кыргыз эли үчүн бул чоң трагедиябы же комедиябы айтор ушунун баарын айтып бергенге Шекспирдей, Саякбайдай  кишилер керек. Чоң эпостой болду. Бирөөнү камакка алууга чейин адилеттүү сот системасын курушубуз зарыл. Мамлекетте адам укуктары толук сакталбай, акыйкатсыздык болуп жатат. Ак жеринен кесилип кеткендер бар. Ким түрмөдө, ким эркиндикте экенинде айырма деле болбой калды.

— Кандай ойлойсуз, эмне үчүн Алмазбек Атамбаев сиздин иликтөөлөрүңүзгө жооп берген жок. Сот аркылуу актыгын далилдесин десеңиз да, реакция кылган жок. Акыркы жолу КСДПнын курултайында сиз жөнүндө айткандарын дагы уксаңыз керек…

— Анткени чындык болуп чыгууда. Субухи Пархати тууралуу маалыматты ЖМКлар да казып чыкса болот. Менде болгон интернет, аларда да бар. Мага бул маалыматтарды атайын кызматтар берди десем да болмок. Бирок андай болгон жок. Жазган материалдардын баарын шилтеме кылам, өзүңөр көрүп турасыңар. Бул маалыматтар коомчулукка жеткиликтүү, ал расмий түрдө далилденип жатат.

— Өмүрүңүз үчүн кооптуу учурлар болуп, коркутууларга кабылдыңызбы?

— Болот. Бирок мен бул кинону бир канча жолу көргөм. Бирөөлөр үчүн булар жаңылык болсо, мен үчүн тасманын төртүнчү сериясы. Мунун баары эмне менен бүтөөрүн билем. Атамбаев мени сотко бере элек. Анткени айткан сөздөрүмдүн баары далилдүү экенин тастыктаган доккументтер колумда турат. Ошондуктан да мени сотко бербейт. Мен үстүртөн эле казып жатам. Баарын казып чыксаңыз 50 мүнөттүк кино чыгат. Азыркы 5 эле мүнөт. Ошондуктан Атамбаев тийгиси да келбейт, эл эртерээк унутуп калышын каалайт.

— Сизди айрам оппоненттериңиз  Эдил Байсалов  манипуляцияны абдан жакшы өздөштүргөн  деп айтып  калышат  экен. Бирок  бул психологияны мыкты билгениңизден да кабар берсе керек…

— Мен ушунчалык манипуляция кылсам көчөдө жүрөт белем? Биринчи, экинчи, үчүнчү президент менен жыргаганым үчүн жүрөмүнбү? Айтыныздарчы?!  Мамлекеттик кызматты чанып, коопсуздугумду тобокелге салып, “манипуляция” деген сөздөрдү угуп элге жаман көрүнүп жүргөн май талкандуу жумуш деп ойлойсуңарбы? Ошондуктан элибиз, бул бир жактан акча алат, бирөө колдойт деп ойлойт экен.

— Азыр эч бир кызматта иштебесеңиз каражатты кайдан аласыз же бизнесиңиз барбы? Гранттар менен жашайсызбы?

— 2005-жылы бир канча ай грант алып, коалицияда бир  аз иштедим. Андан бери бир да чет өлкөдөн грант алган жокмун. 2005-жылы “грант жегичтер “ деп айтылган сөздөр мага абдан катуу тийди, канчалык кыйналсам да грант алган жокмун. Элдин баары бир канча үй алып алышты. Дүйнө жүзүн кыдырып, балдарын чонойтуп жүргөндөрдүн бирөөсүнө да айтылбайт ошол сөз. Эмнегедир мага жабышты. Экинчиден, мен жалгыз эмесмин, тектүү жерден келемин. Достор, туугандар, коомчулук, эл бар. Мен элдин таламын талашып жаткан соң журтубуз бар. Мени эч ким сатып ала албайт, жок да кыла албайт. Мен өзүмө ишенем, келечегиме жана сөздөрүмө жооп берем.

— Көп саясатчылар менен жакын алакада жүрдүңүз. Азыр айрым саясатчыларды сындап, чучугуна тийчү сөздөрдү айтып жатасыз. Бүгүн кайсы саясатчы менен жакын мамиледесиз?  Балким  саясатта достук да, кастык да жок деген философия менен  жашайсыз?

— Мен кыргыз эли менен досмун, элиме кызмат кылам. Биздин досубуз акыйкаттык, чындык, улуттук кызыкчылык. Ушуларга ким кол кабыш кыла турган болсо, ошолор менен мамиле түзүп, иштешебиз. Мен бирөөгө эч качан бой көтөрбөйм. Мамлекет жаш, эл жакырчылыкка батып, көп жерлерде көңүл бурбай коёт. Көңүл бурушса да жаман көрүнгөндү жакшы көрүшпөйт. Акаевдин заманында мыйзамды тебелеп, элге каршы чыгып келгендер бар. Аксы окуясы боюнча, куран окутабыз деп канча жүрдүк. Ошол убакта бизге каршылык көрсөткөндөр эми борбордук аянтта Аксы окуяларына багыштап куран окутуп жатышат. Алар уялышпайт. Аларга “15 жыл мурда ушундай кылдың эле” деп эстетип койгон киши жок. Мен акыйкаттыкты сата албайм. Акаев кеткенде күнөөнүн баарын анын мойнуна жүктөп коюп, калгандары таза болуп чыга калышты. Бакиевдер душман болуп, калгандар ак экен.

— Атамбаев кеткен соң да ушундай тенденция башталдыбы?

— Ага чейин эле башталбадыбы. Кечээ Атамбаевди колдоп жүргөн кишилер азыр ага каршы болуп калышты. Мен аларга алаксып, элди алаксытып эмне кылам деп көбүнчө үн катпайм.

— Бүгүнкү күндө Кыргызстанда  Жогорку Кеңешке, аткаруу бийлигине келе тургандарга люстрация керекпи?

— Жок люстрация кереги жок. Бизде ЖМКлар өз ролун жакшы аткара албай жатат. Элге дайыма таразалап берип, эстетип туруш керек. Бизде көбүрөөк ушакчылыкка ооп кетет. Коомдук институттар болбой жатат. Саясатчылардын көпчүлүгү кайра-кайра тирилишет. Мен ушуга таң калам. Бирөөгө жагынып, төрүндө конок болоюн деп, кызмат сурагандын мага кереги жок.

— Макул, “ айткан сөзүңдү  иште көрсөтө бил, сендеги потенциалды пайдаланалы” деп кызматка чакырса барат белеңиз?

— Биринчиден менин сөзүм эч качан жөн эле кеп эмес. Алардын ар бири элдин пайдасына. Башкалар иш менен аткара албаган жумуштарды мен сөз менен элдин таламын талашып жатам. Кыргыз эли сөздү барктап келген.   Саясат, жашоо, мамлекет да сөз менен курулат. Кызматка сунуштар болсо, өзүмдүн кандайдыр бир шарттарым бар. Министрдин орун басары болсоң, колуңдан эч нерсе келбейт. Керек болсо кагазга да кол коё албайсың.

Маегиңизге рахмат. Ыразычылык билдирем.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache