Шашылыш кабар:

Түркия сунуштаган “Маариф” мектептеринин максаты эмне?

Апрель 10th, 2018 | by Бурулай Шергазиева
Түркия сунуштаган “Маариф” мектептеринин максаты эмне?
Билим жана Маданият
0

“Сапат” эл аралык билим берүү мекемесинин ордуна Түркия мамлекетинин көзөмөлү астында “Маариф” билим берүү фонду сунушталууда. Министрликтин берген маалыматына таянсак, эки тараптын делегациясы бир канча ирет жолугушуп, кандай форматта кирүү боюнча 3 документ сунушталган. Бирок коомчулукта белгилүү болуп калган “Сапат” билим берүү мекемесинин ордуна башка системаны жаңыдан алып келүү маселеси талаш жаратууда. Ошондой эле  “Маариф” фондунун артыкчылыктары кандай болушу мүмкүн деп кызыккандар да бар. Ал эми адистер: «Бул маселенин артында саясий кызыкчылык турат»,-деп күмөн санашат.


Маалым болгондой, буга чейин Түркия Кыргызстандагы Эл аралык “Сапат” билим берүү мекемесинин ордуна “Маариф” мамлекеттик фондунун системасын сунуштаган. Анда Түркия тарап:»мурдагы “Себат” билим берүү мекемелери эки өлкөнүн ортосундагы мамилени солгундатып жатат»,-деген жүйө менен “Маариф” фондунун системасын алып келүү ниетин билдирген. Бул боюнча Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиеванын айтымында министрликке 3 долбоор келип түшкөн.

-Учурда бул багытта иштер жүрүп жатат. Эки жолу делегация жолукту. Биз аларга кандай форматта иш алып баруу боюнча сурадык. Азыркы учурда колубузда 3 долбоор бар. Юристтер карап жатышат.

Алгачкылардан болуп бул сунуш Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Чыныбай Турсунбековдун Түркияга болгон иш сапарында айтылган. Эл өкүлүнүн айтымында, Түркия тарап Кыргызстандагы “Сапат” билим берүү мекемесинин ордуна “Маариф” фондунун системасын алып келүүгө кызыктар.

-Эки тараптуу жолугушууда Түркия “Сапатка” тете билим берүү мекемелерин иштетүүгө даяр экенин айтышкан. “Сапаттын” ордуна жакшы, бардык шарттары,  мугалимдер менен камсыз кылып, биргеликте иштешүүгө даяр экенин билдиришкен. Өзгөчөлүгү анын мамлекеттик болгондугунда.

Бирок педагогика илимдеринин кандидаты Куштарбек Кимсановдун айтымында, дүйнөлүк олимпиадаларда билим деңгээлинин көрсөткүчү боюнча эң жогорку баага татыган мекеменин ордуна жаңысын алып келүү акылга сыйбай турган нерсе. Анткени жаңы система боюнча маалымат жокко эсе.

Жалпылап айтканда биз азыр “Сапат” билим берүү мекемесиндеги билим берүү системасы боюнча билебиз, бирок жаңы келиши мүмкүн деген “маариф” фондунун системасы боюнча маалыматыбыз жок. Ошондуктан экөөнүн артыкчылыгы жана айырмачылыгын айтуу кыйын. Эгер алып келсек, жакшылап иликтеп көрүш керек.

Маалым болгондой Кыргызстанда мамлекеттик мектептердин абалы жеке менчиктерге карганда кыйла төмөн. Ошол себептүү эгерде ал системанын артыкчылыгы болсо, аны белгилүү даражага жеткен билим берүү мекемелеринин пайдубалын бузуп кайрадан курбай, мамлекеттик мекемелерге колдонуп көрүүнү сунуштайт.

Эгерде ал система келе турган болсо да эмне үчүн “Сапат” билим берүү мекемесинин ордуна алып келиш керек. Андан көрө мамлекеттик башка мектептерге киргизип көрбөйбү. Анткени “Сапат” өзүнүн арыгын өзү казып, өзү оокат кылып калганда, туруктуу иштеп жатканда аны бузуп башканы алып келүүнүн эмне кереги бар. Демек, мында өлкөнүн билим берүү сапатын көтөрүү эмес, башка сырдуу максат жатат.

Маалыматка ылайык, “Маариф” билим берүү фонду 2016-жылдын 27 июнунда №6721 токтомунун негизинде чет өлкөдө билим берүү мекемелерин ачууга укуктуу фонд болуп катталган. Ал эми мурдагы “Себат”, азыркы Эл аралык “Сапат” билим берүү мекемеси Кыргызстанда алгачкы жолу 1992-жылы кеңсесин ачкан. Андан бери аталган билим берүү мекемесинин бүтүрүүчүлөрү дүйнөлүк олимпиадаларда байгелүү орундарды алып, Кыргызстандын намысын коргоп келет.

Comments are closed.