Шашылыш кабар:

Сооронкулова: Сот чечимдерин президенттик аппарат көзөмөлдөйт

Апрель 10th, 2018 | by Бакыт Төрөгелди уулу
Сооронкулова: Сот чечимдерин президенттик аппарат көзөмөлдөйт
Күн Чабыт
0

Апрель айынын башында Октябрь райондук сотунун судьясы кызматынан алынган Гүлчехра Оморованын апасы Максуда Оморова кызынын кызматтан кетишин айыптады. Ал кызы «Ак Үйдөгүлөр менен Башкы прокуратуранын көрсөтмөсүн аткарбаганы үчүн ушундай окуяга кириптер болду» деп жатат.

Биз ушул теманын айланасында Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулова менен «Күн чабытта» маектештик.

Марал: Гүлчехра Оморованын апасы Максуда Оморованын фейсбукка жарыялаган билдирүүсү боюнча кандай пикирдесиз?

Клара Сооронкулова: Гүлчехра Оморованын кызматтан алынышы туура эле. Анткени ал сот процесси бүткөндөн кийин кабинетине прокурор менен кирип алып бир топ убакыт сүйлөшкөн деп айтылып жатпайбы. Бул мыйзамды, андан тышкары соттордун моралдык кодексин бузуу болуп саналат. Бирок мыйзамда дагы бир жагдай бар. Судья орчундуу делген мыйзам бузууларда гана кызматтан алынат. Ага чейин сөгүш жарыяланат, дагы башка чаралар колдонулат. Ошондуктан бир эле аракети үчүн Гүлчехра Оморованы кызматтан алынып калганы дагы тынчсыздандырбай койбойт.

Ал эми дисциплинардык комиссия жакында эле иштеп баштады. Гүлчехра Оморовага чейин дагы бир катар соттор жумуштан кетти. Мисалы Биринчи Май райондук сотунун жалаң буйрутмаларды аткарып жүргөн төрагасы Жолдошалиев кызматтан алынды. Азыркы тартип комиссиясы мурдагыга салыштырмалуу бир топ жакшы иштерди алып барууда. Бирок бул жерде дагы баягы эле буйрутмалар менен бир топ соттор кетип жатат.

Марал: Максуда Оморова өзү дагы 20 жыл сот тармагында эмгектенген экен. Ал билдирүүсүндө жогорку кызмат адамдарына олуттуу айыптоолор тагылып жатпайбы. Буга бийлик кандай чара көрүшү керек?

Клара Сооронкулова: Гүлчехра Оморова бийликтин бир буйрутмасын аткарбай коюптур. Бирок буга чейин анын аткарган буйрутмалары толтура. Мисалы «Заноза» сайты боюнча аткарып эле бербедиби. Демек бул жолу бирөөнүн жинине тийип койгон. Бул жерде эки маселе бар. Тартип комиссиясынын азыркы курамы иштеп баштады. Анткени буга чейин алар кылмыш кылган, өзүлөрүнө керек сотторду прокуратурадан коргоп калып турушкан. Ал эми алардын буйрутмасын аткарбаган сотторду кетирет. Булар мурунтан бери эле ушинтип келген.

Марал: Ал жерде президенттик аппараттын Соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн башчысы Манасбек Арабаевдин дагы аты аталыптыр. Бул киши тууралуу депутат Канатбек Исаев убагында парламентте дагы маселе көтөрүп чыгып «ал сотторго көрсөтмө берет, чечимдер ал кишинин алдынан өтөт» деген эле. Манасбек Арабаев тууралуу сизде кандай маалыматтар бар? Ал тууралуу айтылган пикирлерге президенттик аппарат эмнеге реакция кылбайт?

Клара Сооронкулова: Сот чечимдерине президенттик аппарат дайыма эле кийлигишип келет. Соттор Манасбек Арабаевге чыгарган чечимдери боюнча ар дайым отчет берип турушат. Манасбек Арабаевдин Биринчи Май райондук сотунун судьясына буйрутма бергени боюнча кагаздын сүрөтү дагы чыккан. Ал расмий түрдү буйрутма берген. Анда деле эч кандай реакция болгон эмес. Алмазбек Атамбаевдин убагында ушундай саясат жүргүзүлүп келген эми мындан ары кандай болот көрө жатарбыз. Алар сотторду толугу менен колуна алып коюшкан. Биз Жогорку сотко судья кылбагыла деп президентке кайрылып жаткан Архарова учурда Тартип комиссиясынын жетекчиси.

Comments are closed.