Шашылыш кабар:

Мамлекет менчик мектептерден үлгү алсын (Элдик пикир)

Апрель 9th, 2018 | by Айжамал Худайбердиева
Мамлекет менчик мектептерден үлгү алсын (Элдик пикир)
Талаш талкуу
0

Акыркы маалыматтарга караганда Кыргызстанда жалпы 190го чукул жеке мектеп бар. Жеке мектептердин көпчүлүгү Бишкек, Ош шаарларында жана Чүй облусунда жайгашкан. Окуу акысынын эң кымбаты борбордогу  QSI эл аралык мектеби. Мындан сырткары, Cambridge Silk Road, Oxford, ESCA — Bishkek сыяктуу эл аралык деңгээлдеги билим берүү мекемелери бар. «Сапат» билим берүү мекемесине таандык лицейлер өлкөнүн дээрлик бардык аймактарында бар. Ошондой эле  «Алтын башат», «Илим»,  Приоритет”, «Таалим», «Эврика», «Жылдызча» жана башка жеке мектептер да алдыңкылардан.

«Марал» радиосунун “Талаш талкуу” программасында “Кыргызстандагы жеке мектептердин билим сапаты канааттандырабы?” деген суроонун алкагында угармандардын пикир менен таанышып көрдүк. Берүүнү Түмөнбай Абдинаби уулу алып барды.

Байланышка чыккан угармандардын басымдуу бөлүгү жеке мектептерден эл аралык деңгээлде билим алууга мүмкүнчүлүк түзүлөөрүн айтышат. Айрым ата-энелер балдардан алардын келечеги үчүн акча аяган жаңылыштык деген ойду карманса, башкалар жеке мектептерде байлардын балдары окуп, жөнөкөй үй-бүлөнүн балдары үчүн баалар кымбат экенин белгилешет.

Гүлзат:

— Мамлекеттик мектептин мугалимдерине шайлоо убагында гана көңүл бурулат. Билимге каралган гранттар кайда коротулуп жатканын караш керек. Жеке мектептерден тарбиялангандар кандай идеолгия менен окутулуп жатканы эч кимге маалым эмес. Менчик билим берүү мекемелеринин идеологиясын көзөмөлдөш керек. Жеке окуу жайлардан билим алгандар көпчүлүк учурда чет мамлекетке кетип калышат. “Сапаттан” бүткөн тааныштарым чет өлкөгө кетти. Акыл менен билим чогуу болгондо гана өнүгүү болот.

Рахат:

— Эгер мамлекет жергиликтүү мектептерге көңүл бурбаса, жеке менчик мектептердин ачылышы зарыл. Жеке менчик окуу жайларда балдар алган билимин тажрыйба жүзүндө да көрүшөт. Ошондуктан жетишкендиктер болуп жатат. Мамлекеттик окуу жайларда окуу куралдар, техникалар жетиштүү эмес. Жеке окуу жайлар атын чыгаруу үчүн болушунча аракет кылышат. Ар бир адам мамлекет үчүн салым кошуунун жолдорун ойлош керек.  Балдардын келечегинен акча аясак эртең чоң көйгөйлөр жаралышы мүмкүн.

Мурат:

— Мамлекеттик мектептердин абалы начар дегенге кошулбайм. Мисалы, “Ноокат билимканасынан» бүткөн окуучулар жакшы ийгиликке жетишип келет. Аталган мекеменин бүтүрүүчүлөрүнүн 80 пайызы чет өлкөдө билим алат, эмгектенишет. Мектептердин деңгээлин көтөрүүдө ата-эненин көзөмөлү маанилүү. Бир гана мугалимдерди күнөөлөгөн туура эмес. Жеке менчиктер байлар үчүн. Баланын дээринде болсо мектеп маанилүү эмес.

Тунук:

— Жеке менчик керек. Ал жерде билим алууга шарт бар. “Сапатка» ыраазычылык билдирем. Бүтүрүүчүлөрү жакшы салым кошууда. Мамлекеттик мектептер жекелерден үлгү алсын. Чыныгы патриоттор “Сапаттан” чыгып жатат.

Сүйүнбек:

— Жеке мектептердин билим сапаты канааттандырбайт. Мугалимдердин айлыгын көтөрүп, жакшы шарт түзүп беришсе, алар да менчик окуу жайлардын мугалимдериндей иштешет. Жеке мектептерди жапканда гана билим берүү тармагы өсөт.

Төрөкан:

— Мугалимдер эле эмес окуучулар да көзөмөлгө алынсын. Окууга мыкты көңүл бурулуп, лабораториялык иштер жасалса, мамлекеттик мектептер да сынактардан ийгиликтерге жетишет.

Угарман:

— Жеке мектептер колдонгон китептер кайдан келээрин билбейбиз. Алар тууралуу аз маалымат айтылат. Мамлекеттик мектептерде китептердин абалына мышык ыйлайт. Көпчүлүгү Совет доорундагы китептер. Тапшырмаларды мугалимдер да болжоп, араң түшүнөбүз. Билим берүү министрлиги китеп чыгарууга каражат жок дейт. Карасак акчалар уурдалып эле жатат.

— Жеке мектепте окутууга ар кимдин каражаты жетпейт. Анда калктын 5 пайызынын гана балдары билим алат.

Бүбүсара:

— “Сапат” билим берүү мекемелери мыкты билим берээрине ишенем. Каражаттын жоктугунан балдарымды окута алган жокмун. Кошунамдын балдары «Сапатта» окуп, технология жаатында өткөн эл аралык сынактарда медалдарды утуп келишкен. Айрым жеке мектептерге нааразычылыктар айтылып жүргөнүн угуп жүрөм. Ошентсе да алар өлкө үчүн керек. Каражаты бар ата-энелер балдарын окутат. Алган акчага жараша мугалимдер талаптарга жооп берсе. Мындан сырткары Билим берүү министрлиги коомчулук менен тыгыз байлаанышта болсо. Бирок жеке окуу жайлардын козу карындай жайнап кетүүсүнө каршымын.

Whatsapp:

— Жеке менчиктер жакшы окутат. Айрымдары бизнес үчүн да ишмердүүлүк кылат.

— Жеке менчик мектептерди эч ким жеткиликтүү текшербейт. Алар каалаганын кылып жүрөт.

— Окуу жайларды бир катар карап чыгып, бизнес үчүн иштеп жаткандарын жаап салыш керек.

— Балам 4 класста окуйт. Жеке менчикте окуткан себебим келечекте сырттан билим алуусун каалайм.

— Мамлекеттик мектептерде жылыш бар. Бирок жөнсүз акча топтомойлор көп.

— Жеке мектептер өлкө үчүн керек. Болбосо мамлекеттик мектептердин деңгээли белгилүү. Атаандаштыктын болгону жакшы.

— Жеке мектептер коомчулукту бай, кедей деп бөлүп койгондой. Билимдүү, күчтүү балдардан азыраак акча алып окутушса.

Билим берүү боюнча эксперт Асылбек Жоодонбеков:

— Мектептер консервативдүү, этият мамиле талап кылган тармак. Жеке менчиктердин көрсөткүчү, билим сапаты мамлекеттик мектептен алда канча жогору турат. «Жетиген», «Ноокат билимканасы» сыяктуу мекемелерде  бүтүрүүчү, ата-эне, жеке ишкерлердин колдоосу чоң. Мамлекеттик билим берүү мекемелеринде китептер талапка жооп бербейт. Мекемелерде оңдоп-түзөө иштери болгон менен авариялык абалда болгон мектептер бар. Билим берүүнү жакшыртуу ата-эненин колдоосу жок толук ишке ашпайт. Мугалимдердин айлык акысы аз. Мамлекет колго алган тармактын абалына мышык ыйлайт. Жеке мектептер керек, анткени ааламдашуу доорундабыз. Эң чоң көзөмөл — ата-эне. Аргасыз, айласы кеткендер гана мугалим болуп эмгектенип жатышат. Мектептерде да коррупция өнүккөн. Башкаруу системасын өзгөртүү керек. Алсак, директорлорду ата-энелер шайласын. Мындан сырткары мугалимдердин ротациясы маанилүү. Ата- энелер мектепке акча төлөбөй, балдарын бекер окутканы менен  сыймыктанат. Анын ордуна ата-эне мамлекетке, мектепке жардам берсе мугалимдин турмуш шарты жакшырып, кызматташуу болот.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache