Шашылыш кабар:

Миграциядагы радикалдашуунун себептери

Апрель 8th, 2018 | by Айжамал Худайбердиева
Миграциядагы радикалдашуунун себептери
Без рубрики
0

«Марал» радиосунун “Босого” программасынын бул жолку уктуруусунда ИИМдин миграция кызматынын жетекчисинин орун басары Алмаз Асанбаев жана Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракет кылуу кызматынын теология жана методикалык камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Эрлан Бакиев менен миграциядагы радикалдашуу, Кыргызстандан башка жактарда тыюу салынган диний агымдар тууралуу ой бөлүштүк. Берүүнү саясат талдоочу Орозбек Молдалиев алып барды.

Долбоор «Демократия жана дин»: Тең жана байистүү добуш аркылуу баарлашуу» долбоорунун алкагында даярдалды. Анын башкы максаты, Кыргызстанда бирдиктүү демократиялык коомду тарбиялоо жана буга кызыктар болгон тараптарды тартуу. Айрыкча жаштардын радикалдашуусуна жана экстремизмге кошулушуна бөгөт коюу болуп саналат.

Асанбаев:

Мигранттардын көпчүлүгү Кыргыз Өкмөтүнө ишене беришпейт…

Административдик чек арадына өткөндөрдү “мигрант” деп атайбыз. Ал ички жана сырткы мигрант болуп, экиге бөлүнөт. Алсак, Кантта жашап, Бишкекте иштеген адам да мигрант болуп саналат. Анткени борбор калаа менен Чүйдүн ортосундагы чек арадан өтүп жатат. Кыргыздан өмүр бою көчмөн болуп келген, демек миграция жашообуздун бир бөлүгү. Анын тармактары көп. Чет өлкөдө 700 миңге жакын мекендештер бар. Алардын арасында окуп, иштеп, саякаттап же дарыланганы баргандар бар. Мындай чон агым дайма болуп турат. Изилдөөлөр көрсөткөндөй, мигранттардын көпчүлүгү Кыргыз Өкмөтүнө ишене беришпейт. Анткени, «Кыргызстанда жүргөндө Өкмөт карабай коюп, алыста мусапыр болуп жүрөм» деген ойду карманышат. Мындай нааразычылыктардын себептери ар кандай. “Өкмөтүңөр силерге көңүл бурган эмес, эгер ИГИЛге барсаңар жалгыз акыйкат – Кудайдын жолу, Курандын шарттары менен жашоо болот” деген азгырыктардын негизинде жаштар курман болгонун дагы көрүп жатабыз. Бирок “үйүм кир, кошунаныкы таза. Кошунага барып жашайм. Короомду бирөө тазалап берсе, үйгө барам” деген ой туура эмес.

Миграциядагы радикалдашуунун себептери…

Чет өлкөдө жүргөн атуулдардын басымдуу бөлүгү Орусияда, аталган мамлекет менен радикализм боюнча иштер жүрүп жатат. Таанымал радикал адамдар тууралуу малымат алмашып, аларга атайын иш-чаралар көрүлдү. Изилдөөлөрдүн жыйынтыгы көрсөткөндөй, мекендештер чет өлкөдө кичи жамаат болуп жашашат. Кыздар өзүнчө, балдар өзүнчө ижарага турак жай алып турушат экен. Алар өздөрү жашаган адамдар менен эле алака түзүп, сырткы чөйрө менен болгон байланышы кыскара баштайт. Кичи жамаат болуп жашагандардын арасына Исламды туура эмес түшүндүрүп, Сирияга согушка чакырган адамдар кирип калса, жогуу жашагандарды өзүнө тартып, жаман жолго буруп кетиши мүмкүн. Миграциядагы радикалдашуунун себептеринин бири мекендештер кичинекей жабык коомдордо болуп калганында. Радикалдар адамдар чөйрөсүндөгүлөрдү моралдык жактан даярдаган соң, акча сунуштап, аларды азгырат. Атайын бааларды да белгилеп коюшкан, адам өлтурсөң 200, унаа жардырсаң 500 доллар деген сыяктуу. Мындан сырткары, радикалдык топтор чет өлкөдө жумуш орундарын камсыз кылган компанияларды да колдонушу мүмкүн. Компаниянын көзөмөлүнөн чыгууну каалаган жаранга эч ким тоскоол боло албайт.

Чет өлкөдөн радикалдашып келгендер бар…

Пайздык көрсөткүч менен алганда Кыргызстанда канча радикал бар болсо, мигранттардын арасында да ошончо, тагыраак айтканда көрсөткүч бирдей. Экстиремизм-терроризмди эч жакка импорттогон жокпуз. Башка өлкөлөргө барып радикалдашып келип  жатышат. Орусиянын структурасын алсак, чет мамлекеттен келгендердин кылмыштуулугу жалпы кылмыштын 3,5 пайызын түзөт. Калган бөлүгү орусиялыктандын өздөрүнүн кылмыштуулугу. Качкындардын саны 60 миллиондон, жалпы миграцияда жүргөн адамдардын саны 600 миллионго жетип калды. Мигранттардын арасында радикалдар, кылмышкерлер, жакшы адамдар да бар. Транспортту өнүгүп, миграция өсүп жатат. Түркияга кетип жаткан мигранттардын агымы жылдан-жылга көбөйүүдө. Баргандандын көпчүлүгү кайтып келет. Ал эми Орусиянын шарты башка. Ал жакка баргандардын басымдуу бөлүгү үйлөнүп, балалуу богондо алган жер тилкесине там салып, ошол жакта калып калышат. Калкты чет өлкөгө жөнөтөрдө кайра Кыргызстанга келе турган шарт менен жөнөтүшүбүз керек. Сирияга кеткен кыргызстандыктардын басымдуу бөлүгү Түркия аркылуу кетет.

Миграциядагы биринчи көйгөй — балдардын маселеси…

Миграцияда биринчи орундагы көйгөй — балдардын маселеси. Мигранттардын ата-энеси кароосуз калып, балдары мээримге тойбой чоңоюп жатат. Чет өлкөдө камалып калгандар да бар. Мындайлар менен өнүгүүгө да шарт жок. Жаш балдарды карайт деп, 14-15 жаштагы кыздарды да алып кетишүүдө. Алардын арасындда зомбулукка учурагандар жок эмес. Балдар боюнча өзгөчө программа иштеп чыгып жатабыз. Балдардын көйгөйүнө өзүнчө көңул бурулушу зарыл. Жаш кыздардын жалпы миграциядагы бөлүгү 14%. Ал эми 30-45 жаштан өйдө курактагыларды карачу болсок, анда аялдардын 48 пайызын түзөт. Өспүрүм кыздарга чет өлкөгө чыгууга чектөө коюу мыйзамга туура келбейт. Чек арачылар жыл сайын чек арадан өткөн 8 млн адамды тейлешет. Алар ар бир жаранга эки мүнөт гана убакыт бөлүп, документин текшерет. Чек арачыларга доомат кой албайбыз.

Чет өлкөгө барчулар кеңири маалымат алышы зарыл…

Адистер айткандай, баланын аң сезими жаш кезинде калыптанат, демек ата-эне, үй-бүлөнүн таасири абдан чоң. Адамдарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүү Өкмөттүн иши экенине ишенем. Мамлекетти органдар туура маалыматтарды берүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштерди күчөтүшү зарыл. Диндердин тарыхын, философиялык маалыматтардын оң жана терс жагын үйрөнгөн коомдо радикализм болбойт. Башка диндерге басымдуулук кылып, аларды чөктүрүү туура эмес. Түрдүү дин өкүлдөрү мыйзам чегинде бири-бири менен сый мамиледе болуусу кажет. Чет өлкөгө чыкчулар кеңири маалымат алып чыгышса. 189 түз байланыш номуруна кайрылып, суроолоруна жооп ала алышат. Миграция кызматынын социалдык түйүндөрдөгү баракчаларынан тийиштүү маалымат алууга мүмкүн. Чет өлкөгө баргандар сөзсүз түрдө элчиликке барып каттоого турушса. Миграцияда алдамчылык кеңири тарагандыктан жарандар мыйзамсыз ортомчуларга ишенгенден алыс болушсун.

Бакиев:

Сирияга кеткендердин көпчүлүгү чет өлкөдө жүргөндө азгырылган…

Өнүккөн мамлекеттерде жарандар чет өлкөгө чыгаарда кадимкидей даярданышат. Барган жердин жумуш шарттарын, талаптардын баарын изилдешет. Бизде плансыз, окууну бүтүп эле мигрант болуп кетип жатышат. Мунун кесепетинин бири-бирин тоноп, түрдүү кылмыштуулукка баргандар бар. Айылда кылмыш кылбыган бала, чөйрөнүн таасиринен улам чет жакта жүргөндө кылмышка барышы ыктымал.  Ата-эне же туугандардын көзөмөлү жок болгондуктан түрдүү радикалдык топторго кирип кетүү коркунучу бар. Салафиттик идеологияны ыктаган топтор мечиттерде, социалдык тармактарда азгыруу иштерин жүргүзүшөт. Сирияга кеткен жарандардын көпчүлугү миграцияда жүргөндө азгырылган. Миграция өзгөчө чөйрө болуп, аны колдонуп калгандар да болууда. Сирияга кеткендердин көпчүлүгү идеологиянын айынын кетишкен. Жаштар диний түшүнүгүнүн тайкылыгынан радикалдык топторго кошулууда. Сирияга баргандар Исламдын, ыймандын негиздери боюнча суроолорго жооп бере албайт. Алар “мен шейит кетсем, бейишке барам” деген идея менен гана жүрүшөт. Согушка кеткендердин көпчүлүгү 9-классты аяктап баргандар, жогорку окуу жайды бүтүп баргандар жокко эсе.

Мигранттардын басымдуу бөлүгүн 18-25 жаш аралыгандагы жарандар түзөт…

Өспүрүм балдардын сыртта иштеп жүргөнү сейрек кездешет. Мигранттардын басымдуу бөлүгүн 18-25 жаш аралыгандагы жарандар түзөт. Азгыруу, үгүт иштеринин көпчүлүгү интернет аркылуу болот. Радикалдык топртордун өкүлдөрү дүйнөнүн бардык жерлеринде, анын ичинде Кыргызстанда да бар. Миграцияда азгырылууга өзгөчө шарттар бар. Демек, туруктуу жашаган адамды ордунан козгоп кетүү өтө оор. Жолдо жүргөн, мусапыр адамды башка багытка буруп кою башка жол. Үгүтчүлөр аны жакшы пайдаланышат. Миграция кызматы мигранттарды даярдап, тренингдерди өткөрүшөт. ИИМдин кызматкерлери да радикализм-экстремизм, уюмдар боюнча окутууларды уюштурат. Мигранттарды даярдасак, алар туура эмес жолго түшпөйт, барган жеринде өлкөнү да уят кылбайт. Динге кызыккандар маалымат булактарынын айкындыгына маани беришсин. Мечиттен, аалымдардын билим алууга уруксат алышса болот.

Радикалдык топтордун мүчөлөрүнүн кармалышы экстремизм-терроризмге каршы кызмат жакшы иштеп жатканынан кабар берет… 

Радикалдык топтордун мүчөлөрү кармалып жатканы экстремизм-терроризмге каршы күрөшкөн кызматтын жакшы иштеп жатканынын белгиси. Үгүтчүлөр көп жылдан бери кармалбай, элди туура эмес жолго баштап, арабызда жүргөн. Кыргызстанда жумуш орундары жетиштүү. Болгону айлык аз болгондуктан иштеген киши жок. Кыргызстанды таштап кетпей, өлкөдө жашагандар мамлекетти өстүрүп жатат. Чет өлкөдө эмгектенгендер салымын ошол жакка кошот, муну да туура түшүнүшүбүз кажет. Арабдардын келип, мечит салганы да кандайдыр бир деңгээлде бизнес. Аны жокко чыгаруу кыйын маселе. Жарандар жер алмаштыруу укугуна ээ. Ошондуктан эч кимге чет өлкөгө чыгууга тыюу сала албайбыз. Диний чөйрөдө активдүү иштеген аялдар менен иш-чаралар жүргүзүлүп жатат. Мектептерге дин таануу боюнча сабак киргизгенде, Ислам коому жакшы карабайт. Эч кайсыл программаларга башка дин боюнча сабак өтпөйт. Мындай программа кирсе Исламдан башка диндерге дагы тоскоолдук болот. Канчалаган окумуштуулар аракет кылбасын дүйнө жүзүндө диндердин таралуусу, өнүгушү  боюнча Кыргызстанга эч ким туура маалымат бербейт.

Билим берүү мекемелеринде эмес, коомчулукта да маалымдоо иштерин жүргүзүү зарыл…

КМШ өлкөлөрүнүн аймагында элүүдөн ашык экстремисттик-радикалдык уюмдарга тыюу салынган.  Алардын ичинен Кыргыстанда  20 уюмга тыюу салынган. Андан сырткары Саид Бурятский менен Шамсуддин Хакимовдун эки материал бар. Казакстан, Тажикистан, Орусияда “Таблиги жамаат” уюумуна да тыюу салынган. “Таблиги жамаатынын” китептерине Кыргызстанда тыюу салынбаганы менен аны Орусияга алып барган жаранды экстиремист катары жоопкерчиликке тартышы мүмкүн. Андан сыркары Орусияда чоң ишмердүүүк жүргүзгөн “Кавказ эмираты” бар. Орто Азия мамлекеттеринде салафиттик идеологияга да бөгөт койгон өлкөлөр бар. Диний агенттиктер тушүндүрүү иштерин жакшы түшүндүрүшү зарыл. Себеби биз мамлекет орган катары дин жөнүндө үгүт иштерин жүргүзө албайбыз. Радикализмдин алдын алуу иш-чараларын жүргүзүү кажет. Бир гана билим берүү мекемелеринде эмес, коомчулукта да маалымдоо иштерин жүргүзүп, элге жеткирүү маанилүү.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache