Шашылыш кабар:

Хабиб Нурмагомедов UFC боюнча жеңүүчү аталды

Апрель 8th, 2018 | by Талгат Мураталиев
Хабиб Нурмагомедов UFC боюнча жеңүүчү аталды
Спорт
0

АКШнын Бруклин шаарында бүгүн, 8-апрелде өткөн UFС  боюнча өткөн беттеште орусиялык Хабиб Нурмагомедов америкалык Александр Джэй Якуинтаны жеңип чыкты.

70 килограмм салмактагы беттеште Нурмагомедов төрт раундда тең үстөмдүк кылды. Бешинчи раундда Якуинта активдүү чабуулун көрсөткөн менен акыркы мүнөттөрдө  Нурмагомедовдун соккуларына туруштук бере албады.

Жыйынтыгында калыстар тобу бир ооздон жеңишти орусиялык спортчуга ыйгарышты.

Бул Хабиб менен Орусиянын UFС  боюнча алгачкы чемпиондук титулу болуп калды.

Эске салсак, Хабиб Нурмагомедов буга чейин 25 беттеш өткөрүп, баарында тең жеңип чыккан. Александр Джэй Якуинта жалпы 13 беттеш өткөрүп, үч жолу жеңилүүгө мажбур болгон жана бир жолу тең чыккан.

Comments are closed.