Шашылыш кабар:

Ормошев: Жээнбеков Түркия менен мамилени жөнгө салат

Апрель 6th, 2018 | by Орозгүл Арстанова
Ормошев: Жээнбеков Түркия менен мамилени жөнгө салат
Саясат
0

Өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков 9-10-апрель күндөрү Анкарада Туркия президенти Эрдогандын кабылдоосунда болот. Ошондой эле аталган өлкөнүн өкмөт башчысы Биналы Йылдырым жана парламент төрагасы менен жолугушат. Жолугушуулар тар жана кең чөйрөдө өтөт. Бул тууралуу Президенттин аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн жетекчиси Данияр Сыдыков билдирди. Мындан сырткары Данияр Сыдыков брифинг учурунда Жээнбековдун Түркия сапарынын негизги максаттарына токтолду:

“Бул визиттин максаты Кыргызстан менен Түркиянын ортсундагы буга чейин орногон кызматташтыкка жаңы дем берүү болуп саналат. Ошондой эле Түркия менен кошо мүчө болгон ТүркПА, Ислам кызматташтык уюму сыяктуу эл аралык уюмдар алкагында иштешүү боюнча да сүйлөшүүлөр болот”.

Ошондой эле президенттин Анкара визитинде бир катар документтерге да кол коюлаары күтүлүүдө. Аларды Президенттин аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн жетекчиси Данияр Сыдыков төмөндөгүдөй тизмектеп берди.

«Эки өлкө ортосунда телекоммуникациялык байланыш, социалдык камсыздандыруу, экономикалык кызматташтык, ЖМКлар ортосундагы байланыштар боюнча келишим жана протоколдорго кол коюлат».

Белгилүү болгондой, Түркия эгемендиктин алгачкы күндөрүнөн тартып эле Кыргызстандын негизги стратегиялык өнөктөштөрүнүн бирине айланган. Мисалы Кыргызстандын эң көп эл аралык келишимдери да так ушул Түркия менен түзүлгөн. Бирок, акыркы эки жылда Кыргызстан менен Түркиянын мамилеси солгундай түшкөн. Муну эксперттер өлкө башчылардын жеке таарынычтары менен байланыштырат. Тарых илимдеринин доктору Асан Ормошевдин пикиринде, учурдагы президент Сооронбай Жээнбековдун алдыдагы Түркия сапары буга чейинки таарынычтарга чекит ко`т деген ишенимде.

«Менимче Сооронбай Жээнбековдун бул визити ийгиликтүү болот. Анткени буга чейин Казакстан менен болгон мамилени да дипломатиялык жол менен оңдоп кетти. Түркия менен да так эле ушундай болот деген ойдомун. Себеби учурдагы президенттин буга жөндөмү бар».

Өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков Түркиядагы эки күндүк иш сапарынан соң, 11-12-апрель күндөрү Евробиримдиктин институттары жайгашкан Брюсселге барат. Бул визит да Евробиримдик менен Кыргызстандын ортосундагы мамилени жандантуу жана ал жактагы жетекчилер менен өздүк мамиле орнотуу болуп саналат. Президенттин бул сапары Кыргызстан үчүн кандай пайда келтирет?-деген суроо менен мурдагы Экономика министри Эмил Үмөталиевге кайрылдык.

«Президенттин бул сапарынан көп нерсени күтүшүбүз керек. Себеби өнүккөн өлкөлөр менен мамиле кылуу биздин өлкөгө маанилүү. Алар менен багытыбыз, саясатыбыз окшошпосо да, прагматикалык саясат жүргүзө берүү туура. Айрыкча экономикалык байланышты күчөтүп алуу зарыл. Мисалы Кытайдын саясаты көп өлкөлөр менен шайкеш эмес. Бирок алар экономикалык жактан өздөрүн аябай «чырмап» алышкан. Кыргызстан да ушундай таризде прагматикалык саясат жүргүзсө болот».

Өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков президенттик кызматка келгенден бери Европа тарапка алгачкы ирет расмий сапар менен барууда. Ал эми буга чейин эң жакынкы кошуналар болгон Өзбекстан, Казакстан, Тажикстан жана Орусия өлкөлөрүнө расмий визит жасаган.

Comments are closed.