Шашылыш кабар:

Мурун аллергиясы менен гайморитти айырмалоо кыйын

Апрель 6th, 2018 | by Айжамал Худайбердиева
Мурун аллергиясы менен гайморитти айырмалоо кыйын
Дабагер
0

«Марал» радиосунун «Дабагер» уктуруусунун бул жолку чыгарылышында алллергияны дарылоо жолдору тууралуу сөз кылдык. Суроолорго улуттук кардиология дана терапия борборунун пульмонолог дарыгери Бермет Эстебесова жооп берди. Ал эми уктурууну Мунара Турдубаева алып барды.


Аллергия жугуштуу оорулардын катарына кирбейт…

Аллергия — адам организминин кандайдыр бир заттарга сезгенүүсү. Сезгенүүнүн эки түрү болот. Бактерия жана вирустан сезгенгендер вирусту кетирип, антибиотик ичсе сакайып кетет. Ал эми мурдунда аллергиясы болгон адам мурдун туздуу суу менен жууса дем алуусу жеңилдеп калат. Анткен физикалык реакция катары туздуу зат мурундун ичинде шишип турган чел кабыктын ашыкча суусун соруп алат. Ошондой эле, туздуу суу денеде кызарууну пайда кылаган заттар менен чогуу ашыкча сууну кетирип, тазалап турат. Бирок ашыкча туздуу суу денени кургатып салуусу да мүмкүн. Аллергия жугуштуу оорулардын катарына кирбейт. Мисалы, айрымдар кээ бир дарыларды ичкенде тамагы кычышып, көздөрү кызарып, деми кысылып кыйналат. Мындан сырткары, малина, кулпунай сыяктуу кызыл түстөгү жер-жемиштерден, цитрус өсүмдүктөрүнөн аллергиясы болгондор бар. Аллергиясы бар адамдардын организми үчүн бул азыктар, заттар бөтөн болуп эсептелинет. Денеге чоочун заттар киргенде организмдеги коргоочу клеткалар алар менен күрөшүп баштайт. Реакциянын натыйжасында адамдардын мурду бүтүп, дене табы көтөрүлүп, деми кысылып жана башка оорулар пайда болот. Адам аллергияны пайда кылган заттан арылып, алыс туруусу кажет.

Бейтаптар аллергияны жоопкерчиликтүү кабыл алышпайт…

Аллергияны пайда кылган факторлордун бири бул – чаң. Айрымдар чаңга, эски үй эмеректериндеги, жууркандардагы чаң кенелерине аллергия болуп, чүчкүрүп, денеси кычышып, астма оорусуна да чалдыгыт. Андан сырткары, бак-дарактар гүлдөгөн мезгилде да көзүнөн жаш куюулуп, чүчкүргөндөр бар. Жарандар муну дарт катары кабыл албайт. Же болбосо башка оору менен алмаштырып, мисалы, “мен жайында көп грипп болом” деп туура эмес дарыланып алышы мүмкүн. Бирок бул абдан коркунучтуу, анткен аллергия өтүшүп кетсе астмага айланып кетиши мүмкүн. Апалар кош бойлуу кезинде туура тамактанып, өзүн туура алып жүрүп, бала төрөлгөн учурда химиялык заттарды аз колдонсо балада аллергия пайда болуу коркунучу азаят. Тамак ашка натуралдуу чөптөрдү кошкон оң. Ар бир адам спорт менен машыгышы шарт. Ата-энелер балдарынын жанында тамеки тартса өспүрүмдөрдүн дем алуу жолдорунун аллергияга туруктуулугу төмөндөйт.

Ата-энедеги аллергиялык сезгенүү балага өтүү ыкымылдуулугу жогору…

Аллергия дүйнө жүгүндө кеңири тарап келе жаткан көйгөйлөрдүн бири. Анкени жыл өткөн сайын аба булганып, тамак ашка колдонулган кошулмалар, күндөлүк турмушта керектелчү химиялык заттар көбөйүүдө. Жарандардын ден соолукка болгон жоокерчилиги да төмөн болуп жатат. Мындан сырткары адам катуу стресске кабылып, ооруганда дагы организмдин иштөө маханизмдери бузулуп, мурда пайдаланып жүргөн нерсеге аллергия пайда болушу мүмкүн. Татууларга кошулган химиялык боёктордун сапаты тамак аш нормаларына туура келбесе дагы аллергияны пайда кылат. Боёк кошулган суусундуктар, момпосуйлар да ооруга себеп боло алат. Ошондуктан балага таттууларды тапдап, чеги менен берүү сунушталат. Жаш балдарда аны көбүнчө “диатез” деп атайбыз. Ата-энедеги аллергиялык сезгенүү тукум куучулук менен балага да өтөт. Бирок аял кош бойлуу кезинде өзүн жакшы карап, эч нерсеге аллергия болбосо, төрөлгөн балага оорунун жугуу ыктымалдуулугу аз.  Бала аллергия болгондо денесинде кызыл тактар пайда болуп, кычышат.

Климат алмашканда аллергия жоголот…

Мурун бүтүп кыйналганда көп дары тамызуу зыян. Ал мурундун ичиндеги этти өстүрүп, дарыга көз каранды кылып коёт. Мурду бүткөндөрдү текшериш үчүн мурундан атайын анализ алынат. Кандагы аллергиянын денгээлин текшерүүчү клеткалар текшерилет. Оору аныкталса аллергия каршы дарылар колдонулат. Тилекке каршы өлкөнүн лабораториялары аллергияны так аныктоого кудурети жетпейт. Алсак, чет өлкөнүн лабораториядарын тамак аштын кайсыл түрүнөн, жумурканын сарысынан же агынан аллергия болуп жатканын аныктап бере алышат. Бейтап дартттан сакаярына ишенсе, илдеттин 10-15 пайызынан кутулаары ыктымал. Аллергияны күчөтүүчү эрмен чөбү Бишкекте август айынын аягынан тарта гүлдөй баштайт. Ал эми Ысык-Көл жергесинде кечирээк гүлдөйт. Климат алмашканда да аллергия жоголот. Аллергия оорулары менен жабыркагандар денесин чыңдоосу зарыл. Ошондо гана организм башка илдеттерге каршы туруктуу күрөшө алат. Аллергияны көзөмөлгө алууга болот. Мындайда оору сиздин тынчыңызды албай калат. Аллергиясы бар адамдар денесин чыңдоосу зарыл. Ошондо организм башка ооруулар менен туруктуу күрөшө алат.

Алларгиясы барлар үй шартын өзгөртүшсүн….

Мурду бүтүп чүчкүргөндөргө атайын туура дарыларды колдонуп, үй шартын өзгөртүү сунушталат. Адам жаткан бөлмөдө жүк жыйылып турбоосу кажет. Бөлмөдө гүл, килем болбосо андан да жакшы. Чаңдарды бат-баттан сүрүп, бөлмөнү желдетип туруу зарыл. Аллергия менен гайморитти айырмалоо кыйын. Кээде дарыгерлер да алмаштырып алышат. Аллергияны өз убагында байкап калып, дарыгерге кайрылса аны дарылоо жеңил болот. 2.5 миң мерт бийиктикте чөптөр аз өсүп, аллергияны козутуучу чаңдар болбойт. Бейтап дарыгердин көзөмөлүндө болуу шарты менен жайлоого барып аба алмаштырып келсе дартына даба болот. Анткени бийиктикте организмден аллергияга каршы күрөшүүчү заттар бөлүнүп баштайт. Үйдөн от жашылса бөлмө желдетилип, мештин морлору таза болушу шарт.

 

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache