Шашылыш кабар:

Балага тиш оорутуп чыкканы жакшы

Апрель 5th, 2018 | by Айжамал Худайбердиева
Балага тиш оорутуп чыкканы жакшы
Дабагер
0

«Марал» радиосунун «Дабагер» уктуруусунун бул жолку чыгарылышында тиш ооруларынын алдын алуу жана аны дарылоо жолдору тууралуу сөз кылдык. Суроолорго жеке “Асур дент” клиникасынын жетекчичи Нургазы Каримов жооп берди. Ал эми уктурууну Мунара Турдубаева алып барды.

Тиш ооруларынын жүздөн ашуун түрү бар…

Ар бир оорунун башталгыч, орто, өнөкөт түрлөрү болот. Бизге тиштин өнөкөт ооруулары менен кайрылгандар көп. Мындайды дарылоо көп убакытты талап кылат. Башка оорусу күчөп кеткенде тиш жулдуруу өлүмгө себеп болуп калат. Тиш оорусунун жүздөн ашуун түрү бар. Тиш алгач таттуу азыктарды жегенде ооруп баштайт. Аны дарылоо оңой. Мындан да өтүшүп кетсе ысык-суукка ооруй. Андан да өтүшүп кетсе, тамак аш жеген учурда, түнкүсүн катуу оорутуп баштайт. Стоматология ооруларды жуктурууга жол ачкан жай катары да каралып келет. Дарыгерлер колдонгон куралын иштетип бүткөн соң талапка жараша жууп, тазалабаса дени сак кишиге да ооруларды жугузуп коюшу мүмкүн. Гепатит С дартынан башка илдеттердин жугуу коркунучу аз. Адамдын организмине жараша ангина оорусу жугушу мүмкүн. Тазаланган куралдан зыяндуу микробдор табылбайт.

Тиш оорулары генден да көз каранды…

Тиш оорулары жашарып бара жатат. Мурда ата-бабалар натуралдык таза тамак аш жегендиктен тиштери оорубай, узак убакытка таза сакталган. Бүгүнкү күндө жаш балдар таттуу азыктарды түрлөп жешет. Мындан улам тиш оорууларынын ар кандай түрлөрүнө кабылып жатышат. Алмаларды башынан үзүп жей албагандыктан тиштин сапаты начарлоодо. Тиш оорулары генден да көз каранды. Тишке жакшы көңүл бөлүп, аны кылдаттык менен карасак дагы, эгер генде илдет бар болгон болсо, тиштер дартка чалдыгат. Пломба мөөнөтү жеткенде алмаштырылбаса кишиге зыянын тийгизиши мүмкүн. Мурда коюлган пломбаларды алмаштырып турбаса тиштин өнөкөт оорусун пайда кылат. Түрдүү тиш ооруларын жакшы дарылаган клиникалар бар. Мисалы, тиштин сезгенген оорусун дарылай албаган борбор, кариести мыкты дарылашы мүмкүн. Чет мамлекеттерде жарандар тиш дарыгерлери менен жакындан таанышып, бир туугандай мамиледе болуп калышат экен. Бизде да дарыгерлер бейтаптар менен жакын мамиледе болсо жакшы.

Жуулган соң таза чайкалбаган тиштин эмалы жабыркайт… 

Тиш пастасында эмалды бузган кислоталар бар. Ооздо пастанын жыты, даамы калбай таза чайкалышы маанилүү. Эгер паста калып калган болсо, түбөлүк тиштин чыгуусуна жана сүт тиштин эмалына зыян. Ар дайым бир паста колдонгондо тиш тажап калат. Паста сатып алаарда пастанын түбүндөгү кичинекей боёкко маани бериш керек. Кызыл же жашыл түстүү белгидеги пасталардын курамында натуралыдык азыктар көп болуп, тишке азыраак зыяны тиет. Тиш пасталарынын сапаты алардын баасынан көз каранды эмес.

Балага тиш оорутуп чыкканы жакшы…

Сүт тиштер убагында түшпөй түбөлүк тиштин чыгуусуна тоскоолдук жаратышы мүмкүн. Орун бошобой калса жаңы чыгып келе жаткан тиш, сөөктүн кайсыл жагы жумшак болсо ошол багытка тайып, туура эмес чыгып калат. Баланы 3 жашынан тарта тиш жууганга көндүрүш керек. Сүт тиштерге да жекече көңүл буруу сунушталат. Сүт  тишке коюлган пломба бат түшөт. Анткени баланын тиши өсүп, чоңоёт дагы пломба боштукта калат. Мөөнөтүнөн мурда чыккан тиштер наристеге зыянын тийгизбейт. Анткени тиши менен төрөлгөн ымыркайлар да бар. Ошол эле учурда баланын генине жараша же витаминдердин жетишсиздигинен улам тиш кеч чыгышы ыктымал. Тиш чыгаарда бала ооруп, дене табы көтөрүлгөнү жакшы. Оорутпай чыгаруу максатында дарыларды берген болбойт. Ал баланын башка органдарына же тишке зыянын тийгизиши мүмкүн.

Сөөктөргө тиш орнотууда эч кандай коркунуч жок…

Инплантолог — сөөктөргө тиштерди орнотуучу адис. Сөөктөргө тиш орнотууда эч кандай коркунуч жок. Таза тиштер араланбай, инплантан коюлса ден соолукка зыяны болбойт.  Бул көп каражат талап кылат, аны бир күндө да жасап койсо болот. Сөөктөргө коюлган тиш кадимки тиштей кызмат кылат, бирок түбөлүккө сакталбайт. 5-38 жылга чейин чыдаган инплантанттар бар. Аны койдургандан кийин такай дарыгердин көзөмөлүндө болгон оң. Инплантат койдураарда тиштерди көзөмөлдөн өткөрүш керек. Текшерилбей орнотулган тиштин өмүрү кыска болуп, оору пайда болушу ыктымал. Андыктан кылдат мамилени талап кылат. Ошол эле учурда тишке брекет койгон да зыян, ал тиштердин сапатына терс таасирин берет. Нормага жараша тиштер 3 мүнөт жуулса, брекет койгондон соң 5 мүнөт көңүл буруу кажет. Тамак аш жеп жатканда аяр мамиле жасалбаса, брекет чыгып кетип, тиштердин сынуусуна себеп болушу ыктымал.

Тиш жулдурган соң кан 2-3 саатта токтобосо дарыгерге кайрылыш керек…

Тишти жулдургандон соң анын ордуна кан уюш керек. Эгер бейтаптын каны суюк болсо кан токтобой, ага берет. Бул дарыгерден да бейтаптын организминен да көз каранды. Кан көп акса баш айланып, дене алсырай баштайт. 2-3 саатта кан токтобосо дароо дарыгерге кайрылуу шарт. Тиш оорубаса да дарыгерлерге көрсөтүп туруш керек. Тиш бир күн ооруп, эртеси токтоп калса дарыгерге кайрылбай, кайдыгер карагандар бар. Бул туура эмес. Кош бойлуу аялдын тиштерин түйүлдүккө зыян келбей тургандай кылып дарыласа болот. Айымдар кош бойлуу болгонго чейин тиштерин дарылатып алганы оң. Болбосо бала төрөлүп, чоңойгонго чейин оорулуу тиши түшүп калышы мүмкүн.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache